Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Пакистандагы кол салуу жоопкерчилигин “ИМ” өзүнө алды


Курман болгон курсанттар. Пакистан. Квета.
Курман болгон курсанттар. Пакистан. Квета.

Пакистандын Кветта шаарындагы полиция академиясына канабайрам салуунун жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алды. Шейшембиге караган түнү болгон чабуулда 59 адам мерт кетти. Алардын көбү академиянын курсанттары.

Жарадарлардын саны жүздөн ашты. Чабуул койгон алты согушкердин үчөө атайын операция маалында жок кылынган.

Шейшембиге караган түнү жанкечтилер жатаканаларга чабуул коюп, күзөтчүлөрдү атып өлтүрүп, бир нече жолу жардыруу уюштурган.

Ушул эле Полиция академиясы 2006- жана 2008-жылдары эки ирет кол салууга дуушар болгон.

XS
SM
MD
LG