Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

ЕБ АКШ менен шпиондук эрежесин такташат


Белгия -- Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн лидерлери саммит учурунда сүрөткө түшүүдө. 24-октябрь, 2013.
Белгия -- Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн лидерлери саммит учурунда сүрөткө түшүүдө. 24-октябрь, 2013.

Германия жана Франция жыл соңуна чейин АКШ менен сүйлөшүп, шпиончулукта мүмкүн болбогон ишмердүүлүк боюнча өз ара макулдашып алууну сунуш кылышты.

Бул демилге Еврапа Биримдигинин Брюсселдеги жыйынында жасалды. Шаршемби күнү Германия канцлери Ангела Меркел АКШ президенти Барак Обамага телефон чалып, анын телефонун Американын чалгындоо кызматтарынын угушу боюнча түшүндүрмө берүүнү сураган. Бейшемби күнү Ак Үй береги маалыматтан танбастан туруп, бул сыяктуу иштер келечекте кайталанбайт деп убада кылды.

Евробиримдиктин Брюсселдеги жыйынында биримдиктин кеңешинин төрагасы Херман ван Ромпей чалгындоо кызматтарынын ишин такташып алуу үчүн Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү зарыл деген сунушка токтолуп, мындай деди:

- Мамлекет жана өкмөт башчылар Франция менен Германиянын АКШ менен жыл бүткөнгө чейин эки жактуу сүйлөшүү өткөрүп, бул тармакта өз ара мамилени түшүнүп алуу жөнүндөгү сунушун эске алышты. Алар демилгеге Евробиримдиктин башка өлкөлөрү кошула аларын эскертишти.

Жума күнү эртелеп жасалган өзүнчө билдирүүдө Евробиримдиктин лидерлери “Европа менен АКШ арасындагы тыкыс мамиленин ”зарылдыгын жана “өз ара кызматташтыктын маанисин” баса белгилешкен эле.

Германиянын канцлери Ангела Меркель да жума күнкү ишин журналисттер менен кездешүүдө чалгындоо кызматтарынын ишмердүүлүгүн аныктап алуу боюнча АКШ менен сүйлөшүү тууралуу Германия жана Франция жасаган сунушка астейдил токтолду:

- Менимче, эң маанилүүсү биз келечекте таасир этчү нерсенин пайдубалын табуу. Анткени, мен бүгүн айткандай, ишеним калыбына келтирилиш керек. Себеби ишеним бир топ бошошуп калган эле. Ага Европа Биримдигинин мүчөлөрү бүгүн кабатырланганын тең бөлүштү. Бирок дүйнөдө биз чогуу бүткөрө алчу иштер бар экенин жана бири-бирибиздин коопсуздугубузга жооптуу экенибизди баарыбыз билебиз. Биз жөн гана болочокко карашыбыз керек. Арийне сөз жетишсиз болот. Чыныгы өзгөрүү керек.

Меркел айым АКШнын чалгындоо кызматтары анын телефонун тыңшаганына нааразы болгону менен Евробиримдик-Вашингтон ортосундагы соода келишимин токтотуп койуу жөнүндөгү сунушка каршы чыкканы маалымдалды.

Буга чейин АКШнын улуттук коопсуздук кызматынын мурдакы кызматкери Эдвард Сноуден жарыялаган документтер Вашингтон менен Түштүк Америка мамлекеттери арасындагы алаканын осолдошуна алып барган. Алсак, Бразилиянын президенти Дилма Русеф айым анын телефону угулганы тууралуу кабардан кийин, АКШда болчу визиттен баш тарткан.

Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Барросо өз кезегинде көпчүлүк европалыктар алардын телефон сүйлөшүүлөрүн бөтөн бирөөлөрдүн тыңшаганын же электрондук кат-кабарларын окуганын каалабасын, себеби бул мурдагы тоталитардык режимдин фашисттик жана коммунисттик жылдарын элестеткенин айтты:

- Албетте, акыркы айлардагы жана күндөрдөгү ачылыштар адамдын жеке турмушунун купуялыгын жана маалымат коопсуздугун аңтар-теңтер кылды. Бул абдан олуттуу маселе. Себеби биз, европалыктар үчүн бул негизги баалуулук экени анык. Биз ошон үчүн маалыматты сактоо боюнча сунуш кылынган мыйзам долбоорун кабыл алганга аракет кыла беребиз.

Франциянын президенти Франсуа Оланд чалгындоо кызматтарынын мыйзамдуу контр-террордук операциялар үчүн телефонду тыңшоосу менен жарандардын жеке эркиндигин камсыздоодо баланс болушу керек экенине көңүл бурду.

Бу тушта Британиянын “Гардиан” гезити АКШнын чалгындоо кызматтары 35 өлкөнүн жетекчилеринин 200дөн көп телефон немерлерин тыңшаганын, ал номерлер Ак үйдөн, Пентагондон жана Мамдепартаменттен алынганын жазды. Бирок кайсы мамлекеттердин лидерлери угулганы айтылбайт. Бул маалымат Сноуден ашкере кылган жашыруун документтердин арасынан табылган.

XS
SM
MD
LG