Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

ЕБ менен Түркия мигранттар тагдырын чече албай убара


Эгей деңизи аркылуу Грецияга келип түшкөн мигранттар. 2-март, 2016-жыл

Эгей деңизи аркылуу Грецияга келип түшкөн мигранттар. 2-март, 2016-жыл

Евробиримдик менен Түркия лидерлери Эгей деңизи аркылуу Европага агылган качкындар маселесин чечүү боюнча бүгүн кайрадан Брюсселге чогулду.

Тараптар эки күндүк саммитте качкындар агымын тосуу тууралуу келишимге жетүүнү көздөөдө.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск саммит алдында качкындар кризисин чечүү келишимине жетишүү үчүн көп иш жасалышы керектигин эскерткен.

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабылган эң ири качкындар кризисин жөнгө салуу жолдорун издөө үчүн Евробримдик менен Түркия лидерлеринин Брюсселдеги бул саммитинин алгачкы бөлүгү 10 күн мурда, 7-мартта башталган эле. Анда Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери Түркиядан качкын макамы берилбей турган миңдеген мигрантты кайтарып алууну сурап, анын шарттары талкууланган. Бирок Түркиянын бул кызматташтык үчүн бөлүнчү каражатты көбөйтүү жана өлкөнүн Евробиримдикке кирүү жараянын тездетүү сыяктуу сунуштары Европа лидерлерин ойлонтуп, саммитке тыныгуу жарыяланган.

Анда Анкара сириялык качкындарды Түркияда кармап, алардын жашоо шартын камсыздоо үчүн мурда бөлүнгөн 3,3 миллиард доллар каражатты эки эсе көбөйтүүнү сураган. Мындан тышкары түрк жарандары үчүн Евробиримдикте виза режимин жеңилдетүү жана Түркиянын биримдикке кирүү жараянын тездетүү сыяктуу талаптарды койгон.

Европа Комиссиясынын биринчи вице-президенти Франс Тиммерманс саммит алдында буларды айткан эле:

- Бизде азыр адам аткезчилигине бөгөт коюу менен кылмыштуу ишкердиктин бул түрүнөн жапа чегүүлөргө чекит коюу мүмкүнчүлүгү турат. Ошол эл кезде бул убактылуу жана чукул чара экени айкын. Чек аралардагы чектөөлөрдөн улам Грецияда качкындарга байланышкан жагдай татаалдашып кеткенин көрүп турабыз. Идоменидеги качкындар лагериндеги абалга да абай салып турабыз. Биз Европада Идоменидей болушун каалабайбыз.

Соңку айда Евробиримдикке мүчө эмес Македония менен Балкан аймагындагы башка мамлекеттер бозгун-мигранттар үчүн чек арасын чектеп коюшунан өзгөчө качкындар жолундагы Греция азап тартууда. Бул өлкөдө азыр Түркиядан деңиз аркылуу өтүп, кайра чыга албай топтолуп калган качкындардын саны 40 миңден ашты. Алар негизинен Грециянын Македония менен чектешкен Идомени деген жеринде топтолуп турат.

Батыш маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, Брюсселдеги саммиттин жыйынтыгы менен кабыл алынчу документтин долбоорунда Түркия менен ыктымал мунаса “адамдардын азап чегүүлөрүнө чекит коюу жана коомдук тартипти калыбына келтирүүдө убактылуу жана чукул чаралар үчүн зарыл” болуп турганы айтылат.

Бирок айрым байкоочулар мындай келишимдин тагдыры бул маселеде Евробиримдиктин өзүндөгү жана Түркия менен Евробиримдикке мүчө Кипр ортосундагы келишпөөчүлүктөрдөн улам түшүнүксүз болуп турганын белгилешүүдө.

Акыркы жылдары Балкан өтмөгү Европаны көздөй агылган бозгун-мигранттардын негизги жолуна айланган. Алар алгач Түркиядан деңиз аркылуу Грецияга өтүп, анан Македония жана Сербия аркылуу Европа өлкөлөрүнө киришет. Өткөн жылы эле бул жол аркылуу Евробиримдик аймагына 880 миңдей адам кирсе, быйыл жыл башынан бери эле 132 миңдей адам өткөн.

Эми Брюссель саммитинде тараптар тил табышып, келишимге жетишсе качкын макамы берилбей турган мигранттардын баары кайра Түркияга кайтарылып, аларды кармоо үчүн бул өлкөдө тиешелүү шарттар түзүлүүгө тийиш.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG