Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

БУУ качкындар боюнча гуманитардык кризисти эскертти


Македония-Грекия чек арасындагы мигранттар чек ара бекеттин дарбазасын бузууга аракеттенип жаткан учур. 29-февраль, 2016-жыл.

Македония-Грекия чек арасындагы мигранттар чек ара бекеттин дарбазасын бузууга аракеттенип жаткан учур. 29-февраль, 2016-жыл.

Европанын Батышын көздөй умтулган мигранттар үчүн Балкан жолундагы маанилүү түйүн болгон Македониянын Грекия менен чек арасында соңку күндөрү чыңалган кырдаал түзүлдү.

Македония чек арасын жабышы мүмкүн

Чек ара жабылыш ыктымалдыгын македон президенти Георги Иванов немецтердин “Der Spiegel” гезити менен маегинде билдирди. Анын айтуусунда, Македония Грекия менен чек арасын Австрия бир жылда 37 500 гана мигрант кире алат деген чектөөсүнө жетер замат жабат.

“Биз эми саясий чечимге муктажбыз”, - деп билдирди македон президенти. Анын пикиринде, Австрия жогорудагы санга жакын арада эле жетип калуусу мүмкүн.

Македония азыр эле грек тараптан келген мигранттарды жапырт эмес, чектеп өткөрүп жатат. Бир күн ичинде негизинен ирактык жана сириялык гана качкындарды эң көп дегенде 600гө жетпеген санда гана койо берип, ооган мигранттарынын жолун такыр эле тороп койду.

Идомени чек ара бекетиндеги качкындар. 1-март, 2016-жыл.

Идомени чек ара бекетиндеги качкындар. 1-март, 2016-жыл.

Чек арада бир нече миң мигрант жана качкын жыйналып калгандыктан, Идомени деген бекетте кечээ кагылыш да чыкты.

“Чек араны ач” деп кыйкырган жүздөгөн мигранттар полицияга таш ыргытып, өткөөл бекеттин дарбазасын күч менен бузуп кирүүгө аракеттенгенде аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундуруучу гранаталар колдонулду.

Бул окуянын артынан бийликтер тик учак менен чек арага кошумча коопсуздук күчтөрүн таштады.

БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгынын Грекиядагы кеңсесинин өкүлү Стелла Наноу 29-февраль күнү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна македон-грек чек арасындагы кырдаалды мындайча мүнөздөдү:

- Чек арада азыр 8000ден ашуун адам бар. Алар бир нече күн тургандыктан чарчашты, алдан-күчтөн тайышты. Арасында балалуу үй-бүлөлөр да жүрөт. Түнкүсүн чатырларда, айрымдары ачык асман алдында укташууда. Мындай кырдаал качкындар үчүн гана эмес, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери үчүн да кыйынчылык жаратууда. Бир жагынан биз мигранттардын кыймылы үчүн чектөөлөр күчөгөндөн күчөгөнүн көрүүдөбүз. Бирок экинчи жагынан Европадан коопсуздук жана эл аралык коргоо издеген адамдар үчүн, тилекке каршы, башка бир альтернатива түзүлгөнүн байкай албай жатабыз.

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгынын 1-марттагы маалыматына караганда, ушу тапта Грекияда 24 миңдей качкын башка жакка кете албай жыйналып турат.

Качкындар менен мигранттардын буга чейинки агымы көргөзгөндөй, Түркиядан деңиз аркылуу Грекияга жеткенден кийин алар жөө Македонияга, андан ары Сербияга, мындан кийин Венгрия жана Словения, андан ары Австрияны көздөй жылышат.

Бирок Австрия өткөн айдан тарта күнүнө 80дей гана качкын башпаанек үчүн арыз бере алат жана өлкө аймагы аркылуу быйылкы жыл ичи 37 500 миң гана мигрант өтө алат деген чектөө киргизип, Балкан өлкөлөрү менен чек арада көзөмөлдү күчөтүүнү макулдашкан. Мындай макулдашуу Грекиянын нааразылыгын жаратып, Афина атүгүл Венадагы элчисин чакыртып алганга чейин барган.

Меркелдин эсеби

Былтыр качкындарды эң көп кабыл алган Германиянын канцлери Ангела Меркелдин соңку билдирүүлөрүнө караганда, азыр алар качкындар кризисин жөнгөрүү боюнча Түркия менен жаңы сүйлөшүүлөргө үмүт артып турат.

Эгер Түркия менен 7-мартка мерчемделген сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай калса, азырынча качкындардын агымын азайтуу боюнча башка план жок.

Меркель кечээ өзүнүн Христиан-демократтар партиясынын жыйынында Европа үчүн ар өлкө чек арасын ичтен эмес, баары биригип сырттан коргоосу маанилүү экенине токтолду:

- Ливанда беш миллион калкы жана бир жарым миллион качкын бар. 70 миллион калктуу Түркияда 2,5 миллион качкын турууда. Менин силерге айтып жатканым 500 миллион калктуу, Европа сыяктуу чоң континент бир миллион качкынга башпаанек бере алат. Менимче, алар коңшу аймактагыларга салыштырмалуу көп деле сураган жок. Балким бир миллион сириялык деле чынында башпаанектөөгө мажбур болбойт. Мен белгилүү бир убакыт ичинде буга салым кошуу Европанын жоопкерчилиги экенин түшүнөм. Биз Азия, АКШ, 1,3 миллиард калкы бар Кытай, 1,2 миллиард эли бар Индия менен кандай атаандаштыкка туш келип жатканыбызды айткан элем. Бизде, европалыктарда, кеминде 500 миллион жашоочу болуш керек. Бирок эгер биз кайра майда мамлекеттерге бөлүнүп, ар бирибиз чек арага бардык жерден көзөмөл орнотсок орток валютабыз еврого оор болот. Мына ушундан улам биз чек араны көзөмөлдөө үчүн орток саясат үчүн күрөшүүбүз керек. Тышкы чек араны 28 өлкө биргелешип коргоосу зарыл.

Гуманитардык кризистин карааны

Былтыр Евробиримдикке бир миллиондон ашуун качкын жана мигрант кирсе, быйылкы жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгында Жер Ортолук деңиз аркылуу 132 миңге жакын мигрант өттү.

Алар эң көп жана алгач түшкөн Грекияда, БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы биринчи март күнү эскерткендей, качкындар үчүн тамак-аш тартыш, жата турган жай жетишсиз болуп жатат.

Качкындар комиссарлыгы кырдаалды “гуманитардык кризистин босогосу” катары баалоодо.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG