Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Казакстандагы мунапыс абактагы 30 миң адамды камтыйт


Жер реформасы каршы нааразылык акциясына катышканы үчүн абакка кесилгендер.
Жер реформасы каршы нааразылык акциясына катышканы үчүн абакка кесилгендер.

Президент Нурсултан Назарбаев өлкөнүн эгемендигинин 25 жылдыгына карата жарыялаган мунапыска он миңдеген адамдар кабылаары белгилүү болду. Депутаттар бул мунапыс мыйзамын 16-декабрга чейин жактырганы турат.

Башкы прокурордун орун басары Иоган Меркел мунапыска кабылган 30 миңдей адамдын 1800ү толук эркиндикке чыгарыларын, калгандарынын абак жазасы кыскартыларын кабарлады.

Бирок ал жакында абакка кесилген жер реформасы боюнча нааразылыктын катышуучуларына жана казак журналисттер биримдигинин башчысы Сейитказы Матаевге мунапыс берилерин же берилбей турганын айткан жок.

Казакстандын түрмөлөрүндө 36 миңдей адам жазаларын өтөп жатканы кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG