Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Алдыдагы айларда Европа Биримдиги менен Москванын ортосундагы ири газ талашы жыйынтыктоочу фазага өтүшү күтүлүүдө.

Бул Орусиянын "Газпром" ишканасынын Европадагы шойкомдуу ишмердүүлүгүнө чекит коюлат дегенди билдирет. Ошол эле мезгилде адистер арзан газ жана акыйкат соода талашы толук чечилип калбай тургандыгын белгилешүүдө.

Орусиянын табигый газ саткан "Газпром" ишканасы Европанын энергетика базарында үстөмдүк кылып, айрымдардын ишениминде, кардарларды өз пайдасына каалагандай калчап келди. Бирок мунун баары жакын арада өзгөрүшү мүмкүн.

"Газпромдун" жең ичинен баа бычуу жана монополисттик иш практикасы боюнча Евросоюз менен тирешүүсүнө бир топ жыл болду. Ушул жазда Европа комиссиясы "Газпромдун" ишмердүүлүгүн эки жыл изилдеген ишинин отчету ушул жазда жарык көрсө, алакалар дагы курчуйт болуш керек.

Эдуард Лукас Британиянын "Экономист" жумалыгынын эл аралык редактору жана «Көз боёмочулук: Тыңчылар, калк жана Орусия Батышты кантип алдайт?» деп аталган китептин автору:

- Бул иликтөөнүн жыйынтыгы "Газпромдун" бетине чиркөө болот, анткени анда "Газпромдун" буга чейинки бардык шойкомдуу иштеринин бети ачылат. Анан биз тараптан айыптар салынат, айыптар ири суммада болушу ыктымал. Ошондой эле газга ашыкча төлөп келген кардарлар "Газпромду" сотко бериши мүмкүн.

Taлашка эбактан көз салып келаткан Лукастын билишинче, Еврокомиссиянын отчету май айында жарык көрөт. Акыры бул окуялар "Газпромду" Европада кынык алган адаттарынан баш тартууга мажбурлашы ыктымал.

Буга жол бербеш үчүн Москва Еврокомиссия менен алдын-ала макулдашууга далбас урууда. Орусиялык делегациялар акыркы айларда Брюсселге ат тезегин кургатпай катташууда. Бирок ортодо эмне сөз болуп жатканы беймаалым.

Тарыхый жана базар шарттарына байланыштуу Брюссел канчалаган жылдардан бери "Газпромго" Чыгыш Европада монополист катары иш алып барышына көз жумду мамиле жасап келген эле.

Сибирден өндүрүлган орус газы Чыгыш Европага Украина аркылуу барат. Бул жол СССР тарабынан курулуп, азыр баштан аяк "Газпром" тарабынан иштетилет. Монополист болгондуктан, ал аркылуу өткөн газды кимге канчага сатышты ишкана өзү билет.

Эмне себептен Брюссел дал азыр Кремл менен күч сынашканы жатат? Агата Локот-Стракота Варшавадагы Чыгышты изилдөө Борборунун энергетика боюнча аналитиги. Анын көз карашында, Европа комиссиясынын энергетика жана атаандаштык боюнча кеңселеринде кайраттуулуктун жаңыча эпкини сезилүүдө:

- Брюссел өз мыйзамдарынын, анын ичинде газ боюнча мыйзамдарынын сакталышын каалайт.

Мында экономикалык жүйөөлөр да бар. Монополист болгондуктан "Газпром" Европа Биримдигине кирген мурдагы коммунисттик мамлекеттерге газын Европанын батышындагы өлкөлөргө караганда 50 пайыз кымбат сатат. Ал эми батыш европалык өлкөлөр Түндүк денизден, Түндүк Африкадан, Жакынкы Чыгыштан да газ сатып алгандыктан, Орусия бааларды асмандата албайт.
Адистердин айтымында, Евробиримдик Чыгыш Европада да газ берүүчүлөр көбөйсө, баалар түшмөк деп ишенет.

Штефан Майстер Берлиндеги Тышкы байланыштарды иликтеген Европалык кеңештин Орусия боюнча эксперти. Анын сөзүнө караганда, эгер либералдаштуруу тереңдесе, Европага "Газпромдун" эле куурлары менен газ жибере турган Азербайжан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттерден башка компаниялар да келиши мүмкүн.

"Газпромдун" Чыгыш Европадагы көзөмөлүн төмөндөтүүнун алгачкы чараларынын бири катары, Германия 1-апрелден баштап орус газын Полша сыяктуу мамлекеттерге сатууну пландап жатат. Орус газынын батыштан кайра өзүнүн монополисттик мыкчымындагы чыгыш Европага келиши Москванын жанын кашайта турган көрүнүш.

Москва да Брюсселдин кыжырына тийип, Евробиримдиктеги Болгария, Венгрия, Сербия сыяктуу мамлекеттер менен эки тараптуу келишим түзүп алган. Кырдаал өзгөрсө, Брюссел мындай келишимдерге карабастан, анти-монополдук мыйзамдарды аларга карата да колдонушу мүмкүн дешет байкоочулар.

Европа Комиссиясы мындай мыйзамдарды улам көбүрөөк колдонууда. Мисалы жакында АКШнын интернет дөө-шаасы болгон Гуглду европалык атаандаштарын да рекламалоого мажбурлай алды.

"Газпромго" карата мындай күчкө салуу тактикасынан майнап болобу?

Полшалык изилдөөчү Локот-Стракота эки тараптын бизнеске карата мамилеси караманча эки башка болгондуктан, азырынча дөөлөрдүн кармашынан кандай жыйынтык болоорун айтуу кыйын дейт.
XS
SM
MD
LG