Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Качкындар Евробиримдиктин шайын оодарууда


Венгрия-Сербия чек арасындагы сириялык качкындар. 25-август, 2015
Венгрия-Сербия чек арасындагы сириялык качкындар. 25-август, 2015

Ангела Меркел менен Франсуа Олланддын сүйлөшүүсүндө талкууланган негизги тема Евробиримдикке бозгундардын рекорддук деңгээлде келүүсүнө байланыштуу Европанын түштүгүндө түзүлгөн кризистик жагдай болду.

Германиянын канцлери жана Франция президенти 24-августта Берлиндеги кездешүүдө Евробиримдикке качкындардын агылып келүүсү жараткан проблемага каршы чогуу чара көрүү маселелери талкууланды.

Меркель менен Олланд качкындар кризисине кантип чара көрүүнүн жолдорун сүйлөшкөн 24-августта Венгрияны 1 миңден ашуун бозгундар каптап киришти. Алар Македония чек арадан коё берген 7 миңдей адамдын бир бөлүгү гана. Азган-тозгон адамдар Венгрияга Сербиядан темир жол аркылуу жөө-жалаң жетишкен.

Мигранттар. Сербрия менен Венгриянын чек арасы. 25-август, 2015-жыл
Мигранттар. Сербрия менен Венгриянын чек арасы. 25-август, 2015-жыл

31-августтан кийин Сербия аркылуу Евробиримдикке, баарынан мурда Германияга жетүүнү көздөгөн мигранттарга Венгриянын түштүк чек арасы жабылат. Венгрия чек арага тикенектүү зым тартып, 4 метр бийик бетон дубал орнотууда. Сентябрда венгр парламенти чек араны бузгандарды кылмыш жазасына тартуу жөнүндө мыйзам долбоорун карайт.

Быйыл жети айда Македония, Сербия, Босния жана Герцеговина, Албания, Черногория аркылуу Евробиримдикке 102 миң мигрант келген. Былтыр 7 айда 8 миң качкын өткөн. Аталган өлкөлөр Евробиримдикке мүчө эмес. Өткөн жумада Македония качкындардын агымынан чочуп, аларды Грекиядан үч күн бою өткөрбөй турган. Атүгүл македон полициясы мигранттарды токтотуу үчүн куру дүрмөт гранаталарды колдонгон.

Мигранттар агымы Евробиримдиктин да тынчын алууда. 24-августта Македонияга барган Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курз Батыш Балкан өлкөлөрүн качкындар селдей каптаганына карабай, аларга биримдик жардам бербей жатканын ачык айтты. Качкындарды “жалпы Евробиримдик үчүн гуманитардык алаамат” деди Курз.

Германия быйыл өлкөдөн баш паанек алууну издеген 800 миң качкынды кабыл алат деп болжолдонууда. Буга эл арасында макул эместер бар. Өткөн жумада Лейпцигге чукул Хайденау шаарына качкындар алынып келгенде жергиликтүү оңчулдар тополоң чыгарып, кагылышта ондогон полицейлер жабыркаган. Бул окуяны канцлер Ангела Меркел 24-августта Берлинде француз президенти Франсуа Олланд менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында уят деп сындады:

- Хайденаудагыдай агрессивдүү, ксеонофобиялык маанайга ынанып болбойт. Оңчул экстремисттердин жана неонацисттердин жек көрүүлөрүн айтып жатканы жийиркендирет. Аларды Германиянын жарандары, атүгүл балалуу үй-бүлөлөр колдоп, тигилер менен бирге маршка чыкканы шермендечилик.

Меркел менен Олланд
Меркел менен Олланд

Меркел Евробиримдикте качкындарды кабыл алуу боюнча жалпы мыйзам бар экенине карабай, аларды каттоо, жайгаштыруу жана саламаттыгына кам көрүүнүн минималдык талаптары аткарылбай жатканын баса белгиледи.

Президент Олланд качкындардын агылып келүүсү ички чыңалууну жаратарын, муну Хайденауда болгон окуя көрсөткөнүн айтып, качкындарды кабыл алууга байланыштуу шашылыш аткарылчу иштерди санады:

- Биринчиден, Италия жана Грекияда кабыл алуу борборлорун курууну тездетүү зарыл. Европага кирүү үчүн биздин жээктерибизге келген адамдарды сөзсүз каттоо керек. Ушу чакта башпаанек издегендер менен мигрант катары келгендерди бөлүү абзел. Биз мигранттарды түшүнөбүз, бирок алар кабыл алынбайт.

Батыш маалымат каражаттарынын билдиришинче, быйыл жети айда Грекияга 160 миң, Италияга 90 миң мигрант келген.

Сербрия менен Венгриянын чек арасындагы мигранттар. 25-август, 2015-жыл
Сербрия менен Венгриянын чек арасындагы мигранттар. 25-август, 2015-жыл

БУУнун Качкындар боюнча комиссариаты Евробиримдиктин Германия, Швеция сыяктуу байгер өлкөлөрү Европанын качкындар каптап кеткен жарды мамлекеттерине жакшы жардам бербегенин белгилеп, сынга алууда. Качкындардын проблемасы “жакында жок болбойт жана бүтүндөй Европага таасир этет”, - деди БУУнун Европа бюросунун башчысы Винвент Кокотел.

Брюссел июль айында мыйзамсыз мигранттарга минималдык көмөк көрсөтүүгө деп Македонияга 90 миң евро чегерген. Грекия качкындарды ылгоо жана чек арасын бекемдөө үчүн чукул арада Евробиримдиктен 425 миллион евро алат.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини 24-августта Таллиндеги иш сапары учурунда Европага качкындардын келүүсүн азайтуу үчүн Сириядагы согушту, Ооганстандагы жана Ливиядагы куралдуу башаламандыкты токтотуу зарыл деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG