Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Eurovision-2016: Жамала жеңди


Жамала Eurovision сынагынын баш байгеси - Хрусталь микрофон менен. 14-май, 2016-жыл. Стокгольм, Швеция.
Жамала Eurovision сынагынын баш байгеси - Хрусталь микрофон менен. 14-май, 2016-жыл. Стокгольм, Швеция.

Швециянын Стокгольм шаарында 14-май күнү жыйынтыкталган Eurovision-2016 эл аралык популярдуу шоу сынагында украиналык ырчы Жамала баш байгени жеңип алды.

Европа телерадиоберүү бирикмеси быйыл жеңүүчүнү аныктоо шарттарын өзгөртүп, алгач улуттук калыстар топтору ыйгарган упайлар, андан соң көрөрмандардын добуштары саналды. Башынан эле жеңүүчүлүккө негизги талапкер аталып жатышкан орусиялык Сергей Лазарев үчүнчү, австралиялык Дэми Им экинчи орунду ээлешти.

Калыстардын упайы менен Австралия лидер болду. Ал эми көрөрмандардын тандоосунда эң көп добуш Орусияга ыйгарылды. Бирок ортодогу жалпы упайда Украина алдыга чыкты.

Жеңүүчү Жамаланын ыры “1944” деп аталат. Анда Сталиндин буйругу менен Борбор Азияга депортацияланган Крым татарларынын кайгы-муңу баяндалат. Ырдын куплеттери англис тилинде, кайырмасы крым-татарча аткарылат.

Быйыл шоу-сынактын добуш саноо ыкмасы өзгөртүлдү. Алгач Улуттук калыстар топтору ыйгарган упайлар, андан соң көрөрмандардын добуштары саналды. Жыйынтыгында 534 упай менен Жамала жеңүүчү аталды. Сынак жыйынтыгы жарыяланганда анын колдоочуларынын кыйкырыктары көпкө чейин токтобой турду.

Колуна баш байге – Хрусталь микрофонду алган ырчынын көзүнө жаш тегеренип, жеңиш менен Украинаны куттуктады.

Украина президенти Петро Порошенко өлкө намысын коргогон ырчыны алкап, Твиттердеги баракчасына “Украина эли Жамалага терең ыраазы” деп жазды.

Жамала ыр-таймаш учурунда. 14-май, 2016-жыл. Швеция
Жамала ыр-таймаш учурунда. 14-май, 2016-жыл. Швеция

Жамаланын Eurovision сынагына катышары быйыл февралда аныкталып, анын ыры айрымдардын, айрыкча кремлчил көз караштагылардын сынына кабылган эле. “Ыр-сынакка саясий чыгарма менен катышып упай топтогусу келет” деп аны айыптагандарга “Менин ырым саясий эмес, тарых жөнүндөгү чыгарма. Ар бир татардын жүрөгүндө муң бар, бул теманы бекеринен тандаган эмесмин” деп жооп берген.

1944-жылы 250 миңден ашуун крым татарлары зордук менен поездге жүктөлүп, Борбор Азияга депортацияланган. Ырчы ошол аянычтуу күндөрдү чоң энесинен угуп, ырга айландырганын белгилейт.

Белгилей кетсек, Жамала деген ат менен таанылган ырчынын өз ысымы Сюзана Жамалдинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кеткен.

Сергей Лазарев сахнада ырды трюктар менен аткарды
Сергей Лазарев сахнада ырды трюктар менен аткарды

Сынакта добуштар дээрлик саналып бүтүп, жеңүүчүнү аныктоо учурунда негизги таймаш Сергей Лазарев менен Жамаланын ортосунда жүрдү. Бирок жалпы добуш менен украиналык ырчы бир топ алдыга озуп кетти. Орусиянын өкүлүнө 491 добуш берилди.

Европадагы букмекерлер баштан эле Сергейди негизги фаворит санашып, анын жеңип чыгышына көпчүлүк ишенип калган эле. Анын шаңдуу “Жалгыз сен” деген ыры жана сахнадагы өзгөчө кооз шоусу көрөрмандарды кайдыгер калтырган жок. Сахнадан эки-үч метр бийиктикте трюктарды аткарганына, ошол эле учурда ырчылык чеберчилигине да музыка сынчылары жогору баа беришкен.

