Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

ИРАН МАСЕЛЕСИНДЕ БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮ МЕНЕН МАГАТЭ АР БАШКА ПОЗИЦИЯДА


Бүгүн Тегеранда Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы сүйлөшүү уланууда. Анда Ирандын буга чейинки ядролук иштерине байланышкан маселелер такталышы ыктымал, бирок азырынча муну ишенимдүү айтуу кыйын. Сүйлөшүүнүн алдында Ирандын көздөгөн максатттарына байланыштуу МАГАТЭ менен айрым Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда пикир келишпөөчүлүк жаралды. Ага агенттиктин жетекчиси Мохамед ЭлБарадеинин Иран ядролук курал жасап жаткандыгына далил жок деп айтканы түрткү болду.

Мохамед Эл-Барадеи өткөн жекшемби күнү СНН теле-каналына Ирандын ядролук курал жасоо максатын көздөгөн иштеп жаткан программасы тууралуу далил жок экенин белгилеп, бул жаатта тирешүүнү күч алдыруучу кайым айтышууга жол бербөө керек деген эле.

Бирок Кошмо Штаттары менен Франция бул билдирүүнү четке кагышкан. Ак үйдүн маалымат кызматы Ирандын уранды байытуу ишмердиги өлкө ядролук курал жасоону максат кылаарынын ачык далили деген билдирүү жасаган. Ал эми Франциянын коргонуу министри Ерве Морен өзүндө ЭлБарадеинин ырастоосуна кайчы келген маалымат бар экендигин билдирген. Кандай болгон күндө да Морен Ирандын жашыра турган эмнеси бар деп таң калганын жашырган эмес:

- Эгер Мохамед Эл-Барадеинин айтканы чын болсо, МАГАТЭнин көзөмөлүнө Иран каршы болбошу керек эле. Эгер бул тынчтык максатттагы программа болсо, эл аралык көзөмөлгө бут тосууга кандай себеп бар? -деп суроо салган Франциянын министри.

Батыш өлкөлөрү Иран тынчтык максаттагы программасына жамынып алып, жең алдынан ядролук курал жасап жатат деп шектенишет. Тегеран уранды байытуу ишинен баш тартпаганы үчүн Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши Иранга каршы эки жолу катары менен санкцияларды киргизди. Учурда үчүнчү катардагы санкция салуу тууралуу талкуу жүрүүдө.

Чындап келгенде, МАГАТЭ Ирандын көздөгөн максатын биле албайт, агенттик болгону Иран өзү айткан жайларды гана текшерип, бирок Тегерандын өкмөтү мойнуна албаган жайларга бара албайт.

Генри Соколский - "Курал таркатпоо саясаты" аттуу агартуу борборунун аткаруучу директору.
Анын айтымында, тигил же бул өлкөнүн максаттары өзгөрүп турушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу Соколский Эл-Барадеи болгону "Ирандын ядролук курал жасагысы келээрине эч кандай далил жок" деп айтып жаткандыгын белгиледи.

Ал эми айрым башка байкоочулар Вашингтон менен Париждин алабарман билдирүүлөрүнөн көп пайда болбой тургандыгын айтышууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG