Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

УЕФА орусиялык ышкыбоздорго нааразы


Польша -- Орусиялык футбол ышкыбоздору Орусия командасын сүрөөдө. Врослав, 8-июнь, 2012.
Польша -- Орусиялык футбол ышкыбоздору Орусия командасын сүрөөдө. Врослав, 8-июнь, 2012.

Орусиялык футбол ышкыбоздорунун адепсиз жүрүм-турумуна байланыштуу Европанын футбол федерациясы - УЕФА атайын иликтөө жүргүзөт.

Жума күнү Польшанын Врослав шаарында Орусия менен Чехиянын футболчуларынын беттешүүсү маалында орус ышкыбоздору пиротехникаларды колдонуп бузукулук кылышкан. Чех коргоочусу, ынды кара Гебре Селассинин ысмына расалык жек көрүүчү сөздөрдү айтышкан. Буга байланыштуу Европанын футбол федерациясы - УЕФА атайын иликтөө жүргүзөрүн билдирди.

Орусиялык ышкыбоздор 8-июндагы Орусия-Чехия беттешүүсү учурунда бейбаштык кылышып, майданга фейерверктерди ыргытып, адепсиз сөздөрдү айтышкан. Тагыраак айтканда, Чехиянын курамасында ойногон теги эфиоп Теадор Гебре Селассиени өңүн кемсинткен сөздөрдү айтышып, маймылча үн чыгарышкан. Бул маалыматты футболисттин атасы да тастыктады.

Ынды кара чех коргоочусуна байланыштуу фактыны УЕФА “Футбол Европадагы расизмге каршы” деген уюм менен чогуу териштирет. Ошондой эле орус фанаттары стадиондун төрт кызматкерине кол салып, алар ооруканага кайрылууга мажбур болушкан.

УЕФА билдирүүнү көзөмөлдөөчү видеокамералар жана коопсуздук кызматтарынан түшкөн материалдардын негизинде жасады. Эми бул маселе 13-июнда дисциплинардык комиссияда каралат.

Андан тышкары эки ирет орус фанаттары катышкан мушташ болуп, орус жарандарына жалпысы 2 миң доллардан ашык айып салынган.

12-июнда Орусия Варшавада Польшанын курамасы менен беттешет. Бул Орусиянын күнкорсуздук күнү. Польшанын бийликтери оюнга чейин эле орус жана поляк күйөрмандары ортосунда мушташ чыгат деп кооптонууда.

Варшаванын тургуну Мариола Гаг деген аял орус улутчулдары ордо шаарда түрдүү параддарды уюштурат деп азыртан эле тынчы кетүүдө:

- Биз бирден бир неpсеге - орусиялык адамдардын бизден артык экенин көрсөтүп, советтик эмблемаларды кийимдерине тагып алып, марш өткөрүүсүнө каршыбыз. Бул эмблемалар биз үчүн шайтандын белгиси.

Кырдаалды жумшартуу үчүн жекшемби күнү Орусиянын футбол федерациясынын төрагасы Сергей Фурсенко 2010-жылкы Смоленксидеги авиакырсыкта өлгөн адамдардын урматына Варшавада орнотулган эстеликке гүлчамбар койду. Эки жыл мурда 10-апрелдеги кырсыкта президент Лех Качинский жана башка 95 киши набыт болгон.

-Биз бүгүн ошол кырсыкта өлгөндөрдү эскерүүдөбүз,- деди С. Фурсенко.- Ал окуя Орусия үчүн трагедия болгон. Биз бул жерде курман болгондорду эстеп, гүл чамбар койуудабыз.

Орусиянын футбол федерациясы, улуттук команданын оюнчулары жана машыктыруучулары да өз ышкыбоздоруна кайрылып, Европанын футбол чемпионаты маалында адептүү болуусун суранды.

XS
SM
MD
LG