Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

ТҮРКМӨН ЛИДЕРИ ЕВРОБИРИМДИККЕ ЭЧ КАНДАЙ УБАДА БЕРГЕН ЖОК


Брюсселге эки күндүк ырасмий визит менен келген Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду Евробримдиктин жетекчилиги чоң сыпаачылыктар менен күтүп алышты. Биримдиктин ырасмий адамдарынын “Азаттыктын” кабарчысына айтышынча, түркмөн лидери болочокто өлкөнү авторитардык башкаруудан демократияны көздөй бурса, Брюссель өз ара тыкыс кызматташып, Түркмөнстанга жардам берүүгө даяр. Евробримдик мындай жолду түркмөн газына чыгуунун ишеимдүү жолу катары көрөт сыяктуу.

Гурбангулы Бердымухаммедов мурдакы президент Ниязовдон айрымаланып Түркмөнстанды тышкы дүйнөгө кенен ачуу саясатын жүргүзүүдө. Ал социалдык жана билим берүү тармагында айрым реформаларды жасады жана Евробримдик дагы башка эларалык уюмдар менен өлкөдөгү адам укугунун абалын талкуулоодон качпоочудай болууда. Анын мындай кадамдарын Евробримдик колдогонун уюмдун тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро- Вальднер 5- ноябрда түркмөн лидери менен кездешкенде билдирди.
-Комиссар Ферреро- Вальднер өлкөдө дагы көп иштер жасалышы керек экенин жана Түркмөнстанда көп иштер жасалганын, Евробримдикке жол кенен экенин жана келечкте бизден чоң жардам болорун ачык айтты,-деди Еврокомиссиянын өкүлү Кристина Хоманн айым.

ЕБнын ырасмий адамдарынын айтымында, жакында түркмөн лидеринин 11 абийир туткунуна, анын ичинде өлкөнүн мурдакы муфтийине эркиндик берүүсүн жана Акыйкатчы институтун ачуусун Евробримдик өтө жогору баалады. Анткен менен, Еврокомиссиянын атын атабоону өтүнгөн чиновнигинин сөзүнчө, Бердымухаммедов Ферреро- Вальднер айым менен болгон кездешүүдө “эч кандай убада” берген эмес.

Түркмөн лидери 5- ноябрда Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэль Барросо, отун энергия комиссары Андрис Пибалгс, соода комиссары Петер Мендельсон менен да жолугушту. Эми НАТОнун башкатчысы Скеффер жана биримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана менен кездешет. Алдыдагы сүйлөшүүдө Ооганстандан апийимди аткезчилик жолдор менен ташууга каршы күрөшүү маселеси да талкууланат сымалы.

Евробиримдик үчүн баарынан да президент Бердымухаммедовдун транскаспий долбоорун колдогону маанилүү. Эгерде түркмөн лидери транскаспий кууруна газ берүүгө кепил өтсө, отун энергиясына муктаж Евробримдик долбоорду каржылоого даяр.

Брюсселде Түркмөнстан Евробиримдикке дарбазаны акырындап ачат деген үмүттө. Андыктан Брюссель Ашхабад менен байланышты үзбөй кармап туруунун жолдорун издөөдө. Кристина Хоманндын билдиришинче, 2008- 2009-жылдары 40 түркмөн окумуштуусу “Тempus” жана “Erasmus Mundus” программалары боюнча Евробиримдиктин университеттеринде иштеп, билимин өркүндөтүп кетишет.

XS
SM
MD
LG