Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору февраль айында Жогорку Кеңеште экинчи окууга коюлат. Авторлор долбоор мамлекеттин коопсуздугун жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталганын жүйө кылышкан.

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин доценти, Борбор Азия боюнча изилдөөчү Эрика Марат "Азаттыктын" бул талаштуу мыйзам долбооруна байланыштуу суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Эрика, жаңы чакырылыштагы парламентте бул мыйзам долбоору өтөбү? Сиз эмнени күтөсүз?

Эрика Марат: Мыйзам долбоорун комитет колдойт болушу керек, ал эми жалпы парламент колдобойт деген ишеним бар. Жеке көз карашымда мыйзамдын өтүү ыктымалдуулугун 50-50% деп баалайт элем. Бир жагынан президент буга чейин ачык болбосо да моралдык колдоосун билдирген, Скрипкина сыяктуу депутаттар да ага каршы маанайда.

Эми комитеттин деңгээлинде кандай талкуу, талаш-тартыш болот, ошого байкоо салган кызыктуу. Азыркы парламентке кирген жарандык коомдун мурдагы өкүлдөрү бар, алар талкууну башка нукка буруп, мындай мыйзамдын зарылчылыгы жоктугун көтөрүп, дискуссия жигердүү болот деп ишенем. Бирок ошол эле маалда активдүү оппоненттерге карабастан мыйзам долбоорду колдоочулар да арбын экенин эстен чыгарбайлы.

"Азаттык": Эрика, өзүңүз билгендей мындай мыйзам Орусияда эки жыл мурун ишке кирген. Москва кыйыр түрдө болсо да Кыргызстанда ошондой мыйзамдын кабыл алынышына кызыкдар экенин көрсөтпөйбү?

Эрика Марат: Мен үчүн табышмак бойдон турган нерсе – мындай мыйзамды кабыл алгыла деп Кремль басым жасадыбы, жабык сүйлөшүү болдубу же кыргыз парламентарийлери өз демилгеси менен көтөрүп жатабы. Менин пикиримде, бул жогорудагы эки фактордун кошундусу болушу мүмкүн, бир жагынан Кремль Бишкекке моралдык басым жасаса, ошол эле маалда айрым депутаттар Мамлекеттик Думадагы орус коллегаларын карап, аларды туурашат. Анан демилгени өз колуна алып, Мамдумада болуп жаткан нерселерди көчүргүлөрү келет.

Андыктан сырттан басым жана ичтен да демилге болушу мүмкүн. Ал эми мыйзам долбоор жалпы талкууга чыгып, 120 депутат карай баштаганда, албетте, орусиялык медиа буга көңүл буруп, сөзсүз өз колдоосун билдирет.

"Азаттык": Жалпы коомчулуктун, анын ичинде диний уюмдардын реакциясы кандай болот деп ойлойсуз? Анткени мыйзам кабыл алынып калса, ал диний уюмдарга дагы таасирин тийгизет да. Алардын көбү чет элден каржылык жардам алары эч кимге деле жашыруун эмес, туурабы?

Эрика Марат: Диний чөйрө бийликке же депутаттарга каршы пикирин айтуудан айбыгат, бул жалпыга белгилүү. Мен башка нерсеге көңүл бурууга чакырат элем. Ооба, жарандык коомдун өкүлдөрү Батыштын, эл аралык донорлордун жардамын алууда. Ошол эле Жогорку Кеңеш, ошол эле өкмөт АКШнын, Европа Биримдигинин грантына, дотацияларына муктаж.

Эл аралык донорлор Жогорку Кеңештин, өкмөттүн структураларынын ишин уюштурууда бир топ каражат берген. Андыктан ким чет элдик агент экенин так аныктоо - татаал юридикалык суроо. Мындай карасак, эл аралык донорлордун акчасын жарандык коом менен катар эле мамлекеттик өкүлдөр дагы алат турбайбы.

"Азаттык": Эгер бул мыйзам ишке кирип калса, анда биринчи кезекте адам укуктарын коргоочу уюмдар, саясий, шайлоо процесстерине мониторинг жасаган, коррупцияга каршы иштеген бейөкмөт уюмдар бутага алынбайбы?

Эрика Марат: Биз Орусияда эмнени көрүп атабыз? Мыйзам Мамлекеттик Думанын ишине, шайлоого көз салган, коомдук ой-пикир менен иштеген бейөкмөт уюмдарга каршы колдонулууда. Башкача айтканда, эл аралык донорлордун акчасын алган бардык эле уюмдарга бул мыйзамдын кедергиси тийген жок. Ошол эле маалда эч кимден акча албаган уюмдарга каршы мыйзам колдонулган учурлар белгилүү.

Эгер мыйзам кабыл алынып калса, Кыргызстанда деле ошондой болот. Кыргыз бийликтери эл аралык гранттарды алган миңден ашуун бейөкмөт уюмдун баарын жаап салганга каруусу келбейт. Эгер ал кабыл алынып калса, анда конкреттүү бир уюмдарга, бийликти сындагандарга каршы колдонулат.

"Азаттык": Эрика, дагы бир суроо боюнча сиздин сырттан байкооңуз кызык. Президент Атамбаев тышкы саясаттын борборунда улуттук кызыкчылыктар турушу керектигин белгиледи. Кыргызстан бир вектордуу тышкы саясат жүргүзүүгө өттү деп сындалып келчү эле, эми бул эмнени билдирет?

Эрика Марат: Президент Атамбаевдин эми Кыргызстан өз кызыкчылыктарын коргоп, саясат жүргүзөт деген сөзүнүн төркүнү эмнеде экенин билүү кызыктуу. Ошол эле маалда буга чейин тышкы саясатта кандай кызыкчылыктарга артыкчылык берилгенин билгим келет. Бул Орусия менен кызматташуу такай эле үзүрүн бербейт, ал тургай тескери таасирин тийгизүүдө деген сын-кептерге президенттин риторикалык жообу болду окшойт.

Буга далил Орусиянын Нарын дарыясында ГЭСтерди куруу ниетинен баш тартканы, Евразия экономикалык биримдигиндеги сооданын кескин солгундаганын айтсак болот. Орусия, Казакстандагы экономикалык абалдан улам сомдун нарксызданып баратканы дагы Орусия менен жакындашууну колдогондорго караганда аны сындагандардын катмарын калыңдатты.

Ошол себептен президент Атамбаев Орусиянын спектринен эмес, өз кызыкчылыгыбызды алдыга коюп аракеттенбиз деп айтып, кырдаалды жумшартууга далалат жасады. Бирок ошол эле маалда президент улуттук кызыкчылык деген эмне экенин түшүндүрүп, мисал-аргументтерди, план-стратегиясы тууралуу эч нерсе айткан жок.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG