Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

AI: Европада мусулмандар кодуланган учурлар бар


Бельгияда хижабы үчүн иштен бошотулган аял тарапкерлери менен HEMA соода түйүнүнө каршы демонстрацияга чыккан учур. 12-март, 2011-жыл.

Бельгияда хижабы үчүн иштен бошотулган аял тарапкерлери менен HEMA соода түйүнүнө каршы демонстрацияга чыккан учур. 12-март, 2011-жыл.

Европада мусулмандар кодуланып, ишке орношуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген учурлар бар.

Мындай тыянак Эл аралык Мунапыс уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылган. Аталган уюм Евробиримдик өлкөлөрүнүн дискриминацияга каршы мыйзамдары талаптагыдай иштебей жатат деп эсептейт.

Эл аралык Мунапыстын Швейцариядагы, Франциядагы, Бельгиядагы, Испаниядагы, Нидерландиядагы мусулмандардын жашоо жагдайын иликтеген баяндамасы “Тандоо жана тескери ынаным: Европадагы мусулмандарга карата дискриминация” деп аталат.

Адам укугун коргоочу абройлуу уюмдун иликтөөсү Европа өлкөлөрүндө кийимдин өзгөчө түрлөрү, мисалы, аялдардын хижабы же исламга тиешеси бар башка символдор менен жүргөндөр ишке орношууга же билим алууга келгенде жаңылыш көз караштардан улам тоскоолдуктарга кабыларын көрсөткөн.

Баяндамада белгиленгендей, дискриминациянын кээ бир түрлөрү Европа өлкөлөрүнүн мыйзамдарында каралбагандыктан андай кадамга баргандар жазаланбастан кала берүүдө. Ал эми кээ бир мамлекеттерде, Эл аралык Мунапыстын пикиринде, кийимдин исламдык түрлөрүнө тыюу салган мыйзамдар стереотиптердин биротоло орун-очок алышына көмөктөшүп жатат.

Евробиримдиктин эмгек маселеси боюнча эрежелери иштөөчүлөргө динине же ишенимине жараша мамиле кылууну дискриминация катары санайт. Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын ички мыйзамдары деле бул эрежеге шайкеш келет.

Бирок Эл аралык Мунапыстын дискриминация боюнча эксперти, жаңы жарыяланган баяндаманын авторлорунун бири Марко Перолининин айтымында, алардын иликтөөсү ошол мыйзамдардын турмушка ашуусу начар экенин көрсөттү:

- Биз Франция, Нидерландия, Бельгия сындуу өлкөлөрдө аракеттеги мыйзамдар талаптагыдай аткарылбаганын аныктадык. Чынында бул олуттуу камтамачылык жаратат. Экинчи жагынан башка өлкөлөр да бар. Алсак, Евробиримдикке мүчө эмес Швейцарияда дискриминацияга каршы мыйзам кабыл алынган эмес. Дегеле Швейцарияда ишке орношууда адамдарды дини же ишеними боюнча кодулоого тыюу салган атайын мыйзам жок.

Евробиримдиктин дискриминацияга каршы мыйзамдары эгер жумуштун мүнөзү жана түрү талап кылса, ар башка мамилеге мүмкүнчүлүк берет.

Бирок Эл аралык Мунапыстын баяндамасында көрсөтүлгөндөй, Бельгия, Франция, Нидерландия өңдүү мамлекеттерде иш берүүчүлөр диний жана маданий символдор кардарлардын жинин келтирүүсү мүмкүндүгүн же компаниянын корпоративдик беделине каршы келерин жүйө тартышканда аларга тоскоолдук жасалган эмес.

Маселен Францияда 2009-жылы француз аялдардын 61 пайызга жакыны жумушта иштеген болсо, бул өлкөдө жашаган мароколук аялдардын иш менен камсыз болуусу 26%, түркиялыктардыкы 15% гана болгон. Ушуга окшош эле кырдаал Нидерландияда да өкүм сүргөн.

Кедергеси тийип жатат...

Соңку жылдары Европада мусулман аялдардын коомдук жайларда бетин-башын чүмкөп жүрүүсүнө тыюу салуу боюнча демилгелер кызуу талкууланып келет.

Франция менен Бельгия атүгүл мындай мыйзамды кабыл алууга да жетишти.

Эл аралык Мунапыстын өкүлү Марко Перолининин пикиринде, буга окшогон мыйзамдар Европадагы мусулмандардын “дин жана ишеним эркиндигин бузууда”:

- Биз күдүктөнүп жараткан маселе - бул тыюулардын адам укуктарынын эл аралык стандарттарына канчалык шайкеш келери.

Соңку он жылдыкта Испанияда, Францияда, Бельгияда, Швейцарияда, Нидерландияда мамлекеттик мектептерге окуучулардын диний же салттык кийимдер менен келүүсүнө тыюу салынууда. Эл аралык Мунапыс бул мыйзамдардын да Европадагы мусулмандарга кедергиси тийип жатат деген ойдо.

Маселен кыздардын мектепте жоолукчан жүрүүсүнө жапырт тыюу салынышы алардын билим алуусуна терс кесепетин тийгизип, бул талапты аткаруунун ордуна мектепти таштоого артыкчылык берилишине алып баруусу мүмкүн.

Эл аралык Мунапыс баяндамасында Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн аракеттеги мыйзамдардын иштөөсүн камсыздоого жана мусулмандар боюнча калыптанып калган терс түшүнүктөргө каршы күрөшүүнүн жолдорун табууга чакырат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG