Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:14

Бүгүн Варшаванын улуттук стадионунда алгачкы жарым финалчы аныкталат. Португалия – Чехия таймашынын жеңүүчүсү эртең Гданьскиде Германия – Грекия матчында утканы менен беттешмекчи. Польшада Ирландиялык күйөрмандын сөөгү табылды.

Европалык букмекерлик кеңселер Португалияга көбүрөөк акча сайып жатыптыр. Ал эми эки жактын устаттары менен футболчулары, албетте, биз жеңебиз деп маалымат агенттиктерине жарыша билдирүү жасап жиберишти. Чехтер А тобунда өз дарбазасына бир гол ашыкча киргизсе да (4-5), биринчи орунду алганы менен тарыхта калат.

Эң эле мыктылар топтолгон Б тобунан экинчи болуп чыккан Португалиянын курамасында Роналду, Нани, Пепе сыңары дүйнөлүк жылдыздар бар. Бирок топ деген томолок экенин канча жолу көрүп келатабыз.

Бир жагынан Чехияда Пётр Чех деген мыкты дарбазачы бар эмеспи. Негизи эле спортто дарбазачыны команданын жарымы деп коюшат. Андан тышкары Селиссие, Росицки деген да таанымал футболчулар Чехия командасын канчалык бекем экенин көргөзүп турат. Эки команда Европа чемпионаттарында мурда кездешкен. 1996-жылы чехтер 1:0 менен утса, 2008-жылы португалдар 3:1 эсебинде уткан.
Бул таймаштын арты пенальти менен аякташы мүмкүн деген да ой бар, бул болсо, албетте лотерея.

Ал ортодо, тилекке каршы, Польшанын Быдгощ шаарындагы дайрадан Ирландиянын 21 жашар күйөрманы Жэймс Ноландын сөөгү табылганы кабарланды. Ал 17-июнда дайынсыз жоголуп кеткен. Эми анын ата-энеси чакыртылды, алар уулунун сөөгүн тааныгандан кийин мекенине берилет.

Эртең Гданьскиде Германия – Грекия, андан кийин Украинанын Донецк калаасында Испания –Франция, Киевде болсо Англия – Италия бетме-бет чыгат. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG