Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Ассанж саясий башпаанек издөөдө


Чуулгандуу WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж саясий башпаанек сурап, Эквадордун Улуу Британиядагы элчилигинде отурат. Анын Латын Америкадагы бул өлкөнү тандоосунун жүйөөсү эмнеде?

Улуу Британиянын Жогорку сотунун бир апта мурдагы чечиминен кийин Швецияга экстрадициялануусу керек болгон Ассанж азыр “дипломатиялык жана полиция жете албай тургандай аймакта” экендигин кечээ британ тышкы иштер министрлиги ырастады.

Ал эми Эквадордун тышкы иштер министри Рикардо Патино WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсүнүн саясий башпаанек сураган өтүнүчү учурда иликтенип жатканын билдирди:

- Эквадордун өкмөтү Жулианж Ассанждын өтүнүчүн иликтөөдө. Ага карата кандай чечим кабыл алынбасын бул эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына, ошондой эле Эквадордун адам укуктарына сезимтал мамиле жасаган салттуу саясатына ылайык болот.

Британиянын Жогорку соту Ассанждын соңку аппеляциялык арызын 14-июнда четке каккан эле. Ассанж болсо Эквадордун Лондондогу элчилигине ушул шейшембиде кирип барган.

Лондон полициясынын ырастоосунда, ал мындай кадамы менен үй камагында отуруунун шартын бузду.

Швецияда сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарга барган деп айыпталган Ассанж 2010-жылдын декабрында Британияда камалып, көп өтпөй 400 миң долларга жакын күрөө менен үй камагына чыгарылган.

Швед тарап таккан айыптын саясий жүйөөсү бар деп ырастаган Ассанж мурдараак эгер бул өлкөгө экстрадицияланса, ал жактан АКШга өткөрүлүп, кокус айыптуу деп табылса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүндүгүн айткан.

Швецияда андан сексуалдык ыдык көрдүк деген эки аялдын адвокаты Клаас Боргстром Ассанж акыр аягында камакка алынарына ишенет:

- Мага Ассанж Эквадордон саясий башпаанек сурап жатканы күтүүсүз болду. Муну алдын ала эч ким боолгогон эмес. Өз кардарларым үчүн өкүнүп жатам. Иш жабылуусу үчүн алар дагы күтүүсү керек. Эгер башпаанек берилсе, андан кийин ал эмне кыла алат? Учурда элчиликте отургандыктан улам Британиянын полициясы жетпей турат. Элчиликтен чыгаар замат камалат деп ойлойм.

Эмне үчүн Эквадор?

Австралиянын жараны Ассанж эл аралык коомчулукка 2010-жылы, WikiLeaks сайты АКШнын миңдеген жашыруун дипломатиялык документтерин, кат-кабарларын жарыялап жибергенден кийин таанымал болгон.

Ал башпаанек сурап эмне үчүн башка мамлекетке эмес, Эквадорго кайрылды деген суроо жаралбай койбойт.

Америкалык Washington Post жана Wall Street Journal басылмаларынын жазганына караганда, Эквадор - WikiLeaks шардана кылган документтерге катаал реакция кылган өлкөлөрдүн бири.

Рафаэл Корреа
Рафаэл Корреа
Полициясындагы коррупция жана аны президент Рафаэл Корреа билери баяндалган документтер WikiLeaks аркылуу жарыкка чыгып кеткенден кийин Эквадор АКШ элчиси Хезер Ходжести өлкөдөн чыгарып жиберген. Буга жооп кылып АКШ да Эквадор элчисин кетирген.

Washington Post гезити белгилегендей, Эквадор президенти Рафаэл Корреа Латын Америкасынын Вашингтонго каршы өкмөттөрү, анын ичинде Венесуэла президенти Уго Чавес менен тыгыз алакада.

Ассанж мекениндеги басма сөзгө катаал мамиле жасаган, саясатын сындаган журналисттерди түрмөгө салуудан кайра тартпаган президент Корреа менен жеке мамиле курууга жетишкендей.

Ал Эквадордун лидери менен эки айча мурда Орусиянын англис тилиндеги Russia Today телеканалындагы программасында жылуу маектешкен.

Эквадор президенти Ассанжга саясий башпаанек берилиши мүмкүндүгүн өзүнүн башка интервьюларынын биринде жокко чыгарган эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG