Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:33

Рига: ЕБ каалоочуларга эшик ачары арсар


Германиянын канцлери Ангела Меркел (оңдо) Украинанын президенти Петро Порошенко менен сүйлөшүүдө. Рига. 22-май 2015
Германиянын канцлери Ангела Меркел (оңдо) Украинанын президенти Петро Порошенко менен сүйлөшүүдө. Рига. 22-май 2015

Рига шаарында Евробиримдиктин Чыгыш өнөктөштүгү саммити өтүүдө. Бүгүн аяктачу жыйында кабыл алынчу Корутунду декларация жана Украина менен Грузияга эркин виза берүүнүн келечеги чоң талкуу жаратчудай.

Ригадагы саясий жыйынга Европа биримдигине мүчө 28 мамлекет жана Биримдиктин Чыгыш өнөктөшү макамы бар Грузия, Молдова, Украина, Беларус, Армения, Азербайжан катышууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун атайын кабарчысынын маалымдашынча, бүгүн кабыл алынчу Жыйынтыктоочу декларациянын текстине “Кызыкдар өнөктөштөрдүн европалык умтулууларын жана европалык тандоосун тааныйбыз” деген кенен мазмундуу сүйлөм киргизилсе, үч өлкө: Грузия, Молдова, Украина үчүн чоң ийгилик болот.

Берегидей маанидеги сүйлөм Чыгыш өнөктөштүгүнүн 2013-жылкы саммитинде макулдашылган. Бирок бул жолу Евробиримдиктин Германия жана Франция сыяктуу дөө-шаалары аны декларацияда жарыялоого көнбөй коюшу ыктымал. Анткени Германия канцлери Ангела Меркел 21-майда жыйында сүйлөп, өнөктөштүк Биримдиктин кеңейүү механизми эмес экенин баса белгиледи:

- Чыгыш өнөктөштүгү Евробиримдиктин кеңейүү инструменти эмес, ал Евробиримдик менен жакындашуунун инструменти.

Бирок Литванын президенти Далия Грибаускайте 22-майда журналисттер алдында сүйлөп, Евробиримдиктин мүчөлөрү Чыгыш кызматташтыгына кирген өлкөлөрдүн Биримдикке кошулуу дымагын колдой турганын айтты:

- Корутунду декларацияда биз алардын умтулуусун тааныйбыз. Биз Европа биримдиги менен терең интеграцияга барууга даяр бардык Чыгыш өнөктөштөрүбүздүн далалатын колдойбуз. Албетте реформаларды жүргүзүп, европалык болууну каалаган өлкөлөрдү биз колдойбуз.

Украина, Грузия, өзгөчө коюнунда Москвага ык туткан жикчил Приднестровье региону бар Молдова Евробиримдик менен экономикалык алыш-беришти тереңдетип, уюмга толук укуктуу мүчө болууга дилгир.

Армения жана Беларус Орусиянын жетегиндеги Евразия экономикалык союзуна киришкендиктен Евробиримдик менен мамилелери чамалуу эле.

Азербайжанда адам укуктары жана сөз эркиндигинин чектелүүсү Батыш демократиясы тарабынан такай сындалгандыктан өлкө жетекчилигинде Евробиримдик менен жигердүү кызматташуу ыкласы жокко эсе.

Украина жана Грузиянын 2016-жылы Евробиримдиктин Шенген мейкиндигине кошулсак дегенде “эки көзү төрт”. Ошон үчүн Биримдик Ригадагы жыйында виза режимин алар үчүн либералдаштырууга макулдук берет деген үмүттөрү чоң. Ага карабай, Финалдык декларацияда 2015-жылдын аягында бул эки өлкөдөгү оң жылыштарды карап көрүп, анан чечим кабыл алынат деп жазылат кейпи. Себеби, Биримдиктин коңшулаштык саясаты жана чоңойуу боюнча комиссары Иоаханес Хан быйыл виза режими боюнча кандайдыр бир убада берилбесин 22-майда ачык эле эскертти:

- Эгер Украина жана Грузия зарыл талаптарды аткарышса, бул жакынкы келечекте мүмкүн. Еврокомиссия жыл соңунда позитивдүү рапорт жасай алары күмөндүү.

Ушу тапта Чыгыш өнөктөштүгү демилгесине кирген алты мамлекеттин ичинен жалгыз гана Молдованын жарандары Шенген зонасына эркин каттай алышат. Азыр Шенген келишимине 26 өлкө кирет.

Латвиянын борборундагы саммит Чыгыш өнөктөштүгүнө мүчө өлкөлөр Украинадагы кризиси боюнча ар башка позицияда экенин 21-майдагы талкуу көрсөттү. Армения жана Беларус Корутунду декларацияга Орусиянын Крымды аннексиялап алуусун “мыйзамсыз” деген жазууну өткөрбөй койгонго катуу далалат жасашты.

Чыгыш өнөктөштүгүнүн эмки жыйыны 2017-жылы болот.

XS
SM
MD
LG