Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Оппозицияга театрлар эшигин жапты


Бишкектеги Опера жана балет театры
Бишкектеги Опера жана балет театры

Оппозиция бийликтин курултай өткөрүүгө имарат бербей койгону үчүн элди көчөгө алып чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

“Референдумга - жок" кыймылынын курултай өткөрүү суранычына Филармониянын, Опера жана балет театры менен Кожомкул атындагы спорт сарайынын жетекчилиги баш тарткан. Муну алар жыйындар залы алдын ала ээленип кеткени менен түшүндүрүштү. Саясий кыймыл мүчөлөрү курултайды ачык асман астында өткөрүүгө аргасыз экенин билдирди.

Бакиевден ашып түшкөн “саясат”

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийликтин демилгесине каршы чыккан оппозиция 8-октябрь күнү курултай чакырууну чечкен. Бирок “Референдумга - жок” кыймылынын курултай өткөрүү үчүн жай сураган кайрылуусун Улуттук филармониянын, Спорт сарайдын, Опера жана балет театрынын жетекчилиги четке какты.

Курултайды уюштуруу тобунун мүчөсү Равшан Жээнбеков бийликтен көрсөтмө түшкөндүктөн улам ар кандай шылтоолор болуп жатканын айтты:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Керек болсо, эң эле катаал делген Бакиев режиминин тушунда оппозиция жыйын өткөрүүнү сураганда Спорт сарайын же Филармонияны берген учурлар болгон. Биздин үч жума мурун жазган расмий кайрылуубузга кечээ жооп келип, бардыгы курултайга имарат берүүдөн болбогон шылтоолорду айтып, баш тартып жатат. Филармонияда ошол күнү кайсы бир адам тренинг өткөрөт имиш. Спорт сарайы менен Опера жана балет театры дагы ушинтип бербей койду. Айла кеткенде менчик ресторандарга кайрылсак, алар дагы коркконунан орун бербей жатышат. Азыр биз үчүн имарат табуу оор болуп турат. Эч жактан мүмкүнчүлүк болбосо, анда ачык асман астында курултай өткөрүүгө аргасыз болобуз.

“Залдар бош эмес”

“Референдумга - жок” кыймылы мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине 18 күн мурун кат менен кайрылып, 8-октябрда курултай өткөрүү үчүн залды үч саатка ижарага берүүнү суранган. Анда ижара акысы буга чейин алар белгилеген тартипте алдын ала төлөнө турганы көрсөтүлгөн.

Бийлик мына ушундай жол менен өзүнө каршы күчтөрдүн кыжырын келтирип, элди көчөгө чыкканга аргасыз кылууда. Курултай көчөдө өтүшү мүмкүн. Бул аябай туура эмес жол. Бийлик өткөндөн сабак албас болду.
Адахан Мадумаров

Бирок Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов концерттик зал жаңы жылга чейин ээленип кеткенин айтып, алакан жайды:

- Быйыл октябрь, ноябрь, декабрь ичинде бош күн жок. Бардык жакта ремонт жүрүп, бизге келип жатышат. Азыр мен эмне кыларымды билбей калдым. Бүгүн эле үч иш-чара болду. Ишенбесеңер көргүлө... Болбосо мен концерттик залды берет элем. Планды көрүп алып, ыңгайсыз болуп турам. Баары эле жыйындарын филармонияда өткөргүсү келет экен. Башка жакта деле болот да.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайы дагы оппозиция өкүлдөрүнө ошондой эле мүнөздөгү жооп узаткан. Ошол күнү кандайдыр бир спорттук иш-чара өтө турганын айткан жетекчилик оппозиция кайрылуусун канааттандыра албасын айтып, четке какты.

Ал эми Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов маданият очогунда саясий иш-чара өткөрүүгө жол берилбей турганын белгиледи:

Опера жана балет театрынын жетекчиси Болот Осмонов (оңдо)
Опера жана балет театрынын жетекчиси Болот Осмонов (оңдо)

- Театр – бул маданият очогу. Бишкекте биздикинен башка жай жок бекен? Башка жакта деле өткөрө беришпейби? Жыйындар залы бар имараттар толтура. Бирдеме болсо эле бизге келишет. Бул жерде опера жана балет болуш керек. Шаардыктар келип спектакль көрүп, эс алышы зарыл. Бизди саясатка аралаштырбагыла. Бул саясий иш-чара өткөрө турган жай эмес. Президент быйыл жазында келип, ремонтко акча бөлүп жатса, биз бул жайды аларга кантип бермек элек?

Курултайды көчө митингдери алмаштырабы?

Бишкек шаарынын мэриясынан оппозиция курултай өткөрүү үчүн жай сураганынан беймаалым экенин айтышты. Маданият министрлигинин өкүлдөрү ар бир мекеме имаратты ижарга берүүнү өз алдынча чечерин белгилешти.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров бийлик мындай мамилеси менен элди көчөгө чыкканга түртүп жатат деп айыптады:

- Бизде радикалдык кандайдыр бир кадамдар болбойт. Биз 700-800 адам чогулуп, каякка баратабыз деген темада эле талкуу кылып, маданияттуу түрдө жыйынга чогулуп, кайра таркап кетет элек. Ошого бийлик бир жайлуу имаратта курултай өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берсе, андан зыян тартпайт эле. Бул жерде үч имаратты сурасак, үчөө тең сүйлөшүп алгандай болуп, баш тартышканы эле эмнени каңкуулап турат? Бийлик мына ушундай жол менен өзүнө каршы күчтөрдүн кыжырын келтирип, элди көчөгө чыкканга аргасыз кылууда. Курултай көчөдө өтүшү мүмкүн. Бийлик мына ушундай жагдайга өбөлгө түздү. Бул аябай туура эмес жол. Бийлик өткөндөн сабак албас болду.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин демилгесине оппозициялык күчтөр жана жарандык коом өкүлдөрү каршы чыгып, референдумду өткөрүүгө каршы кол топтой баштаган. Буга байланыштуу оппозициялык күчтөр “Референдумга - жок” саясий кыймылына бириге баштады.

XS
SM
MD
LG