Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

ЕБде качкындарды бөлүштүрүү планы сунушталды


Греция-Македония чек арасынан өтүп жаткан качкындар. 8-сентябрь, 2015-жыл.

Греция-Македония чек арасынан өтүп жаткан качкындар. 8-сентябрь, 2015-жыл.

Евробиримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссия Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири миграция агымын жөнгө салуу боюнча чукул планын жарыялады. Ага ылайык, биримдиктин өлкөлөрү кеминде 160 миң качкынды милдеттүү түрдө бөлүп алышы керек. Бирок кээ бир мамлекеттердин өкмөттөрү бул демилгени мурдагыдай эле четке кагышууда.

Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер шаршемби күнү Европарламентте сүйлөгөн учурунда алыскы жана жакынкы тарыхта европалыктардын дээрлик ар бири качкындардын азабын баштан кечиргенин, өткөн 20-кылымдын экинчи жарымында эле жүз миңдеген европалыктар үй-жайынан безүүгө аргасыз болгонун эске салып, эми Европага качып келгендерге далысын салбоо зарылдыгына токтолду:

- Жыл башынан бери Европага 500 миңге жакын адам келди. Алардын басымдуу бөлүгү Сириядан, “Ислам мамлекети” тобунун Ливиядагы террорунан же Эритериядагы диктатурадан качкандар. Бул агымдан эң көп Греция жабыр тартты. Аларга 200 миңден ашуун, Венгрияга 150 миңдин тегерегинде, Италияга 120 миңден ашуун качкын келди. Бул сандар таң калтырат, кээ бирлерди атүгүл чочутат. Бирок азыр корко турган учур эмес. Еврошаркет эле эмес, ага мүчө өлкөлөр үчүн да чечкиндүү жана макулдашылган аракеттерди жасай турган мезгил келди. Башка жүйөлөрдү артка таштаган күндө да бул адамгерчиликтин жана ар-намыстын маселеси. Европа үчүн бул тарыхый адилеттүүлүктүн да маселеси.

Жан Клод Юнкердин айтымында, азыр Евробиримдиктин алдында качкындарды көчүрүп, жайгаштыруунун туруктуу механизмин жаратуу милдети турат. Бул өз кезегинде улуттук өкмөттөргө качкындар кризисин ыкчамыраак чечүүгө мүмкүндүк берет.

Ал эми Еврокомиссия сунуш кылып жаткан чукул программа биримдикке мүчө өлкөлөр качкындарды квотанын негизинде милдеттүү түрдө бөлүп алышын карайт:

- Италия менен Грециядагы 40 миң качкынды көчүрүү боюнча быйыл майда сунушталган планга кошумча биз Италия, Греция, Венгриядан дагы 120 миң качкынды көчүрүү планын сунуш кылып жатабыз. Мен Евробиримдик өлкөлөрүн 160 миң качкынды тез жайгаштыруу боюнча планды ички иштер министрлеринин 14-сентябрдагы жыйынында кабыл алууга чакырам. Биз 40 миң, 120 миң эмес, 160 миң жөнүндө айтып жатабыз. Бул европалыктар көтөрө турган жүк.

Кайсыл өлкөгө канча качкын тиери белгисиз. Бирок, маалыматтарга караганда, ушу тапта Италия, Греция, Венгрияда жүргөн качкындарды негизги жүгү Германия, Франциянын үлүшүнө туура келчүдөй. Калган өлкөлөргө улуттук дүң өндүрүшүнө, калкынын санына, жумушсуздуктун көрсөткүчүнө жараша берилет.

Мигранттар менен качкындардын көбү жайгашууну көздөгөн Германия квота системасын колдоодо. Бирок кээ бир өлкөлөр, анын ичинде мигранттар үчүн маанилүү транзиттик жол болгон Венгрия буга мурдагыдай эле каршы.

Грецияга Сириядан келген качкындар. 7-сентябрь, 2015-жыл.

Грецияга Сириядан келген качкындар. 7-сентябрь, 2015-жыл.

Маселен, Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак Братислава кайсы өлкө канча мигрант кабыл алуусун Брюссель чечишине каршы экенин дароо айтып чыкты.

Чехиянын премьер-министри Богуслав Соботка да милдеттүү квоталарга Прага дагы каршы экенин, бирок алар Еврокомиссиянын качкындар улам өсүүсүн жөнгөрүү боюнча узак мөөнөттүү планга киришүүсүн кубаттай турганын билдирди.

Еврокомиссия качкындарды жайгаштыруу боюнча чукул план менен катар “коопсуз өлкө” деген да түшүнүктү киргизүүдө. Анын чоо-жайын миграция, ички иштер жана жарандык боюнча комиссар Дмитрис Аврамопоулос чечмеледи:

- Коопсуз өлкө деген эмне? Ал куугунтук жана кыйноо жок, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү сакталган өлкө. Бул тизме биз биринчи кезекте Батыш Балкан өлкөлөрүн (Албания, Босния жана Герцоговина, Македония, Косово, Черногория, Сербия), албетте Түркияны киргизебиз. Былтыр Евробиримдиктен бул өлкөлөрдүн 100 миңден ашуун жараны башпаанек сураган. Бул берилген арыздардын дээрлик 20% түзөт. Бирок алардын саналуусу гана канааттандырылган.

Еврокомиссиянын пикиринде, “коопсуз өлкө” тизмеси башпаанек маселесинде калп эле сурагандарга эмес, буга чындап муктаждарга көңүл бурууга жардам берет.

Венгрияда полиция тосмосун бузууга аракеттенген мигранттар. 8-сентябрь, 2015-жыл.

Венгрияда полиция тосмосун бузууга аракеттенген мигранттар. 8-сентябрь, 2015-жыл.

Комиссия президенти Жан Клод Юнкер ошондой эле Еврошаркет 2016-жылдан тарта жаңы миграция саясатын ишке киргизерин ачыктады. Ал кылмыштуу топтордун качкындарды мыйзамсыз жол менен ташуусуна бөгөт коюшу керек.

Юнкер Евробиримдиктин орток виза системасы - Шенген азыркы комиссиянын мандаты учурунда бузулбасын убада кылды. Бирок ички чек араларды башкаруу үчүн шаркетке мүчө өлкөлөрдү тыгыз иштешүүгө чакырды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG