Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Ташиев: Текебаевди кармоодо бийлик одоно ката кетирди


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди камакка алууда бийлик одоно ката кетирди. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн саясий талкууда "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди.

"Текебаев УКМКнын тергөө абагына камалганы өкүнүчтүү. Эгер ал кайсы бир кылмыш жасаган күндө да ишти тынч иликтеп, коомчулукка түшүндүрүү керек болчу. Текебаевди тез арада кармап кеткидей ал катардагы мыйзам бузган жаран эмес" деген пикирин билдирген Ташиев бул окуяны саясий куугунтук деп атады. (YU)

XS
SM
MD
LG