Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Мухаммед пайгамбардын Кыргызстандагы урпагы


90 жашка чыккан Саидбурхан аксакал, анын күйөө баласы Дилмурод жана небереси Султанкожо
90 жашка чыккан Саидбурхан аксакал, анын күйөө баласы Дилмурод жана небереси Султанкожо

Кыргызстанда өздөрүн Мухаммед пайгамбардын урук-тукумунанбыз, пайгамбардан тараганбыз деген уруулар бар. Сейиттер, кожолор жана төрөлөр деген ат менен таанымал бул улуттун мүчөлөрү өзгөчө түштүк тарапта көп экендиги айтылып келет.

Кабарчыбыз Ош шаарында жашаган жана өздөрүнүн санжырасын Мухаммед пайгамбардын кызы Фатимага алып барып такаган үй-бүлө менен маектешип, 17-кылымдан бери сакталып келген санжыра булактары менен таанышып келди.

90 жашка чыккан Саидбурхан Саидазимов аксакал, анын күйөө баласы Дилмурод Хамидов жана небереси Султанкожо өз урук-тукумунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Кожолор деген кимдер?

"Азаттык": Саидбурхан аксакал, айтсаңыз, “сейиттер”, “кожолор” дегендер кимдер өзү?

Саидбуржан Саидазимов: Пайгамбардан тарап Орто Азияда жайгашып калган эл кожолор деп аталат. Мухаммед пайгамбардын кызы Фатиманын Хасан жана Хусейин деген уулдары болгон. Алардан таркагандар негизинен "Ахлу Байт" деген ат менен таанымал. Алар башка мусулмандардай эле исламды жайуу максатында дүйнө жүзүнө таркап кеткен. Алардын кээ бирлери, тагыраак айтканда, биздин ата-бабаларыбыз ушул аймакка келип жайгашып калышкан. Алар динди жакшы билишкендиктен жана мусулмандарды башкарышкандыктан кожоюн жана мырза деген маанидеги “кожо” жана “сейит” деген аттар менен таанылышкан. Динди эл ошол кожолордон, сейиттерден үйрөнүшкөн.

"Азаттык": Эл сиздерди сейит, кожо, башкача айтканда, пайгамбардын тукуму катары тааныйбы?

Кожолордун санжырасы жазылган китеп
Кожолордун санжырасы жазылган китеп

Саидбуржан Саидазимов: Тааныганы тааныйт. Көбүнесе эски муундун кишилери тааныйт. Булар кожолордон, ак сөөктөр деп тааныйт. Бирок азыр көпчүлүк жаштар тааныбайт, бул эмне экенин билбейт. Мурда эл кожолорду пайгамбардын балдары деп урматташат эле. Колдорунан келген жардамды беришет эле.

"Азаттык": Балдарыңыздарды, кыздарыңыздарды үйлөнтүп жатканда сейиттерге үйлөнткөнгө, кайра эле кожолорго турмушка бергенге аракет кыласыздарбы?

Булардын арасында төрөлөр, сейиттер жана кожолор бар. Алардын ата-бабасы чындап эле пайгамбарга барып такалышы мүмкүн. Бирок, кээ бирлеринин ата-бабасы бул жерге келип жайгашып калган пайгамбардын жан-жөкөрлөрү, сахаба да болушу толук мүмкүн.
Бахтиёр Умаров

Дилмурод Хамидов: Биз бөтөн бирөөгө кыз бербейбиз. Кожо болсо гана беребиз. Бирок сырттан кыз алабыз. Келин алып жатканда оор эмес. Эң негизгиси, кыздарыбызды бөтөн элге бербейбиз. Мына мен өзүмдүн кызымды сыртка берген жокмун. Өзүмдүн бир тууган эжемдин баласына эле бердим. Бул эреже мурдатан бери калыптанып калган. Эң өкүнүчтүүсү, акыркы учурда башка кожолор кыздарын кожо эместерге берип жатышат.

"Азаттык": Башка кожолор дегендер кимдер? Кожобуз дегендер көпбү?

Дилмурод Хамидов: Кожолор көп да. Мына ушул биз жашаган Боболашкарда, Кайратта, Жалал-Абадда, Ноокатта, Өзбекстандын Фергана областында бар. Аларды кожо катары кабыл кылабыз. Алардын аттарындагы жана фамилияларындагы “кожо”, “сейит” деген сөздөр өздөрү эле айтып турат аларды кожо экенин. Мисалы Осмонходжаев, Кожониязов дегендер кожолордун урпактары да. Аларды өзүбүзгө тууган катары эсептейбиз. Бардыгы пайгамбардын небереси Хасандан тараганбыз.

"Азаттык": Өзүңүздөрдүн улутуңуздарды ким деп эсептейсиздер? Өзбек деп эсептейсиздерби өзүңүздөрдү же араппыз дейсиздерби?

Дилмурод Хамидов: Биз өзүбүздү кожолорбуз, сейиттерденбиз деп эсептейбиз. Бирок паспортубузда өзбек деп жазылып калган. Бул маалада 10-15 пайыз өзбектер болсо, башкасынын баары кожолор болуп эсептелинет.

"Азаттык": Өзүңүздөрдүн санжыраңыздар да бар турбайбы? Бул санжыра жазылган кагаз кимден калган сизге?

Султанкожо санжыраны көрсөтүүдө
Султанкожо санжыраны көрсөтүүдө

Дилмурод Хамидов: Бул санжыра атаман, атама анын атасынан калган. Ушинтип сактап келе жатабыз. Өзү бул кагазды көрүнгөнгө эле көрсөтө бербейбиз. Бул жерде пайгамбарыбыздын аталары Исмаил пайгамбарга чейин жазылган. Жарымына чейин арапча, калганы перс тилинде жазылган. Жарымынан баштап биздин санжыра жазылган. Кимдин канча баласы болгону, анын балдарынан кимдер тараганы, аты-жөнүнөн бери жазылган. Санжыранын аягында мөөрлөр бар. Алар жогорудагы кишилер чындап эле ушул уруудан экендигин, ар бир киши жөнүндө жазылган маалыматтын туура экенин тастыктоо үчүн басылган. Чынын айтсам, бул мөөрлөр кимдики экенин жакшы билбейм. Себеби, бул санжыра 1675-жылга таандык. Эми бул санжыра балама, анан небереме калат. Ошентип кийинки балдарыбызга өтөт.

"Кожолор мурда улут болгон"

Санжырасын Мухаммед пайгамбардын кызы Фатимага алып барып такаган сейиттер жана кожолор ким деген суроону Ош шаарындагы тарыхчы Бахтиёр Умаровго узаттык.

"Азаттык": Бахтияр мырза, жогоруда кожолордун өздөрү жөнүндө пикирин уктук. Эми сиз бизге илимпоз катары бул эл тууралуу маалымат берсеңиз. Эмне үчүн булар сейит, кожо деп аталып калган?

Бахтиёр Умаров: Сейит жана кожо деген сөздөр​ мырза, кожоюн, ак сөөк деген маанини билдирет. Араптар исламды жайуу үчүн ушул аймакка келген учурда жергиликтүү эл сабатсыз жана карапайым болгон. Араптар бул жерде элге жаңы динди жана жаңы маданиятты үйрөтүп бул жердин интеллигенциясы болушкан. Ошондуктан сыйлуу адамдар катары аларды сейиттер жана кожолор деп атап коюшкан.

"Азаттык": Чындап эле булар пайгамбардын урпактарыбы?

Бахтиёр Умаров
Бахтиёр Умаров

Бахтиёр Умаров: Булардын арасында төрөлөр, сейиттер жана кожолор бар. Алардын ата-бабасы чындап эле пайгамбарга барып такалышы мүмкүн. Бирок, кээ бирлеринин ата-бабасы бул жерге келип жайгашып калган пайгамбардын жан-жөкөрлөрү, сахабалары да болушу толук мүмкүн.

"Азаттык": Булар өздөрүн өз алдынча улут катары эсептешерин айтууда.

Бахтиёр Умаров: Орус падышачылыгы бул аймакка басып киргенге чейин бул эл өз алдынча улут катары эсептелинген. Кийинчерээк совет бийлиги бул аймакта жайылгандан кийин булар улут катары эсептелбей калган. Себеби булар бай, мартабалуу жана динчил адамдар болгондуктан, бай-манаптарга жана динчилдерге каршы саясат жүргүзгөн совет бийлиги учурунда кысымга дуушар болушкан. Натыйжада кожолор өз алдынча улут катары калыптана албай, ар түрдүү улуттардын ичинде калып кетишкен. Ошондуктан кожолор кыргыздардын, өзбектердин, тажиктердин, уйгурлардын, керек болсо түркмөндөрдүн арасында да бар. Ошондуктан ар түрдүү улуттун ичинде Каракожоев, Ташкожоев, Мусакожоев, Саидкожоев сыяктуу фамилияларды учуратууга болот.

"Азаттык": Кожолор жөнүндө илимий изилдөөлөр барбы?

Бахтиёр Умаров: Чынын айтсам, булар жөнүндө атайын изилдөөлөрдү учуратпадым. Изилдене элек деп айтсак болот. Бул теманы изилдеш үчүн мамлекеттик архивдерди караш керек. Архивдерде орус падышачылыгы мезгилиндеги документтер бар. Ошол материалдардан бул аймакта кимдер жашагандыгы жөнүндө маалымат табууга болот. Кожолордун өздөрүнүн колдорунда да материалдар бар. Бирок алар аябай аз. Сталин убагындагы репрессия сыяктуу учурларда өрттөлүп жок кылынган же болбосо жерге көмүлүп араң сакталып калган.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG