Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Кытайдын соода саясатына нааразылык


Кытайдын соода саясатына карата нааразылык. Брюссель, 15-февраль, 2016-жыл.

Кытайдын соода саясатына карата нааразылык. Брюссель, 15-февраль, 2016-жыл.

Бул ирет соодада Кытайдан коргонуу боюнча чара көрүүнү өзгөчө болот өндүрүүчүлөр талап кылууда. Кечээ алардын миңдеген өкүлү Брюсселде демонстрацияга чыгышты. Бул нааразылыктар Евробиримдик Кытайдын жаңы соода макамы боюнча маселени карар алдына туш келүүдө.

Маалымат агенттиктери Бельгия полициясынын эсебине таянып кабарлашкандай, болот өндүрүүчүлөрдүн 18 өлкөдөн чогулган 5000ден ашуун жумушчусу кечээ Брюсселде жүрүш жасоо менен Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссиянын кеңсесинин алдына чейин келишти.

Демонстранттар Еврокомиссияны Кытайга “базар экономикалуу” өлкө деген макамды ыйгарбоого, анын соодадагы демпинг саясатын токтотууга үндөп жатышты жана ушундай мүнөздөгү ураан-чакырыктарды көтөрүп жүрүштү:

- Кытайдын болот өндүрүштөгү демпинги бизди "шал" кыларын сезип жатабыз. Анткени, биз бирдей эмес шарттабыз. Эгер Кытайдын болотуна тариф коюп шартты теңебесек, бизде чынында эч кандай мүмкүнчүлүк жок”,- деди бельгиялык болот өндүрүүчүлөрдүн бири Скот Бэмсей кабарчыларга.

Жумуш орундарын жоготуу

Жылына 800 миллион тонна болот өндүрүү боюнча Кытай дүйнөдө биринчи, 170 миллиондой тонна менен Евробиримдик экинчи орунда турат.

2008-жылкы кризисте катуу сокку жегенден бери Европада өндүрүштүн бул сектору кайра мурдагы калыбына чыга алган эмес.

Кризистен бир жылдан кийин эле тармакта 85 миңдей жумушчу орун кыскарып, адистер мунун кеминде 20% ашууну Кытайдан арзан продукция импорттолгонуна байланыштуу деп түшүндүргөн.

Жергиликтүү өндүрүшчүлөр эми кырдаал эгер Еврошаркет Кытайга “базар экономикалуу” өлкө деген соода макамды ыйгарса, азыркыдан да курчуй турганын эскертишүүдө:

- 400 миллион тонналык ашыкча өндүрүш кубат менен (Кытайдыкы) бир жылдык керектөөсү 150 миллион тонна эле келген өндүрүштү (Евробиримдиктики) талкалап салуу анчалык кыйын эмес. Дүйнөлүк соода уюмунун пикиринде да, соодада коргонуу аспаптары бар. Эми ошолор ишке киргизилип, биз бирдей шартта ойной тургандай абалга келгенибизге ынанышыбыз абзел. Башкача айтканда, Кытайдын мамлекет субсидиялаган, Евробиримдик импорттогон болотуна салык киргизилүүсү керек. Биздин көздөгөнүбүз ушул, - деди кабарчылар менен маегинде Европанын болот өндүрүүчүлөр ассоциациясы - Еврофердин (Eurofer) президенти Герт Ван Полворд (Geert van Poelvoorde).

Болот өндүрүүчүлөрдүн нааразылыгы. Брюсель, 16-февраль, 2016-жыл.

Болот өндүрүүчүлөрдүн нааразылыгы. Брюсель, 16-февраль, 2016-жыл.

"Биз адилет жана эркин сооданы жактайбыз, бирок Кытайдын субсидияланган болотун импорттоо көлөмү акыркы 18 айда эки эсеге көбөйдү, бул Евробиримдиктин болот өндүрүш секторундагы жабылууларга жана жумуш орундарынын жоюлушуна алып барары айныксыз”,- деп айтылат Еврофердин билдирүүсүндө.

Ал эми Европанын өнөр жайчылар альянсы (AEGIS Europe) мындан да ары кетип, өз билдирүүсүндө “Кытайдын субсидиясы Евробиримдиктин жумушчу орундарын талкалап, эркин жана адилет сооданы жокко чыгарууда. Европа 3,5 миллион жумушчу орунду жөн эле берип кое албайт”, - деп белгиледи.

Жаңы соода макам

Бул нааразылыктар Евробиримдик Кытайдын жаңы соода макамы боюнча маселени карар алдына туш келүүдө. Ага “базар экономикалуу” өлкө деген макамды берүү же бербөө маселесин Еврокомиссия быйыл жыл соңуна чейин чечиши керек.

Дүйнөлүк соода уюмундагы 15 жылкы мүчөлүктөн кийин жогорудагыдай макамды алууга татыктуу экенин Бээжин буга чейин эле билдирген.

Брюсселдеги демонстрация. 15-февраль, 2016-жыл.

Брюсселдеги демонстрация. 15-февраль, 2016-жыл.

Кытайга “базар экономикалуу” өлкө деген макамдын ыйгарылышын жактагандар товар арзандоосу керектөөчүлөргө пайдалуу экенин Евробиримдиктин компаниялары да Кытай базарына кирүүдө жеңилдик аларын жүйө келтирет.

Евробиримдик өзү Кытай үчүн эң ири соода өнөктөш, Кытай болсо Евробиримдик үчүн АКШдан кийинки экинчи чоң соода өнөктөш.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG