Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Венгрия мигранттарга "жок" деди


Венгриядагы референдум
Венгриядагы референдум

2-октябрда Венгрия эли Евробиримдиктин милдеттүү квотасы боюнча качкындарды кабыл алууга каршы добуш беришти. Бирок, эл аз келгенине байланыштуу референдум өттү деп эсептелген жок.

Евробиримдиктин милдеттемесине ылайык, Биримдик ичиндеги өлкөлөр Жакынкы Чыгыш жана Африкадан жан сактоо үчүн качкан, коргоого эң муктаж 160 миң качкынды өз ара бөлүп алмак. Бөлө келгенде, Венгрия 1300 чамалуу качкынга гана баш калка бериши керек эле.

Бирок, өлкөдө эл да, бийлик да жеринен бозгондорго жылуу мамиледе болгон жок. Буга байланыштуу 2-октябрда качкындарды кабыл алуу же албоо маселеси эл тандоосуна коюлган.

Референдумга келген венгр премьер-министри, антимигранттык маанайдагы Виктор Орбан алдын ала эле:

- Биз мигранттар маселеси боюнча референдумду Евробиримдикте биринчи өткөргөнүбүзгө сыймыктанып турабыз. Тилекке каршы, ал бизде гана өткөнү өкүндүрөт дагы. Башка өлкөлөр да ушул жолго барса кубанычта болмокмун. Бирок, мен кандай гана болбосун Евробиримдиктин башка өлкөлөрү эмес, Венгриянын гана лидеримин, - деген эле.

Виктор Орбан
Виктор Орбан

Эгер эл мигранттарды батырууну колдосо Орбан кызматынан кетерин айткан. А эгер эл каршы чыкса, ал жыйынтыкты тез арада ишке ашырууга киришмек:

- Мен үчүн эмки жумада Брюсселге барып сүйлөшүү баарынан маанилүү. Мен бүгүн кабыл алынган чечимдин жардамы менен эгер жыйынтык оңунан чыкса, биз каалабаган адамдар менен жашоого милдеттүү эмес экенибизди жеткирүүгө аракет кылам.

Будапешт убактысы боюнча жекшембиде, түнкү ондо чыккан жыйынтыкка ылайык, келгендердин 95%ы мигранттарга каршы добуш беришти. Бирок, добуш бергендер жалпы шайлоочулардын жарымына жетпегендиктен, эрежеге ылайык, референдум өттү деп эсептелген жок. Добуш берүүгө укугу бар 8 млн элдин 43 гана пайызы оюн билдиришкен.

Ошого карабастан, башкаруучу "Фидес" партиясындагылар добуш берүүнү жеңиш катары баалашууда. Премьер Орбан Брюссель баары бир Будапештке эркин таңуулай албайт деп көшөрүүдө. Анткен менен талдоочулар бул жыйынтык Орбан үчүн сокку болгонун белгилешет.

- Көздөгөн максаттары өтө чоң эле. Бир нече айлар бою үгүт өнөктүгү жүрдү. Жада калса футбол боюнча Европа чемпионаты учурунда да оюндар ортосундагы тыныгууда теледен роликтер кетип жатты. Баары Орбан муну ишке ашыра алат дешкен. А бул жыйынтык ал үчүн ийгилик эмес, - деди Будапешттеги Саясий капитал институтунун шайлоо боюнча адиси Роберт Ласло Guardian гезитине берген маегинде.

Премьер Орбандын саясий каршылаштары элди референдумду өткөрбөөгө чакырып келишкен.

Венгрия менен Ховатиянын ортосундагы мигранттар
Венгрия менен Ховатиянын ортосундагы мигранттар

Анткен менен анын жыйынтыгы деле бийлик үчүн милдеттүү эмес, сунуш берүү гана мүнөзүнө ээ болчу. Ал Венгриянын мигранттарды кабыл алуу милдетин жокко чыгармак эмес.

Миграция кризиси күчөп кеткенден улам, 2015-жылдын күзүндө Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлери качкындар каптаган Грекия менен Италияга жардам берүүгө аргасыз болушкан. Ага ылайык, жардамга эң муктаж делген 160 миң качкынды эки жыл ичинде өз ара бөлүп алышмак.

Маалыматка караганда, ошондон бери анын беш жарым миңдейине гана жай берилди. Алар негизинен Германия менен Франциядан башкалка табышты.

Австрия, Дания, Польша жана Венгрия бул программа боюнча бир дагы качкынды кабыл алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG