Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

"Евровидениенин" жаңы жүзү


Кончита Вюрст “Rise Like a Phoenix” аттуу чыгармасын аткарууда.
Кончита Вюрст “Rise Like a Phoenix” аттуу чыгармасын аткарууда.

Копенгаген шаарында “Евровидение-2014” сынагында алдыга чыккан австриялык ырчы Кончита Вюрсттун жеңиши коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Rise Like a Phoenix аттуу чыгармасы менен австриялык ырчы 290 балл менен ”Евровидение-2014” сынагынын жеңүүчүсү аталды. Европалык ырчылар катышкан юбилейлик 60-сынак эмки жылы Австрияда өтөт. Сахнада Кончита Вюрст деген ысым менен таанымал Томас Нойврит өз атаандаштарынан чоң ажырым менен алдыга озуп чыкты.

Бирок австриялык ырчынын жеңиши Орусияда, Арменияда жана Беларуста катуу нааразылык жаратты. Өзгөчө жүрүм-туруму бар Кончита жеңишке жеткенден кийин көзүнө жаш алып, сүйүнүчүн жашыра албай:

- Менин кыялым орундалды. Биздин коом, европалыктар мени тандап келечекке, алдыга карай кадам таштады деп ойлойм. Мен өтө ыраазымын. Бул жалгыз эле менин эмес, басмырлоосуз келечекке ишенгендердин жалпы жеңиши болду, - деди.

Австрия 49 жылдан кийин бул ыр сынакта кайрадан жеңишке жетти. Европалыктар бири-бирине куттуктоо жөнөтүп жатса, Орусиянын маанайы пас тартып турду.

- 50 жылдай мурда орус армиясы Австрияны басып турган эле. Биз ошол бойдон кетпей турсак болмок экен. Бул Европанын жашоосу аяктаганын билдирет. Бул жапайычылык, – деди Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновский.

Орусия “Евровидение” сынагына 1994-жылдан тарта катыша баштаган. Андан бери сынакка келгендердин ар түрдүү өзгөчөлүктөрүн кадимки көрүнүштөй кабыл алып келген. Бирок быйыл Украинадагы окуяларга жана Крымды өзүнө кошуп алуусуна байланыштуу Москванын Батыш Европа менен мамилеси сууп турат. Анын таасири “Евровидение” сынагына кыйыр болсо да тийди.

Орусиядан барган эже-сиңди Толмачевалар “Shine” деп аталган ырды аткарып, “дүйнөнү сүйүүгө чакырганына” карабастан, татына назик кыздар жетинчи орунду ээлешти. Алар украиналык Мария Яремчуктан бир тепкичке артта калышты.

Сынактын жүрүшүндө добуш берүүдө Орусиянын аты чыккан сайын аудитория жактырбаган ышкырык-сүрөөн менен коштоп турду. Көптөр Орусиянын Украинага жасаган мамилесине жана кумсаларга каршы позициясына протест билдирип жатышты.

Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин өткөн жекшембиде Румыния ал түшкөн учакты өз аба мейкиндигинен өткөрбөй койгону үчүн румындарды “жардырып салам” деп коркутуп атып, твиттерде “сакалчан аялдын жеңиши Европанын келечегинин бүткөнү” деп сындады.

Орусиянын маданият министри Владимир Мединский өз балдары быйылкы “Евровидениени” көргөнүн кеч билип калып, катуу иренжип капа болгонун билдирди.

Би-Би-Синин комментатору Стив Розенберг “добуштар калыс саналса дагы орус телеканалдары көпкө талкуулары" турган иш экенин айтат.

Орус блоггерлери дагы ар кандай көз караштарды жазып жатышат. “Биздин эгиз кыздарга жан тартып, өзүмдү жаман сезип турам. Албетте, алардын ыры дагы, үн дагы сонун. Бирок таң калыштуу кыз теке ырчы жеңди”, - деп жазат блоггер Ульяна Гринина.

Севастополдон чыккан орусиячыл блоггер өз баракчасында экс-премьер Юлия Тимошенконун чачы өрүлгөн сүрөтүнө сакал тартып, “Украина - Европа!” деп шакаба чекти.

“Евровидениеге” барган орус делегациясынын продюссери, таанымал ырчы Филипп Киркоров орус телеканалына “сакалчан кыз текенин жеңиши - Орусияга каршы көз караштын белгиси болушу мүмкүн” деп жоромолдоп, “балким биз өзгөчө сексуалдык жүрүм-туруму барларга мынчалык каршы болбошубуз зарылдыр”, - деп кыйытты.

2003-жылы бул сынакка Орусияда ал кезде “лесбиян” түгөй деп кабылданган “Тату” тобу катышып, үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми быйыл Сочиде өткөн кышкы олимпиада оюндарында Орусиянын улуттук командасы “Бизди эч ким кууп жетпейт” деген дал ошол “Тату” аткарган популярдуу ырдын коштоосунда чыкты.

“Евровидение” сынагы 1956-жылы биринчи жолу өтүп, анда болгону Батыш Европанын жети өлкөсү катышкан. 1992-жылдан тарта дүйнөнүн саясий картасынын өзгөрүшү менен ыр сынактын масштабы кеңейген. Учурда кайсы бир деңгээлде саясий боёк тартылган сынакка 46 өлкө катышып жүрөт.
XS
SM
MD
LG