Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Шенген келишимин өзгөртүү сунушталууда


Германия-Австрия чек арасындагы көзөмөл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Германия-Австрия чек арасындагы көзөмөл. 26-январь, 2016-жыл.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөр бирдиктүү виза тартибин караган Шенген келишимине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышууда. Мунун жүйөөсү катары качкындар менен мигранттардын Европаны көздөй агымы али токтобой жатканы айтылууда.

Алгач 1985-жылы түзүлүп, он жылдан кийин күчүнө кирген, катары улам көбөйүп ушу тапта 26 өлкөнү камтыган Шенген келишимине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу ушул дүйшөмбү күнү Гаагадагы жыйында козголду.

Евробиримдиктин ал жерге чогулган юстиция, ички иштер, миграция министрлери Шенген өлкөлөрү өз чек араларын эгер талап кылынса жаап сала ала турган мөөнөттү эки жылга чейин узартууну сунушташты:

- Азыр чек арада утурумдук чаралар чектелген мөөнөткө, алты айга чейин гана созулат. Мүчө өлкөлөрдү буга башпаанек издегендердин болуп көрбөгөндөй агымы мажбурлоодо. Ал агым азыр дагы токтогон жок. Мүчө өлкөлөр Европа комиссиясын Шенген кодексинин 26-беренесине ылайык, убактылуу чек ара чараларын улантуу укуктук жана практикалык негиз даярдоого чакырды, - деди жыйындын конок ээси, Нидерланддын миграция министри Клаас Дикхоф (Klaas Dijkhoff).

Гаагадагы жыйындын артынан Чехия менен Словакиянын премьер- министрлери шейшемби күнү Прагадагы кеңешмеде Грекия менен Түркия качкындар агымын азайтканча, Евробиримдикте чек ара көзөмөлүн чыңдоонун альтернативалуу планы болушу керектигин айтып чыгышты.

Чех премьери Богуслав Соботка 15-февралга Борбордук Европа өлкөлөрүнүн Вышеград тобунун саммитин чакырды.

Аймактык саммит жалпы Евробиримдиктин миграция кризисин талкуулоочу жогорку жыйынынан үч күн мурда өтөт.

Өзү Чехия, Словакия, Польша, Венгрия качкындар жана мигранттар боюнча Батыш Европа өлкөлөрүнө караганда катаалыраак турумду карманышууда.

Буга чейин алар былтыр Евробримдикке келген бир миллиондон ашуун мигрантты квоталык негизде бөлүп жайгаштыруу планын четке кагышкан.

Качкындар менен мигранттарды былтыр эң көп батырган Германия да эгер февралдын экинчи жарымындагы саммитке чейин агым азайбаса, чек араны жабуунун кандайдыр бир формасына ыкташы мүмкүн экенин "Рейтер" агенттиги жазып чыкты.

Грециянын жээгине келип жаткан мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

Анын үстүнө мартта Германияда маанилүү аймактык шайлоо өткөнү турат.

Качкындарга мекенинин эшигин кенен ачканы үчүн өз өлкөсүндө сынга кабылып жаткан канцлер Ангела Меркел кечээ Берлиндеги жыйында буларга токтолду:

- Биз тең салмактуулукту табышыбыз керек. Тез эле пессимист болуп кетпейли. Мен "миграция кризисин" жөнгө сала алабыз деп эсептейм. Албетте, биз качкындар санын кыйла кыскартуубуз керек. Мунун үстүнөн азыр иштеп жатабыз.

Коомдук пикирдин басымы астында Европанын бир катар өкмөттөрү ички чек араларында көзөмөлдү буга чейин эле киргизген.

Германия-Австрия чек арасынан немис полициясынын расмий өкүлү Маркус Биндерманн (Markus Bindermann) кечээ "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде автоунааларды текшерүүнүн максатын мындайча чечмеледи:

- Бул чек ара көзөмөлүнүн башкы максаты – адамдардын мыйзамсыз киришине жана аткезчиликке каршы күрөшүү. Унааны полицейлер өз тажрыйбасына таянуу менен иргеп токтотуп жатышат. Токтотулган ар бир унаа силер көрүп жаткан көзөмөл аймакка жөнөтүлөт. Ал жактан биз айдоочунун, жүргүнчүлөрдүн жеке документтерин, кимдир бирөө катылган жокпу деп унаанын ичин да текшерип жатабыз. Эгер баары жайында болсо, алар жолун уланта беришет.

Эки ай мурда Евробиримдик Түркия менен сириялык качкындардын агымын ошол жерде токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен эле. Бирок ага карабай жыл башынан бери эле Түркиядан Грекияга деңиз аркылуу 40 миңден ашуун качкын өттү, алардын алтымыштан ашууну деңизге чөгүп кетишти.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG