Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Кыргызстан АКШ менен 1993-жылы кол коюшкан кызматташуу тууралуу келишимди бузду. Дээрлик чейрек кылым алакасы бар эки өлкө үчүн мунун кесепети кандай болот?

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университинин доценти, Борбор Азия боюнча изилдөөчү Эрика Марат "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Премьер-министр Темир Сариевдин 1993-жылкы келишимди токтоткон чечими эмнеден кабар берет?

Эрика Марат: 1993-жылкы келишимди токтотуу – чукул ойлонулган, куру эмоцияга жетеленген, ошол эле учурда маанилүү кадам болду. Бул жерде маселенин эки өңүтү бар.

Биринчиден, Кыргызстан ички саясатына АКШнын кийлигишүүсүн каалабайт. Бул эми түшүнүктүү. Экинчиден, президент Атамбаев, анын аппараты, өкмөтү күздө өтчү парламенттик шайлоого камынууда. Алар буга чейин болуп келгендей эле бул ирет дагы буроону бекемдетүүгө аракеттенип жатышат. Тактап айтканда, өлкө ичинде өз бийлигин, өз күчүн башка мамлекеттин жардамы менен көрсөткүсү келүүдө. Бул жерде сөз, албетте, Орусия жөнүндө болууда. Шайлоонун алдында президент Атамбаев Москванын моралдык, балким материалдык колдоосуна таянып жатат.

"Азаттык": Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы кырдаал эми кай тарапка өзгөрүшү мүмкүн? Кандай сценарийлер болушу ыктымал?

Эрика Марат: Бир нече сценарийди карасак болот. Процесс дагы тереңдеп, АКШны жек көргөн маанайдагы риторика күчөйт. Азыр Вашингтон кыргыз өкмөтүнүн бир жактуу чечимине кандай жооп берерин күтө туралы.

АКШ менен мамиле мындан ары дагы начарлашы мүмкүн – бул бир сценарий. Дагы бир сценарий болсо 2009-жылы президент Бакиев чоң өлкөлөр (Орусия, АКШ, Кытай) менен соодалашып, өзүнө пайдалуу келишим түзүүгө аракеттенген. Адегенде “Манастагы” америкалык базаны жабам деп, Москвадан чоң насыя алып, аны кайра калтырып койгон. Балким азыр дагы кыргыз бийликтери ошол эле ыкманы колдонуп, чоң өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болууну көздөөдө.

Мындай учурда кыргыз бийлиги өтө кылдат аракеттенет, адегенде АКШны чочутуп туруп, ийге келтирип алып, анан Орусия менен анча-мынча жерден макул болбой коюшу мүмкүн. Бирок мындай опурталдуу саясат канчалык натыйжалуу болоору күмөн. 2009-жылы андай саясат Бакиевди бийликте сактап кала алган жок.

"Азаттык": Эрика, Вашингтон Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырып, аны менен кыргыз бийликтеринин кыжырына тийип, акыр аягында укук коргоочуну саясий оюндун куралына айлантып салган жокпу?

Эрика Марат: Албетте, Азимжан Аскаров Кыргызстанда саясаттын, саясий кысымдын символу болуп калганы талашсыз. Эл аралык коомчулук, АКШ, Европа Биримдиги Аскаровдун маселесин көтөргөндө жеке ал жөнүндө эмес 2010-жылкы жаңжалдагы бардык кылмышкерлерди жоопко тарта албаган Кыргызстандын жалпы сот системасын ишара кылышат. Ооба, кыргыз соту тиешелүү адамдардын бардыгын тең жоопко тарта алган жок. Мына ошондуктан Азимжан Аскаров Кыргызстан дегенде "идеологиялык символ" болуп калган. Дагы бир жагынан алганда, Аскаров эл аралык коомчулуктун сыйлыгын биринчи жолу алып жаткан жери жок. Андыктан бул жолу кыргыз өкмөтү бул окуяны шайлоо алдында өз кызыкчылыгына жараша пайдаланды десек болот. Ал эми АКШ сыяктуу өлкөлөр Азимжан Аскаров менен гана байланбай, Кыргызстанда адилеттүү сот системасынын жоктугуна көңүл бурса дейм.

"Азаттык": Мына ушунун баары АКШ-Кыргызстан ортосунда мамиле өтө эле солгундап кеткенинин далилиби? Балким Кыргызстандын жалпы эле тышкы саясатынын олку-солку курсу эмеспи?

Эрика Марат: Кыргызстандын тышкы саясатын мындай элестетсек - Орусия, АКШ, Кытай жана башка тиешеси бар бардык күчтөр менен кээде кызматташып, кээде кызматташпай, айтор, максималдуу пайда көргүсү келген чакан өлкө. Бир туруп Кыргызстан бир өлкө менен алакасын күчөтүп, ошол эле маалда экинчи өлкө менен мамилесин токтотуп койот же тескерисинче саясат жүргүзгөнүн көрүп жүрөбүз.

"Азаттык": Демек, Кыргызстан бул жолу Москваны караса, эртең Вашингтонду, ыңгайы келсе Бээжинди карайт деген саясатпы?

Эрика Марат: Кеп ошондо болуп жатпайбы, Кыргызстандын тышкы саясатында так позициясы жок. Батышчыл, орусиячыл же дагы башка деп ажырата албайсың, болгону катышы бар бардык өлкөлөрдөн максималдуу пайда өндүрүп калуу керек. Тилекке каршы, бул мурдунан алысты көрбөгөн өтө опурталдуу, импульсивдүү жана эмоционалдуу саясат.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG