Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Европарламенттин беш депутаты Кыргызстанга келди


Европа парламенти
Европа парламенти

Европа парламентинин беш депутаты үч күндүк сапар менен 20-февралда Бишкекке келишти. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, алар эки тараптуу кызматташтыкка арналган парламенттер аралык жыйынга катышат.

Андан тышкары спикер Чыныбай Турсунбеков, тышкы иштер, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо министрлери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Европарламент депутаттары Улуттук университетке барып, Европа биримдиги каржылап жаткан Erasmus программасы менен таанышып, студенттер менен пикир алышат.

Делегация курамында Ивета Григуле, Татьяна Жданок, Андрея Мамиксина (Латвия), Хельгу Стевенс (Бельгия), Ульрике Мюллер (Германия) бар.

XS
SM
MD
LG