Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Чыгыш Европанын постсоветтик өлкөлөрүндө коомду модернизациялоону көздөгөн күчтөр ийгиликке жетишүүдө. Бирок ошол эле учурда алар православ чиркөөсүнүн олуттуу каршылыгына да кабылып жатышат.

Жакында Тбилисиде узун кара көйнөкчөн жана сакалчан диниятчылардын кумсаларга каршы демонстрациянын башында жүрүшү көптөрдү таң калтырды.

Грузиянын башкы чиркөөсү 17-майдагы зордук-зомбулуктарды расмий айыптаганы менен Патриарх Илья II бир күн мурда бийликтерге атайын кайрылып, кумсалардын аянтка чыгып, укугун коргоо аракетин - грузин элинин каада-салтын “кордогондук” деп атап, ага тыюу салууга чакырган эле.

Православ чиркөөсүнүн таасири жайылган Грузия, Сербия, Молдова жана Орусиянын ар биринде реформа жана жаңылануу өз жолу менен кетүүдө.
Аялдардын, улуттук азчылыктардын, кумсалардын укуктарын колдогон кыймылдар жылыш жасап, коомдук аң-сезимди кандайдыр бир деңгээлде өзгөртө алышты. Бирок аларга ар бир өзгөрүүнү тышкы коркунуч, улуттук нарк-насилди бузууга багытталган аракет катары кабылдаган эскичил күчтөр өңдүү эле православ чиркөөлөрү да бут тосуп жатышат.

Заза Даитаяа эскичил диниятчылардын үндөөсү менен Тбилисиде кумсаларга каршы чабуул жасагандардын бири:

- Мен бул жерге чогулгандарды колдойм. Грузиндердин адеп-ахлагына, каада-салтына шайкеш келбеген митингге каршыбыз. Кумсалар чет өлкөлөрдөгү кээ бир уюмдардан каржылык колдоо алып, ошон үчүн грузиндердин адеп-ахлагын бузган демонстрация өткөрүп жатышат.

Ушуга үндөш атүгүл диниятчылардын саясатка кийлигишкенин каңкуулаган окуя жакында Сербияда да болду. Өкмөттүн улутчулдар Сербиянын бир бөлүгү катары санаган Косово менен мамилени оңдоо боюнча келишимге барышын кескин айыптаган демонстрацияны православ диниятчылары уюштурду.

Алардын бири Атанасиже ысымдуу диниятчы Сербиянын азыркы өкмөт башчысы Ивица Дасичке ал мурдагы премьер-министр Зоран Жинжичтин тагдырын кайталашы мүмкүндүгүн эскертти. Реформачыл жана европачыл саясатчы катары таанымал Жинжич 2003-жылы ашынган улутчулдар тарабынан киши колдуу болгон:

- Премьер-министр ал канчалык реалдуу саясатчы экендигин айтып жатат. Бирок секулярдуу Сербия үчүн гана, ал ыйык Сербияны ойлогон жок. Мына ушундай эле сөздү кезинде Жинжич да айткан. Бирок ал эмне менен бүткөнүн билебиз. Баарын Жараткан өзү таразалайт. Ыйык Сербиясыз, секулярдуу Сербия болбойт.

Диниятчы бул сөздөрүнүн артынан православ христиандарында көзү өткөн кишинин арбагына багышталуучу дубаны окуп жиберип, көпчүлүктү айраңтаң калтырды. Молдовада да өлкөнүн Евробиримдик менен интеграциялануу аракеттерине эскичил диниятчылар каршы чыгууда. Кишиневдик саясий талдоочу Игорь Ботан өз өлкөсүндөгү кырдаалды мындайча мүнөздөйт:

- Молдовада бүгүн биз күбө болуп жаткан нерсе - өлкө мыйзам боюнча секулярдык экендигине карабай, чиркөө турумун динзарларга багытталган билдирүүсү менен ачыктап келет. Экинчи жагынан чиркөөгө да саясатка кийлигишпөөсү үчүн мамлекет тарабынан кысым көргөзүлөт.

Өзү тарыхты караганда, уюшулган диндердин баары алар салттык жана фундаменталдык деп эсептеген баалуулуктарды модернизациянын чапкынан коргоп келген. Бирок дин тарыхы боюнча адистердин айтымында, Европада муну эч ким православ христиандарындай агрессивдүү жол менен жасашкан эмес.

Чиркөө менен бийликтин Батыштагы алака-катышынан айырмаланып, православ чиркөөлөрү авторитардык бийликтер менен жакшы ымалада турушат. Орусияда атүгүл чиркөө бийликтин тышкы саясатына да колдоо көрсөтүүдө. Тескерисинче, православ чиркөөлөрүнүн секулярдуу жана демократиялык өкмөттөр менен камыр-жумур мамиледе болушу Чыгыш Европа үчүн жаңылык.

Сербия менен Грузияда чиркөө маданий жактан Орусиянын чиркөөсүнө байланганы менен ал жактан башкарылбайт. Молдова чиркөөсү болсо Москва патриархатына карагандыктан, алардын таасири астында турат. Талдоочу Игорь Ботан:

- Менин көз-карашымда, Молдованын православ чиркөөсү Еврошаркеттин интеграциясынан баш тартууну колдой берет. Анткени ал Орусиянын православ чиркөөсүнө карайт, ал жакында Молдова республикасы орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү деп айткан.

Грузияда да, Сербияда да өкмөттөр чиркөөдөгү консервативдик диниятчылардын турумуна макул эмес. Маселен, Грузиянын премьер-министри Бидзина Иванишвили жакында өлкөдөгү сексуалдык азчылыктардын да башкалардай эле укуктары бардыгын белгиледи. Ал эми Сербиянын премьер-министри Ивица Дачич эскичил диниятчылардын билдирүүлөрүн толугу менен кабыл алынгыс деп атап, “алар инквизиция доорунда” жашагандай түр көргөзүп жатканын айтты.

Талдоочулардын баамында, Чыгыш Европадагы секулярдык өкмөттөр менен православ диниятчылардын эскичилдери ортосундагы күрөш узакка созулушу мүмкүн. Анткен менен Грециянын, Кипрдин, Румыния, Болгариянын мисалдары православ жана европалык интеграция сөзсүз эле шайкеш келе бербешин көрсөткөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG