Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Еврокомиссия "Газпромду" доого жыгууда


Орусия -- Өрт өчүргүчтөр "Газпром-запад" компаниясынын кеңсесиндеги өрттү өчүрүүдө. Санк-Петербург, 30-август, 2012.
Орусия -- Өрт өчүргүчтөр "Газпром-запад" компаниясынын кеңсесиндеги өрттү өчүрүүдө. Санк-Петербург, 30-август, 2012.

Еврокомиссия жарым өкмөттүк Орусиянын “Газпром” компаниясынын Ортолук жана Чыгыш Европадагы ишмердигин иликтей баштады.

Орусиялык чоң компания экс-коммунисттик мамлекеттердин рыногундагы үстөмдүгүнөн пайдаланып, алардын газ рыногунда атаандаштыкка жол берген эмес деп шектелүүдө. Эгер айыбы ырасталса, “Газпром” миллиарддаган доллар жазана төлөгөнгө мажбур болот жана мурдагы келишимдер кайра түзүлөт. Иликтөөнү баштоого Литванын арызы негиз болду. “Газпром” азырынча расмий билдирүү жасай элек.

"Газпромго" эмне айып тагылууда?

Еврокомиссиянын маалымдашынча, “Газпром” үч жол менен атаандыштыкты бузган болушу этимал. Биринчиден, эки жактуу келишимдин негизинде ашыкча газды үчүнчү керектөөчүлөргө сатканга чектөө койгон. Экинчиден, Евробиримдиктин газ рыногуна башка компаниялардын киришин татаалданткан же газ рыногун диверцификациялоого жол бербеген. Үчүнчүдөн, газдын баасын мунайдын баасына байлап коюп, кардарларга кымбат наркта саткан болушу ыктымал.

Еврокомиссиянын атаандаштык боюнча өкүлү Антони Колумбани былтыр башталган алдын ала иликтөө расмий инспекция жүргүзгөнгө жетерлик маалыматты чогултканын айтып, 4-сентябрда “Азаттыкка” мындай деди:

- “Газпромдун” бул рыноктогу үстөмдүгүн натуура пайдалануусу мүмкүн экенин аныктоо үчүн Еврокомиссия тийиштүү иликтөөнү баштады.

Иликтөө Евробиримдикке 2004-жылдан кийин кошулган сегиз өлкөдө: Болгария, Венгрия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Словакия жана Чехияда жүргүзүлөт. Текшерүүнүн натыйжасына жараша балким башка өлкөлөрдө да инспекция болот.

Былтыр сентябрда Германия, Польша, Австрия жана башка өлкөлөрдөгү “Газпром” менен жарнакташ фирмалардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн эле.

“Газпром” компаниясы The Wall Street Journal гезитинин жазышынча, Евробиримдикти 36 процентке газ менен камсыздайт. Ал эми Венгрия көгүлтүр отундун 83 процентин, Польша 82, Чехия 69 процентин “Газпромдон” алат.

Орусиялык компания кээ бир өлкөлөрдүн фирмалары менен газ келишимин узак мөөнөткө түзүп, анын наркын кара майдын баасына көгөндөп койгон. Ошондуктан Евромейкиндик кризиске кабылып, өндүрүш кыскарганда, газ арзандагандын ордуна, тескерисинче, мунай менен жарыша кымбаттаган.

Мындан тышкары, Орусия газ акысын Украина кечиктирүүдө деп 2006 жана 2009-жылдары кыш чилдеде буроону бууп, Түштүк Чыгыш Европанын миңдеген калкын көгүлтүр отунсуз калтырып, үшүткөн. Бул окуядан кийин Евробиримдик энергетика саясатын реформалоого багытталган бир катар чараларды жасаган.

"Газпром" доого жыгылса, эмне жазана төлөйт?

“Газпром” эми төрт айдын ичинде ага коюлган дооматтар менен таанышып чыгууга тийиш. Андан соң бир жыл арасында тараптардын доомат-жүйөлөрү угулуп, бүтүм жасалат.

Еврокомиссиянын өкүлү Антони Колумбанинин билдиришинче, эгер “Газпром” чындап эле Евробиримдиктин антимонополиялык мыйзамды бузганы тастыкталса, анда жазана төлөйт:

- Комиссияда санкция колдонуу, анын ичинде Биримдиктин атаандаштык жөнүндөгү эрежеси бузулса, айып салуу укугу бар. Бүгүн бирок текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болорун айтуу эрте. Комиссия албетте коргонуу укугун жана жазыксыздык жоромолун урматтайт.

Эгерде Еврокоммисиянын антимонополиялык инспекциясы “Газпромду” күнөөлүү деп тапса, ал газды экспорттоодон алган жылдык кирешесинин 10 процентине чейинки сумманы төлөшү ажап эмес. Компания ошондой эле, Еврокомиссия бүтүм чыгарганга чейин мунасага барып, чатакты жөндөп койо алат.

2011-жылы “Газпром” тыш өлкөлөргө сатылган газдан 57 миллиард долларга жакын киреше алган.

“Газпромдун” чатагы Евробиримдик менен Орусиянын алакасын курчутушу калетсиз. Владимир Путин былтыр премьер-министр кезинде Евробиримдикти мурда түзүлгөн газ келишимдерин өзгөртүүнүн амалын издөөдө деп катуу сындаган болчу.

XS
SM
MD
LG