Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Бажы биримдиги жаңы альянска айланат


(Cолдон оңго) А. Лукашенко, Н. Назарбаев, В. Путин Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге кол коюшкандан кийин. Астана, 29-май, 2014.

(Cолдон оңго) А. Лукашенко, Н. Назарбаев, В. Путин Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге кол коюшкандан кийин. Астана, 29-май, 2014.

29-майда Астанада Орусия, Казакстан жана Беларустун президенттери Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

Ошентип 2015-жылдын 1-январынан тарта жаңы союз Бажы биримдигинин мураскери болуп калат жана үч өлкө бирдиктүү тариф системасына өтөт. Армения жана Кыргызстандын лидерлери жаңы уюмга жыл соңунда кошуларын билдирди.

Евразия экономикалык биримдигинин түзүүчүлөрү аны Кошмо Штаттар, Европа биримдиги, Кытай менен экономикалык жактан атаандашчу уюм катары көрүшөт.

Президент Нурсултан Назарбаев Астанадагы салтанатта айтканга караганда, “Чыгыш жана Батыш ортосун бириктирчү көпүрө” болчу келишим Евразия өлкөлөрү арасындагы экономикалык алыш-беришти жакшыртууну көздөй жасалган жаңы кадам болду:

- Келишимге кол коюу - Евразия мейкиндигиндеги интеграцияны өнүктүрүүдөгү сапаттык жаңы баскычты билдирет. Бул кылдат таразаланган, жеткилең, бардык биздин мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алган келишим болду деп эсептейм.

Назарбаев ошондой эле: “Бул эң алды экономикалык союз болот жана интеграциялык жараянга катышкан мамлекеттердин эгемендигине, саясый күнкорсуздук маселесине таасир этпейт”, - деп баса белгиледи.
Орусия, Казакстан жана Беларус президенттери келишимге кол койгондон кийин бири биринин колдорун кысып куттукташууда.

Орусия, Казакстан жана Беларус президенттери келишимге кол койгондон кийин бири биринин колдорун кысып куттукташууда.

Жаңы келишимди 2015-жылдын 1-январына чейин үч мамлекеттин парламенттери бекитиши абзел. Орусия башындагы Бажы биримдигинин негизинде түзүлүп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүндө 170 миллион эл жашайт. Ага кирген үч өлкөнүн ички дүң жыйымы 2, 7 триллион долларга тете болот.

Президент Назарбаев жаңы союздун пайдасы жөнүндө айтып жатып, Бажы союзунун мүчөлөрү менен Казакстан ортосундагы соода акыркы беш жылда 88 процентке, экспорт 69 процентке өскөнүнө токтолду.

Бирок Европа биримдигинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун улук талдоочусу Нику Попеску кийинки жылдары бул үч өлкө арасындагы соода начарлап кеткенине “Азаттыка” 27-майда белгилеген:

- Эгер Бажы союзунун мүчөлөрү арасындагы сооданын динамикасын карасаңыз, Орусия, Беларус жана Казакстан ортосундагы соода былтыр 7 процентке кыскарганын көрөсүз. Казак экспорту Орусияга акыркы эки жылда азайды. Былтыр Бажы союзуна мүчө үч өлкөнүн Евробиримдик менен соодасы 2, 5 процентке өстү. Канткенде да орустардын же казактардын Евробиримдик менен соода байланышы алардын өз ара соодасына караганда жакшыраак.

Келишим боюнча келерки жылдан тарта жаңы мейкиндикте товарларды эркин ташуу, финансылык тейлөө, капитал жана жумушчу күчүнүн өтүүсү тоскоолсуз болуп, чоң тармактарда бирдиктүү саясат жүргүзүлөт.

Орус президенти Владимир Путин келишимге жетишүү аябай оор болгонун ачык айтты:
А. Лукашенко жана В. Путин.

А. Лукашенко жана В. Путин.

- Үчилтикке кирген мамлекеттер экономиканын маанилүү тармактарында: энергетикада, өнөр жайда, айыл чарбасында, транспортто макулдашылган саясат жүргүзөт. Бул жөнөкөй эмес, так айтканда, абдан оор жумуш, азырга чейин бардык бул суроолордо талаш-тартыш болуп, чатакташтык деп айткым келбейт, бирок курч мүнөздө талаш- талкуу менен өтүп, макулдаша албадык. Бирок мунун баары болду жана ар жак ынанып, мунасага жетүүдө келечекте да ушундай болоруна ишенем.

Беларус президенти Александр Лукашенко келишимде кээ бир купулга толбогон нерселер бар экенин, аны бардык өнөктөштөр үчүн пайдалуу болгондой кылып жакшыртканга убакт бардыгын айтып, бирок Украина кошулбай калганын каңгытып кетти:

- Биз жолдо кимдир бирөөнү жоготтук. Мен Украинаны айтып жатам. Бул катаал ишти Кучма да биз менен чогуу баштаган. Бирок өкүнүчкө карай, жүк Украина үчүн абдан оор болду. Бирок эртеби-кечпи Украинанын жетекчилиги анын бак-таалайы кайда экенин түшүнөт деп ишенем.

Леонид Кучма Украинанын 1994-2005-жылдардагы президенти.

ЕАЭБдин долбоору мурдакы Советтер союзунун кыйрашын XX кылымдын “эң чоң геосаясый алааматы” деген Владимир Путин үчүн символикалуу мааниге ээ. Себеби көпчүлүк серепчилердин айтымында, Кремль постсоветтик мейкиндикте Орусиянын мурдакы таасирин ушул жаңы уюм аркылуу калыбына келтирүүнү каалайт.
Евразия каршы митингддин катышуучулары Эсил райондук полицияканасында. Бул сүрөт Максат Илясулуунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Астана, 27-май

Евразия каршы митингддин катышуучулары Эсил райондук полицияканасында. Бул сүрөт Максат Илясулуунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Астана, 27-май

Мурдакы СССРдин акыркы премьер-министри болуу дымагын союздун кыйрашы менен колдон учурган Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык мейкиндигин түзүүнү Москва башын батышка буруп турган 1990-жылдардын ортосунда президент Ельцин кезде эле алга түртүп жүргөн. Ошондуктан Евразия экономикалык биримдиги түзүлүшүн Назарбаевдин да жеңиши десе болот.

Астанада 29-майдагы чоң салтанат кезде Казакстандын бул уюмга кирүүсүнө каршы митингге чыккан ондогон жаштарды полиция кармап кетти. 27-майда да Астанада ЕАЭБге каршы акция болгон. Анын жети катышуучусу жана окуяны чагылдырып жүргөн үч журналист, анын ичинде “Азаттыктын” кабарчысы Оркен Жоямерген төрт күнгө соттолгон. Алар азыр абакта.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG