Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

ЕБ Британиясыз келечегин талкуулайт


Евробиримдиктин саммитинин алдында уюмдун жана Британиянын желектерин кармап турган адам. Брюссель, 28-июнь, 2016-жыл
Евробиримдиктин саммитинин алдында уюмдун жана Британиянын желектерин кармап турган адам. Брюссель, 28-июнь, 2016-жыл

Британиядагы референдумдун жыйынтыгы Еврошаркеттин Брюсселдеги саммитинин күн тартибиндеги башкы маселе болууда.

Шейшембинин кечинде премьер-министр Дэвид Кэмерон Британия биримдиктен чыгууну колдоп, добуш бергенден кийин алгачкы жолу шаркет лидерлери менен жолугушмакчы. Бирок бийик жолугушуунун андан аркы бөлүгү британ өкүлүсүз өтөт.

Бир нече жылдан бери алгачкы жолу Еврошаркет лидерлеринин саммити 27+1 форматында өткөнү жатат. Эми Британияны кандай шарттарда мүчөлүктөн чыгарып, Евробиримдик менен Лондондун өз ара мамилелерин жаңы алкакта жүргүзүү жолун аныктоо зарыл.

Брекситтин кесепеттерин талкуулоодон тышкары Брюсселдеги кездешүүдө бул ирет миграция кризиси, экономикалык өсүш, тышкы саясий байланыштар өңдүү маселелер кеп болмокчу. Орусияга каршы санкцияларды узартуу темасы күн тартибине киргизилбегени менен, маселе биримдиктин тышкы саясий стратегиясын талкуулоо учурунда козголушу мүмкүн.

Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Италиянын премьер-министр Маттео Ренци
Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Италиянын премьер-министр Маттео Ренци

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци саммитти утурлай билдиргендей, анда Британиянын шаркеттен чыгышы гана эмес, европалык долбоордун «кайра от алышы» сөз болушу керек.

Саммит алдында Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд жана Маттео Ренци Берлиндеги жолугушууда Европа «бирдиктүү бойдон кала берүүдө» деген билдирүү кабыл алышты.

Жетекчилер Лиссабон келишиминде каралган беренеден тышкары Британия менен эч кандай бейрасмий сүйлөшүүлөр болбойт деп ырасташты.

Меркел айым айткандай, убакытты текке кетирбөө – бул Британия өз арызын мүмкүн болушунча тезирээк тапшырууга тийиш, арыз түшмөйүнчө, эч кандай алдын ала сүйлөшүүлөр болбойт дегенди билдирет. Расмий түрдө жарыяланып, европалык тийиштүү түзүмдөргө берилгенден кийин Лиссабон келишиминин 50-беренесине ылайык сүйлөшүүлөр башталмакчы. Ушундай процедура жана аны ыкчамыраак баштоо бүтүндөй Европанын кызыкчылыгына жатат.

Ал эми британ премьер-министри Кэмерон шаркеттен чыгуу тууралуу расмий жарыялабасын, аны жаңы өкмөт башчы жасарын айтып келатат. Премьер референдумда каршы тараптагылар жеңгенден кийин кызматтан кетерин билдирген. Анын мураскери 2-сентябрга чейин белгилүү болот деп күтүлүүдө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Евробиримдик Лондондон өч алуу позициясын ээлебестен, жоопкерчиликтүү, түшүнүү маанайында, стратегиялык жактан так иш алып барууга тийиш деп белгиледи.

Меркел буга чейин британдардын жаңы кабинетине даярданууга убакыт берүү зарылдыгын айтып, ошол эле маалда бир катар экономикалык жана саясий кыйынчылыктардын башынан кечирип жаткан уюм үчүн терс кесепеттерди алдын алуу үчүн бул жараянды создуктурбоо керек деген.

Ал ортодо Британиянын саламаттыкты сактоо министри Жереми Хант консерваторлор партиясынын лидерлиги үчүн ат салышуу ниетин бышыктап, экинчи референдум өткөрүлүшү мүмкүн экендигин кыйытты.

Daily Telegraph гезитиндеги макаласында саясатчы болочок өкмөт башчы Брюссель менен конкреттүү шарттар тууралуу макулдашып, андан кийин жалпы шайлоо жарыялоо же кайра референдум өткөрүү чечимин элдин тандоосуна коюшу керек деп жазат. Ханттын оюнда Лондон менен биримдиктин алакалары Норвегиянын мисалына таянышы мүмкүн. Башкача айтканда, азыркы соода келишимдеринин артыкчылыктарын сактап калып, бирок иммиграция эрежелери өзгөртүлмөкчү.

Ал эми финансы министри Жорж Осборн Кэмерондун ордун басуу ыктымалдыгын четке какты.

XS
SM
MD
LG