Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

EБ расисттик деп сындалган видеону көрсөтпөйт


Сындалган видео тасмадан бир көрүнүш.
Сындалган видео тасмадан бир көрүнүш.

Европа комиссиясы Евробиримдиктин кеңейиши жөнүндөгү рекламалык видеону көрсөтпөөнү чечти.

Айрым укук коргоочулар, көз карандысыз уюмдар роликте расисттик жана жыныстык кемсинтүүнүн белгилери бар деп сындашты. Ал эми Еврокомиссиянын кеңейүү боюнча бөлүмү компьютердик оюндардын стилинде тартылган видеону жаштар оң баалашканын ырастоодо.

Ошентип, Еврошаркетти тынчтыктын, гармониянын биримдиги катары сүрөттөөнү көздөгөн видеону айрым адистер жана укук коргоочу уюмдар тескерисинче, расисттик деп табышты.

90 секунддук роликте европалык кызга туш-туштан башка улуттагы 3 эркек кол салууга даярданып жатканы тартылган. Эски, ээн кампага кирген кыздын алдына адегенде чатырдан секирип түшкөн азиялык кун-фучу киши пайда болот. Андан кийин кылычын ойноткон селдечен киши учуп келип, индиялыктардын каларипаятту согуш өнөрүн көргөзөт, акыркы болуп сахнага бразилиялык салттуу капоэйра күрөшү менен машыккан балбан чыгат.

Бирок кыздын корккону байкалбайт. Айланасын карап ал көбөйө баштайт да, натыйжада тигил үчөө европалык 12 кыздын курчоосунда калат.

Алар куралдарын таштап, ортого отурушат, кыздар болсо Евробиримдиктин желегиндеги 12 жылдызга айланышат. Экранда “Биз көбөйгөн сайын күчтүү болобуз” деген жазуу пайда болот.

Евробиримдиктин кеңейүү боюнча департаментинин маалымат катчысы Петер Станонун айтымында, муну менен авторлор бири-бирин урматтоо, гармония, биргелешип иштөө принциптерине негизделген Европанын саясатын чагылдыргысы келген.

Бул видеоролик 16-24 жаштагы жаш муун өкүлдөрү үчүн даярдалып, социалдык түйүндөргө жайгаштырылмак. Стано ошол жаш курактагылардан реклама жөнүндө позитивдүү пикирлер түшкөнүн кошумчалайт. Бирок калгандар видеону катуу сындагандыктан, Брюссел аны алып салууну чечти:

- Бул клип жаштар үчүн алардын тилинде даярдалып, жаштардын каналдары аркылуу таркатылат деп пландалган. Башкача айтканда, жаш муун түшүнгөн символизмди, видео оюндардын тилин, аларга жакын айлана-чөйрөнү, согуш өнөрлөрүн, триллер фильмдердин мотивдерин тандап алганбыз, - дейт Стано.

Еврошаркеттин дагы бир өкүлү Раул Рупарел Би-Би-Сиге билдиргендей, тасманын сюжети начар болуп калган, мындай нерселерге ушунча акчаны сарптоо керек беле деген суроо туулат. Айтмакчы, клипти тартууга 127 миң евро кеткен.

Еврокомиссиянын департамент башчысы Стефано Саннино видео согуштук өнөрлөрдөн башталып, аягында каармандар бейпилдикте жана гармонияда бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышат деп чечмелейт.

Расизм жөнүндө сындар айтыла баштаганда Еврокомиссия кечирим сурады.

- Биз энергиябызды жана убакытыбызды талаш-тартышка кетиргибиз келбейт. Ошон үчүн роликти алып салууну чечтик, - дейт Стано.

Видеону дале болсо YouTube-да көрсө болот (http://www.youtube.com/watch?v=aPYTxb03U08), өз ой-пикирлерин билдиргендер да аз эмес. Бири – “макоо, расисттик, стереотиптик клип” десе, экинчиси ал “европалыктардын баалулуктарын чагылдырат” деген көз карашта.

XS
SM
MD
LG