Австралиялык Дэми Им, 14-май, 2016-жыл, Швеция
Австралиялык Дэми Им, 14-май, 2016-жыл, Швеция

Экинчи орунду ээлеген Дэми Имдин “Жымжырттык үнү” деген ыры да башынан эле көрөрмандардын жана музыканттардын купулуна толгон. Букмекерлер да аны алдыңкы орундарды ээлейт деп божомолдоп жатышкан. Сынакта улуттук калыстар тобу ыйгарган добуштарда Дэми лидерлик кылып, башка атаандаштарынан бир топ алдыга озуп кеткен болчу. Бирок көрөрмандардын ыйгарган добушу азыраак болуп калды.

Австралия Eurovision сынагына 2015-жылдан бери катышууда.

Eurovision 2016 сынагында биринчиликти алат деп божомолдонуп жаткан артисттер арасында швециялык Франс жана франциялык Амир да бар болчу. Добуштардын жыйынтыгы менен Швеция төртүнчү, Франция бешинчи орунду ээледи.

Ал эми шоу ышкыбоздору арасында көп талкууланган беларус ырчысы IVAN жарым финалдан өтпөй калды. Анын сахнадагы монитордо энеден туума көрүнүшү жана карышкырлардын катышуусундагы өзгөчө ролу да ийгилик алып келе албады.

Баса, Eurovision тарыхында быйыл алгач ирет Чехия финалга жолдомо алды. Бирок негизги таймашта ырчы Габриела Гунчикова 41 добушка гана ээ болду.

Алып баруучулар Монс Селмерлёв жана Петра Меде
Алып баруучулар Монс Селмерлёв жана Петра Меде

Европа телеберүү бирикмеси 61-ирет өткөргөн сынак быйыл “Бириккиле” деген ураан менен уюштурулуп, анда качкындар темасына да көңүл бурулган. 10-май күнкү биринчи жарым финалдын соңунда бийчилер тобу Жакынкы Чыгыштан Европага бейпил жашоо издеп агылган бозгундардын образын бий менен чагылдырышты. Бийчилердин коштоосунда залга топтолгон 16 миң киши бири-биринин колун кармашып, дүйнө элин ынтымактуу болууга, качкындарды колдоого чакырышты.

Стокгольм шаарында Globe Arena аксарайында өткөн шоуну былтыр Австрияда өткөн Eurovision-2015те жеңүүчү болгон Монс Селмерлёв жана белгилүү куудул, шоувумен Петра Меде алып барды.

Сынактын жарым финалдары 10-12-май күндөрү өтүп, ага катышкан 36 мамлекеттин ичинен 20 өлкө финалга жолдомо алган. Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү саналган беш мамлекет - Британия, Франция, Испания, Италия, Германия жана сынакты өткөрүп жаткан Швециянын ырчылары түз эле финалга чыгышты. Ошентип, жалпысынан баш байге үчүн күрөш 26 мамлекеттин ырчыларынан ортосунда жүрдү.

Eurovision сынагынын быйылкы эмблемасы
Eurovision сынагынын быйылкы эмблемасы

Eurovision сынагында жыл сайын табияттагы ар кандай сулуулуктар символ катары тандалат. Быйыл эмблемада каакым гүлү чагылдырылды. Конкурстун ролигинде гүлдүн жумшак бөлүкчөлөрү дүйнөнүн түрдүү мамлекеттерине учуп, өлкөлөрдү бириктирип ымаланы чыңдоого чакырганы сүрөттөлөт.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Аны быйыл АКШ менен Кытай да түз алып көрсөттү.

2017-жылы шоу күйөрмандары Eurovision сынагынын кезектеги айлампасына Украинада күбө болушат.

Аталган популярдуу конкурста Украина 2003-жылдан бери катышат. Бул жеңиш – өлкөнүн экинчи ийгилиги. 2004-жылы Түркияда өткөн сынакта ырчы Руслана баш байгени утуп алган. 2015-жылы коомдук-саясий абалдан улам мамлекет таймашка катышуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG