Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Евразияда ишке жарамдуулар азайды


Борбор Азия жана Европада ишке жарамдуулардын саны азайып, калкы ылдам улгайууда. Куну түшкөн иенанын кесепети Жапониянын машине жана техника өндүрүүчүлөрүнө жайылды. Ал эми алтын жана чийки мунай бир аз кымбаттады.

Борбордук Азия жана Европада балдардын төрөлүшү азайып, калкы ылдамдык менен улгайып бара жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк кабарлады. Банктын "Аңтарылган пирамида" аттуу көлөмдүү изилдөөсүнө ылайык, Евразия чөлкөмүндө жумушка жарамдуу калктын саны бара-бара азаюуда. Аны менен бирге Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүндө пенсия төлөмдөрү бюджеттин эң чоң чыгаша бөлүгүнө айланууда.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, учурдагы пенсия саясаты демографияны эске албайт жана бул тармакты реформалабаса аягы катаал болот. Азыркы тапта ишке жарамдуулар калктын олуттуу бөлүгүн түзөт. Бирок эгер 2050-жылга чейин демография кескин өзгөрбөсө, пенсия курагындагылар калктын негизги бөлүгүнө айланат.

Дүйнөлүк банк: Евразия калкы тез улгайып баратат.
Дүйнөлүк банк: Евразия калкы тез улгайып баратат.
Дүйнөлүк банктын баамында, Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө азыр бейрасмий пенсия гүлдөгөн кез. Мигранттар карыган ата-энесине четтен акча салып, улгайган үй-бүлө мүчөлөрүн багып жатат. Бирок учурдагы эмгек мигранттары карыганда пенсиясыз калышы мүмкүн. Аталган банк чет өлкөлөрдө иштегендердин кирешесин өз мекенинде формалдаштырып, аларга жеке пенсия корун ачууну сунуштады. Андан сырткары, жумуш шарттарын жакшыртуу жана пенсия курагын жогорулатуу сунушталды. Былтыр Кыргызстанда пенсия төлөмдөрү 29 миллиард 426 миллион сомду түзүп, орточо пенсия өлчөмү 4500 сомго барабар болгон.

Арзандаган иенанын кесепети

Куну кетип жаткан иена Жапониянын ири компанияларына залакасын тийгизе баштады. Акыркы эки жылдан бери арзандап жаткан жапон акча бирдиги Күн чыгыш өлкөсүнүн машине жана техника өндүрүүчүлөрүнүн кирешесине терс таасирин тийгизди.

Жапониялык белгилүү техника өндүрүүчү Panasonic компаниясы смартфондор жана плазма телевизорлорду чыгарууну токтотот. Бул тууралуу аталган компания жарыялады. "Панасоник" корей жана кытайлык атаандаштарына уттуруп, эки жыл катары менен 1,5 триллион иен жоготууга дуушар болгон. Жапон техника гигантынын жетекчиси Казихуро Цуга 2016-жылга чейин киреше алып келбесе, смартфон жана плазма телевизор бөлүмдөрүн жоёорун билдирген.

"Панасоник" эми алардын ордуна электр менен жүргөн машинелерге аккумулятор чыгарууга басым жасайт. Андан сырткары, 360° радиусу бар автокоопсуздук камераларын даярдоо 2019-жылга чейин 2 триллион иен пайда алып келет деп күтүлүүдө.

"Панасоник" смартфон жана плазма телевизор чыгарууну токтотот.
"Панасоник" смартфон жана плазма телевизор чыгарууну токтотот.
Жапониянын Sony компаниясы дагы телевизор чыгаруу бөлүмүн жоюуну пландап жатат. Бул тууралуу президент Казуо Хираи кабарлады. "Сони" 2013-жылы 1,1 миллиард доллар чыгаша тартат деп божомолдонууда. Аталган жапон техника гиганттары Түштүк Кореянын Samsung Electronics жана АКШнын Apple компанияларынан артта калганын адистер тастыктады.

Темир тулпар айдоочулардын өзгөчө сүйүүсүнө ээ болгон Nissan фирмасы эки жыл мурда дүркүрөп өнүккөн. Бирок былтыркы жылдын акыркы үч айында "Ниссан Моторстун" кирешеси кескин азайган. Бул көрсөткүч – жапон машине чыгаруучуларынын ичинен эң төмөнкүсү. “Ниссандын” кирешеси болгону 3,3% өскөн. Кыргызстанга алынып келинген темир тулпарлардын чейреги жапон машинелери.

Греция жолдорун сатат

Каржылык каатчылыктан башы чыкпай жаткан Греция 2004-жылкы Афина олимпиада объекттерин сатуудан миллиарддаган евро пайда табууга үмүттөнүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Менчиктештирүү кору маалымдады. Грек байтактысынын четиндеги мурдагы Эллиникон эл аралык аба майданы он жыл мурда XXVIII жайкы олимпиада оюндары өтүүчү жайга ыңгайлаштырылган. Монако өлкөсүнөн үч эсе чоң же 6,2 миллион чарчы метрлик спорттук объекттер аңгырап бош турат. Афина олимпиадасын өткөрүү үчүн Греция 9 миллиард евро сарптаган.

Аңгырап бош турган олимпиадалык стадион, Афины, Греция.
Аңгырап бош турган олимпиадалык стадион, Афины, Греция.
Расмий Афина бош турган олимпиада объекттерин турак-жай куруучуларга сатууну пландоодо. Аны менен бирге 2016-жылга чейин Грециядагы деңиз бекеттерин жана кан жолдорду жеке менчикке сатуудан 11 миллиард евро киреше табуунун жолдорун издеп жатат. Эгер аталган соода ишке ашса, бул Грециянын тарыхындагы эң көлөмдүү менчиктештирүү жараяны болуп калат. Өкмөттүн Менчиктештирүү кору бош калган Эллиникон аэропортунун аянтын сатуу жана аны өнүктүрүү 40 миңден ашуун жаңы иш орун жаратат деп ишендирди.

Алтын, мунай кымбаттады

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы аптада 15 долларга кымбаттап, учурда унциясы 1335 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 25 центке өстү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы 5 канада доллары 17 центти түздү. Чийки мунай тогуз долларга кымбаттап, баррели 102 доллардан сатылууда.

Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада төмөндөп, 6 миллион 41 миң сомго жетти. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча "Насыя биримдиги" каржы компаниясы 940 миң сомдук акция сатып, алдыңкы сапка чыкты.

Евразиянын калкы тез карып бара жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG