Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Европалык сот паранжыга тыюу салган мыйзамды колдоду


Пакистан. 2013-жыл.
Пакистан. 2013-жыл.

Адам укуктары боюнча европалык сот Францияда паранжы, же никаб жамынып жүрүүгө тыюу салган чечимди мыйзамдуу деп тапты. Шейшембиде Страсбургда чыгарылган бул чечим Батыш коомундагы талаш-тартыштарды күчөтөөрү шексиз.

Францияда мусулман аялдардын бетти жаап-жашырган паранжы, же никаб кийүүсүнө тыюу салган мыйзам үч жыл мурун кабыл алынган. Ал мыйзамды бузгандар 150 евро өлчөмүндө айыппул төлөшү керек.

Страсбургдагы европалык сот Франциянын мыйзамдары паранжы, же никабга диний кийим-кечек катары тыюу салган жок, алар адамдын жүзүн жаап-жашырууга каршы колдонулган кадам, документ адам укуктары боюнча Европа келишимдерин бузбайт деп тапты. Францияда бул мыйзамдын айынан бир далай демонстрация-митингдер өткөн. Аягында франциялык 24 жаштагы жаш аял “өкмөт менин диний ишенимиме жараша кийинип жүрүшүмө тыюу салып, укугумду бузуп жатат” деген арызын Страсбургдагы сотко жолдогон.

Шейшембиде соттун имараты астында чогулган жаш мусулман айымдардын бири: "Мусулман аялдар Францияда, дегеле Европада азчылыкты түзөт. Ошентсе да, алар ар дайым бутага алынууда. Францияда канча мусулман аял паранжы жамынып жүргөнүн көрдүңүз? Андайлар аз эле. Бирок алардын кийим-кечеги күн сайын талкууланып келатат. Бул демократиянын табиятына төп келбеген көрүнүш", - деди ачуулана журналисттерге интервью берип жатып.

Франциядагы мусулман кыз-келиндердин никаб, же паранжы чүмкөнүп жүрүшүнө тыюу салынганы башка Батыш өлкөлөрүндө да кызуу талкуу жаратпай койгон жок. Америкада Хеба Ахмед аттуу мусулман блогер айым “Андайга Америкада жол берилбейт” аттуу кыймыл да түзүп алган.

- Менимче, бул таптакыр туура эмес көрүнүш. Кайра эле эркектер аялдарга кандай кийинип жүрүү керектигин, кандай жашоо керектигин үйрөтүп көзөмөлдөгүсү келип атпайбы. Ал аз келгенсип, эми өкмөт баш болуп аялдардын кийимине кийлигишип, мыйзамдаштырып атканы – бул демократиялык коомдун негизи болгон адам укуктарын одоно бузууга барабар. "Никабды исламда аялдарга таңуулап кийгизишет" деген ой туура эмес. Мен химиялык инженерияны окуган жогорку билимдүү адаммын. Эмнени кийем, кандай жашайм – баарын жеке өзүм чечем. Менин кийимим, же диний ибадаттарды кандай чечмелегеним бирөөнө жакпаса, ал мага каршы мыйзам чыгарганы – бул диний ишеним эркиндигине кол салуу.

Европада бети-башын көргөзбөй паранжыга чүмкөгөн мусулман аялдар азыраак, көбү жергиликтүү каада-салтты кабыл алып, кадимкидей батыштык стилдеги кийимге өтүшкөн. Ошондой айымдардын бири, Страсбургда жашап-иштеген Аиша Салмандын пикири:

- Мен никабды жактырбайм. Мусулман аял катары бети-башыңды чүмкөп жаап жүргөнүң бул сени эч бир укугуң жок, өз алдыңча бирдеме кылууга укугу жок адамдай көргөзөт деп ишенем. Бул идеология мусулман аялдардын бардык укуктарынын жок болушуна алып келет. Менимче, мындайга бардык өлкөлөрдө тыюу салынышы керек. Адамдар бири-бири менен сүйлөшкөндө, таанышканда адамдын жүзү ачык болушу керек, ортодо ишенич орнотууда бул абдан маанилүү.

Азырынча Франциядан кийин никаб, же паранжы жамынып жүрүүгө Бельгияда да тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG