Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Аскаров соту: абактагы кишилер көрсөтмө берүүгө чакырылат


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Июнь коогасы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун ишин кароо Чүй облустук сотунда 1-ноябрда уланат. Ал күнү калаба учурунда камалган алты киши көрсөтмө берүүгө чакырылат. Мындай сунушту жактоочу тарап киргизген. Бирок сот камактагы адамдарды сот жараянына алып келүү формалдуу иштерге байланыштуу оңой эместигин белгиледи.

Бүгүн Аскаров иши боюнча кезектеги сот отуруму жабык өттү. Жактоочулар жана жана укук коргоочу Төлөкан Исмаилова анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранды. Прокурор буга каршы чыкты. Баш коргоо боюнча берилген сунушту сот канааттандырган жок. Жараянды видео жана фотого тартууга тыюу салынды.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында "улуттук кастыкты козуткан, жапырт башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан", деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку cот 12-июлда ишти “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти Чүй облустук соту кароого киришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG