Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Сатпаев: Казакстан иллюзияга батып турат


Беларус президенти А.Лукашенко, казак мамлекет башчысы Н.Назарбаев жана орус президенти Владимир Путин Астанада Евразия экономикалык союзу тууралуу келишимге кол койгондон кийин, 29-май, 2014.

Беларус президенти А.Лукашенко, казак мамлекет башчысы Н.Назарбаев жана орус президенти Владимир Путин Астанада Евразия экономикалык союзу тууралуу келишимге кол койгондон кийин, 29-май, 2014.

Евразия Экономикалык союзу баштап экономикалык максаттагы уюм катары түзүлүп жатканы айтылганы менен, Кремл аны эң оболу өзүн регионалдык лидерге айландыра турган платформа катары көрөт деген пикирлер арбын.

Ошентсе да, кечээ Астанада ал келишимге кол койгон үч өлкөнүн ичинде да, чыныгы экономикалык өңүттөн алып караганда, союздун келечегине ишеним күчтүү эместей. Биз казакстандык талдоочу Досым Сатпаевди кепке тарттык.

“Азаттык”: Беларустун президенти Александр Лукашенко Астанага жөнөп жатып да: “Бул келишим биз күткөндөй болбоду”, - деген таризде көңүлү калып турганын жашырган жок. Анткени ал Орусиядан импорттолчу мунайга салыктын алынышын каалаган. Бирок ал маселе чечилбеген бойдон турганы билдирилген болчу. Ошентсе да, бүгүн келишимге кол коюлду. Демек, өлкөлөр бул маселелер боюнча мунаса таба алышты деп түшүнсө болобу?

Досым Сатпаев: Орусия тараптан биринчи вице-премьер-министр Игорь Шувалов айткандай, бардык маселелер боюнча мунаса табылды деп айтууга мүмкүн эмес. Иш улантылат. Билесизби, менимче, мында азыр бул союзга бириккен үч өлкөнүн лидерлеринин ичинен Лукашенко гана прагматикалык маанайда конкреттүү суроолорду көтөрүп жатат. Казакстан болсо бул уюмдан ала турган пайдасы тууралуу “иллюзияга батып турган” чагы. Орусия мындан экономикалык эмес, геосаясий гана пайданы көздөп жүргөнү жашыруун эмес. Беларустун гана лидери бул уюмдан өзүнүн өлкөсү, маселен, мунайды экспорттоодо кандай жеңилдик аларын тактап алууну, ага жеңилдик берилбесе, анда келишимге кол койбой коерун айтып коркутту. Москва ага насыя бере турган да болду. Бирок ортодогу карама-каршылык дале калып жатат. Анын үстүнө, азыр бул союзга экономикалык жактан чабал мамлекеттер – Армения менен Кыргызстан да – кириши мүмкүн болуп турганын эске алганда, ич ара түшүнбөөчүлүктөр дагы болору айныксыз. Ошон үчүн мунун алдынан Евразия экономикалык союзу дегенге кирүү же кирбөө боюнча Казакстан менен Беларуста талкуулар аябай кызуу жүрдү.
Кыргызстан Бажы союзуна мүчөлүк тууралуу талкууларда өтө катуу соодалашты. Кыргыз өкмөтү Орусия менен Казакстандан экономикалык колдоо тууралуу ишенимдүү кепилдик талап кылды десек болот.
“Азаттык”: Бул чыныгы экономикалык максаттагы шериктештик катары аталып жатканына карабай, азыр аны “Москванын эле саясий мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү каалаган планы” деп атаган аналитиктер көп. Сиз алардын оюна кошуласызбы?

Досым Сатпаев: Чиновниктер муну саясий долбоор деп атап жатышканына карабай, алар өздөрү эле келишимдин баштапкы долбоорунда бул союздун аймагында бир жарандыкты киргизүү, тышкы саясатта бир көз карашты кармануу жана жалпы бир маалымат мейкиндигине биригүү өңдүү саясий пландар да камтылганын айтып калышкан. Менимче, Орусия үчүн бул башынан эле экономикалык эмес, саясий долбоор болгон. Ал постсоветтик аймакта таасирин арттыргысы келет, демек, регионалдык блоктун ядросу болууну самайт. Бул үчүн Жамааттык коопсуздук келишими жана азыркы Евразия экономикалык союзу бар. Экономика эмне үчүн мында маанилүү ролду ойнобойт? Анткени анын бардык үч мүчөсү, глобалдык мааниден алып караганда, экономикалык жактан атаандаштыкты түзө албаган, бири-бирине окшош мамлекеттер. Ошон үчүн алар бири-бирине экономикалык жактан дурус жардам деле бере алышпайт. Казакстан менен Орусия экөө тең мунайды экспорттогон өлкөлөр, алардын мунайы бири-бирине кереги жок. Экөө тең экономикалык моделин инновациялык нукта өнүктүрүүнү каалашат. Демек, мында да бирдей эле позициядагы мамлекеттер, бири экинчисине үлгү боло албайт.

“Азаттык”: Ушунун баарына карабай, уюмду түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Эми ал келечекте кандай иштеши мүмкүн?
Бажы союзуна мүчөлүк тууралуу талкууларда өтө катуу соодалашты. Кыргыз өкмөтү Орусия менен Казакстандан экономикалык колдоо тууралуу ишенимдүү кепилдик талап кылды десек болот.

Досым Сатпаев: Бажы союзунун ишинин мисалы көрсөткөндөй, убагында эске алынбай калган дагы далай маселелер чыгат. Азыркы союзду түзүү тууралуу келишим өтө көлөмдүү, бирок ага карабай, унутта калган көп суроолор жарала берет. Айтайын дегеним: азыр процесс башталды, поезд кетти. Ошон үчүн “бизге бул уюмга мүчөлүк керекпи же жокпу” деген суроону талкуулоонун кажети жок. Азыр Казакстан мүмкүн болушунча өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарына төп келген талаптарын коюп, алардын аткарылышын камсыздай турган кадамдарын карашы керек. Азыркы казак лидери үчүн бул уюм өзгөчө эмоционалдык да таасири бар. Анткени аны Нурсултан Назарбаев жеке өзүнүн долбоору деп билет. Путин да муну өз сөзүндө белгилеп өттү. Ал “Астанада Евразия экономикалык союзу тууралуу келишим 1994-жылы ал тууралуу анын аталары айткан шаарда болуп жатат" деп, Назарбаевдин негиздөөчүлүк ролун моюнга алгансыды. Бирок башка бир суроо бар. Казакстандын кийинки лидерлери үчүн да ал азыркыдай маанилүү болобу? Түшүнүксүз. Анын үстүнө, бизде бул интеграцияга каршы чыккандар, аны сындагандар четтен табылат.


“Азаттык”: Евразия экономикалык союзу өзүнүн чыныгы экономикалык максатына шайкеш келбеген багытта саясий мүдөө үчүн өзүнө көбүрөөк мүчөлөрдү кошууга ашыгып жатканы чын болсо, муну мурдагы СССРдин кандайдыр бир формада кайтарылышы катары караса болобу?

Досым Сатпаев: Мен антип ойлобойм. Тарых дайыма эле кайталана бербейт. Айрым белгилер болушу мүмкүн, бирок СССР мурдагы тибинде эми эч качан кайтпайт деп ойлойм. 20 жыл ичинде көп өзгөрүү болду. Орусия бир нерсени бирок жакшы түшүнөт. Бүгүнкү дүйнөлүк саясатта өлкө өзүн өтө ишенимдүү сезиш үчүн кайсыл бир регионалдык блоктун башында болгону туура. Ошол гана аракетти байкап жатасыз деп ойлойм. Анын үстүнө мурдагы Советтер союзунун аймагындагы өлкөлөрдүн баары эле интеграция тууралуу идеяны колдой беришпейт. Мындан сырткары, Евробиримдиктин мисалынан көрүнгөндөй, айрым мамлекеттер союзда “донор”, башкалары “колдонуучу” болуп, нааразылык жаратышы мүмкүн. Маселен, азыр экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү Кыргызстан Бажы союзуна мүчөлүк тууралуу талкууларда өтө катуу соодалашты. Кыргыз өкмөтү Орусия менен Казакстандан экономикалык колдоо тууралуу ишенимдүү кепилдик талап кылды десек болот. Назарбаев да учурунда Бажы союзун тез кеңейте бербөө керектигин айткан болчу. Ошого карабай, процесс тезирээк жүрүшүн талап кылып жатышканын көрүп турабыз. Бул да, менимче, кайра эле Орусиянын тезирээк өзүнүн айланасына союздаштарды чогултуу аракети менен байланыштуу деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG