Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Евробиримдикти ким башкарат?


Херман Ван Ромпөй менен Эштон Кэтрин, 19-ноябрь, 2009.
Херман Ван Ромпөй менен Эштон Кэтрин, 19-ноябрь, 2009.

Белгиянын өкмөтүнүн башчысы Херман Ван Ромпөй Евробиримдиктин президенти, шаркеттин комиссары Кэтрин Эштон анын тышкы иштер министри болуп дайындалышты. Булар деги кимдер?

Ошентип, Евробиримдикти келерки жылдын биринчи күнүнөн тарта көпчүлүккө ысмы белгисиз, эларалык дипломатияда анча деле тажрыйбасы жок, үч саптуу ырларды жазып, өзүнүн жеке блогун толтуруп келаткан, акырын сүйлөгөн технократ Херман Ван Ромпөй жетектей баштайт. Ал жалпы Евробиримдиктин президенти болот.

Бейшембиде анын президент болоорун жарыя кылып жатышканда, ал бул кызматта биримдиктеги мамлекеттердин ар биринин өзгөчөлүгүн урматтап, конфликттерди чечип, мунаса табууга аракет кылаарын айтты: "Европа шаркетинин президенти катары мен ар кимиңиздерди кунт коюп угуп, биздин этияттыгыбыз баарыбызга натыйжасын беришине жетишем", - деди ал.

Ошондой эле, ал президенттиги учурунда Европада жаңы жумуш орундарын түзүп, жалпы континенттин жаратылышын сактоо боюнча жан үрөп иштээрин айтты.

Буга чейин Евробиримдиктин президенттигине дүйнөлүк саясатта белгилүү башка адамдардын талапкерлиги да каралып жаткан. Алардын арасында, мисалы, Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр, даниялык мурдагы өкмөт-башчы Ян Питер Балкененде да бар болчу.

Канткен менен эми президент боло турган Херман Ван Ромпөй дүйнөдө аты көпчүлүккө белгисиз болгону менен, Белгиянын ички саясатында араздашууларды чече алган мыкты арачы катары белгилүү. Белгияда мезгил-мезгили менен голландча сүйлөгөн фламанддар жана французча сүйлөгөн валлондор ортосунда чыгып турчу араздашууларды чечүүдө Ромпөйдү “жараштыруучу күч” деп билишет.

Херман Ван Ромпөй өзү президенттик кызматка озунбаганын, аны кызмат кызыктырбай турганын буга чейин айткан эле. 2008-жылдын декабрында да Белгиянын өкмөтүнүн башына ал ушундай эле жол менен келген. Ал учурда Ромпөйдүн жубайы журналисттерге: “Ромпөй премьер-министр болбош үчүн колдон келгендин баарын жасады”, - деп айтканы бар.

Төрт перзенттин атасы Ромпөй азыр 62 жашта, кесиби боюнча экономист. Саясатка келгенге чейин 1970-жылдардын башында Белгиянын борбордук банкында иштеген. Ал тууралуу сүйлөгөндөр эң ириде бул прагматик-саясатчы бюджет министринин кызматында турган учурда катуу чаралары менен мамлекеттин карыздарын бир топ кыскартканын айтышат.

Эми ал Европа Кеңешинин президенти катары эки жарым жыл иштейт. Кийин дагы бир мөөнөткө шайланууга укугу бар.

Президент Еврокеңештин жыйындарына катышып, негизги чечимдерди кабыл алууга таасир көрсөтө алса, биримдиктин тышкы саясатын жүргүзө турган Кэтрин Эштон колуна көп миллиарддуу бюджетти, 5 миң адамдан турган дипломатиялык органды жана Еврокомиссиянын вице-президентинин оордун ээлейт.

53 жаштагы британиялык саясатчы Эштон, көптөрдүн пикиринде, президенттен да көбүрөөк укуктарга ээ болот. Ал буга чейин биримдиктин соода-сатык боюнча комиссары эле. Андан да мурдараак Британиянын билим берүү, конституциялык иштер жана юстиция министрликтерин жетектеген.

Сынчылар анын эларалык дипломатиядагы тажрыйбасы дээрлик жоктугун айтып, мындай адам жалпы биримдиктин тышкы саясатын кантип коргой алат деп суроо коюшууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG