Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Москванын Бажы союзу - оор тандоо


2009-жылдын декабрында Евразия Бажы биримдигинин жыйынын ошондогу орус премьер-министри Владимир Путин (оңдон үчүнчү) өткөрүүдө
2009-жылдын декабрында Евразия Бажы биримдигинин жыйынын ошондогу орус премьер-министри Владимир Путин (оңдон үчүнчү) өткөрүүдө

В.Путиндин Евразия Бажы биримдигин куруу идеясы болуп көрбөгөндөй колдоого алынууда. Бирок Евробиримдик айрым мамлекеттерге “эки жакта тең мүчө боло албайсыңар” деп ачык билдирди. Демек Евробиримдикке да мүчөлүктү самаган Украина, Молдова өңдүү өлкөлөр саясий үлкөн тандоо алдында турушат.

Украинанын Евробиримдик менен тыгыз кызматташтыкка жетишүү аракети барган сайын Москванын кыжырын кайнатууда. Расмий Киев Орусия түзгөн Евразия Бажы биримдигинен да пайда көрүүнү каалайт.

Эки жакта тең жарым-жартылай мүчө болгусу келип, экөөнөн тең пайда алууга ашыгып жатат деп, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Горбань өткөн аптада Киевдин абалын “бир аз гана кош бойлуу болуу мүмкүн эмес да” деген.

Евразияда Бажы союзун түзүү – орус президенти Владимир Путиндин тышкы саясатындагы жаңы ири долбоорлорунун бири. Аны 2015-жылдын башында Путин Евразия Экономикалык Биримдигине айлантууну каалайт. Бирок бул биримдиктин Еврошаркет менен атаандаш катары статусу Армения, Молдова жана Украина өңдүү келечекте Евробиримдиктен мүчөлүк алууну каалагандарды дилеммага такады.

Бул тандоо Москва менен Брюссель үчүн ушул мамлекеттердин кимиси алар менен экенин көрсөтөт деп ишенишет.

“Азаттыкка” Армения боюнча сүйлөп жатып, Евробиримдиктин тышкы иштер мекесинин жетекчисинин расмий өкүлү Мая Кочиянчич “Евразия Бажы союзунда мүчө болуп туруп, ошол эле учурда Еврошаркет менен экономикалык алаканы түзүү мүмкүн эмес экенин” эскертти.

"Эгерде Армения Бажы биримдигине кошулса, анда Евробиримдик менен терең соода келишимине бара албайт. Анткени Бажы союзунда Армения уюмдагы башка өлкөлөргө чек арасын ачканга милдеттүү болот, өзүнүн тышкы соода саясатын өз алдынча көзөмөлдөй албай калат", - дейт Кочиянчич.

Орусия былтыр Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгону менен, Бажы биримдиги жана Евробиримдик ортосундагы соода алакасын жөнгө салуу дагы бир канча убакытты талап кылат. Азырынча эки уюмдун ортосунда ажырым чоң.

Украинанын "борбордук" позициясы

Рилька Драгнева – Бирмингем университетинин юридикалык мектебинин лекторлорунун бири. Анын ишениминде, Евробиримдик жогоруда аталган постсоветтик өлкөлөргө басым жасабай кое албайт. Анткени Еврошаркеттин тышкы саясатын анын өзүндөгү мамлекеттердин саясий күчтөрү аныктайт.

"Евробиримдик өзүнүн Украина же Молдова өңдүү өнөктөш-мамлекеттеринин мүдөөсүн дайыма эле орундата албайт", - деди Драгнева.

Азырынча мурдагы Советтер союузунун аймагындагы республикалардын ичинен Украина гана Евробиримдик менен эң эле тыгыз мамиледе, демек, анын абалына өзгөчө көңүл бурулууда.

Брюсселдеги Карнеги корунун аналитиги Ольга Шумило-Тапиола Украинанын тандоосу Бажы биримдиги үчүн “чечүүчү фактор” деп ишенээрин жазды. “Эгерде Украина Бажы биримдигине мүчөлүктү тандаса, бул Евробиримдикте хаос жаратып эле тим болбой, бүтүн постсоветтик экономикалык моделдин анык формасы кандай болоорун аныктайт”, - дейт ал.

Кремлдин тактикасы

Азырынча Москва аймактагы өнөктөштөрүн Бажы союзуна кирүүгө мажбурлабай, тетирисинче, мүчөлүк алар үчүн канчалык пайдага тураарын гана айтып кызыктырып жаткандай түр калтырат. Путин Украинага Бажы биримдиги пайда алып келээрин, анткени келечекте Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдө Киев жазгыз өзүнүн атынан эмес, бүтүн бир блоктун атынан катышаарын айтат. Анын үстүнө, Орусиянын жаратылыш газы Украинага жеңилдетилген шартта берилээри да айтылды.

Бажы биримдигине азырынча Орусия, Казакстан жана Беларус кирет. Негизги чечүүчү маселелерде баары бир Москва үстөмдүк кылып жатканына карабай, акыркы эки жылда бул уюмдун таасири, аброю, аймактагы башка уюмдарга салыштырганда, кескин өстү.

Москванын кийинки кадамы Бажы биримдигине Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинен (КМШ) мүмкүн болушунча көбүрөөк мүчө алууга багытталат жана, баары ойдогудай жүрсө, алдыдагы эки жылда Евразия бажы биримдиги Чыгыш Европадагы “оюндун эрежелерин өзгөртүүгө олуттуу таасир эте алчу күчкө айланат” дейт британиялык аналитик Катарина Волчук.

Иши кылып, “Москванын Бажы союзуна кирсекпи же Евробиримдикке жакындашсакпы?” деген оор тандоо февралда Армениядагы президенттик шайлоодо, келерки жылы Молдовада парламенттик, 2015-жылы Украинада президенттик шайлоолордо негизги суроолордун бири болоорунда шек жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG