Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Модернизациянын убагы келди


Орус президенти Дмитрий Медведев жана Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэль Баррозу
Орус президенти Дмитрий Медведев жана Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэль Баррозу

31-майда Ростов-на-Дону шаарында Евробиримдик-Орусия саммити өтөт. Орусиялыктар Европада визасыз каттоо мүмкүнчүлүгүнөн үмүт кылып турушат.

Евробиримдик болсо Орусиядагы экономикалык реформага көзөмөлүн күчөтүүгө дилгир. Эки тарап тең, ортодогу талаш маселелерге карабай, саммит "прагматикалык маанайда" зарыл иштерди чечүүгө жол ачат деп ишенишкендей.

Евробиримдик менен Орусиянын бул жолку саммити карым-катнаштагы бурулуш учур болуп калмакчы. Шаркетке мурдагы советтик блокко кирген 10 мамлекеттин мүчөлүккө алынышынан, Орусиядагы конституциялык талкууларга расмий Брюсселдин кийлигишкенинен, ошнодой эле энергетика маселесининен чыккан чыңалуу басылды окшойт.

“Азыр маанай өзгөрдү”, - дейт баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан Тышкы иштер боюнча Европа кеңешинин аналитиги Эндрю Уилсон. Ал ушул өзгөрүү үчүн алгачкы кадамдар былтыр Стокгольмдогу саммитте жасалганын айтты.

“Стокгольмдогу акыркы саммитте көптөгөн талаш-тартыштарга чекит коюлгансыды, - деди ал. - Азыр эми күн тартибин позитивдүү нукта түзгөнгө болот”.

Жылыштар

Уилсон кайсыл өзгөрүүлөр жөнүндө айтып жатканын тактады. Маселен, Польшанын президенти Лех Качински быйыл авиакырсыкта набыт болгондон кийин премьер-министр Дональд Туск расмий Москва менен мамилени оңдогонго аракет кылды.

Андан сырткары, Евробиримдикти быйыл Орусия менен дурус мамиледеги Испания менен Бельгия башкарып жатышат.

“Сүйлөшүүлөрдө европалык жетекчилер эки тарапты бөлүп турган адам укуктары, Түндүк Кавказдагы абал, Грузия менен мамиле өңдүү маселелерден атайылап оолактап турушканы да диалогдун дурус нукка түшүшүнө жол ачты”, - дейт Уилсон.

Брюсселдик аналитик Петр Качинскинин айтымында, Орусия менен Евробиримдиктин мамилеси жылый баштаганы эки тарап тең көп уюлдуу дүйнөнүн шартына ылайыкташышы керектигине ынанышканын айгинилейт: “Евробиримдик да, Орусия да азыр глобалдык проблемаларды өз алдынча чече албашын, ошон үчүн биргеликте иштешпесе, Кытай же Индия өңдүү жаңы эңгезер-мамлекеттерге утулуп калышы мүмкүн экенин аңдай башташты”.

Мажбур модернизация

Мына ушулардын баарын эске алганда, Ростов-на-Донуда өтчү саммитте алар “Модернизация үчүн өнөктөштүктү” жарыялашы мүмкүн. Бирок анын маанисин тараптар кандай түшүнөөрү белгисиз.

Еврошаркет, маселен, Орусияда экономиканын реформасы рынок принциптерине негизделиши зарыл деп билет. Москвада болсо Батыштын өнүккөн технологиясын колдонуу менен экономикада өздөрү каалаган гана тармактарды иштетүүгө кызыгышат.

Азырынча “модернизация үчүн кызматташуу” эмнеге негизделээри беймаалым. Ушул мезгилге чейин ортодо ишенимдин жоктугу буга жолтоо болуп келгенсиди.

Бул таризден алып караганда, Орусиянын жарандары үчүн Европага визасыз каттоо укугунун берилиши өзгөчө мааниге ээ боло тургандай. Расмий Москва көптөн бери эле анын чечилишин жактап келатат. Бирок Евробиримдик Орусия эмес, керек болсо, андан жакыныраак деп эсептеген өнөктөштөрү Украинага, Молдовага жана Грузияга да андай укукту бере элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG