Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

2010-жылдын 7-апрелинде ал кездеги Жогорку Кеңеш төрагасы Зайнидин Курманов Санкт-Петербургдагы Парламенттер аралык жыйынга катышып жаткан. Спикер Кыргызстан ыңкылап болуп, парламент таратылганын Орусияда иш сапарында жүрүп уккан.

“Азаттык”: Зайнидин мырза, 2010-жылдын 7-апрелинде бийлик алмашып жатканда кайсы жерде элеңиз?

Зайнидин Курманов: 5-апрелде депутаттык комиссияны жетектеп Санкт-Петербургга кеткен элек. Ал жерде Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган конференция, парламенттер аралык комиссиянын иштери бар болчу. 4-апрелде Бишкекте Пан Ги Мунду тосуп узатканбыз. 5-апрелде Орусияга учуп кеткенбиз. 7-апрелдеги окуяларды мен Санкт-Петербургда жүрүп уктум. Бул жактагы окуяларды, 6-апрелдеги Таластагы окуяларды ошол жерден уктук. 7-апрелде Орусиянын Федерация кеңешинин спикери, андан соң Украинанын парламентинин төрагасы менен жолугушуу болмок. Андан кийин конференция башталмак. Ошол иштер менен жүрүп, бийлик алмашып, Убактылуу өкмөт түзүлгөнүн, декрет боюнча парламент таркатылганын уктум. Ошол замат мындан ары иштөөгө болбосун билип, Парламенттик ассамблеянын жетекчилерине айтып, мейманканага кетип калдым.

“Азаттык”: Андан кийин Кыргызстанга келдиңиз да?

Зайнидин Курманов: 18-апрелде келдим.

“Азаттык”: Мына, андан бери алты жыл өттү. Ошол революциянын койгон максат-милдеттери ишке ашты деп ойлойсузбу?

Зайнидин Курманов: Мен илимпоз катары эле айтайынчы. Революциянын максатына жетиши кыйын. Ал максатка жетиш үчүн күндө күрөшүү керек.

“Азаттык”: 2002-жылкы Аксы окуясын биринчи, 2005-жылкы окуяны экинчи революция, 2010-жылкыны үчүнчүсү деп коелу. Революцияда оппозиция бийликке келип, бирок алардын жасаганы деле мурдагыларга окшоп калып жатат. Мунун себеби эмнеде?

Зайнидин Курманов: Аксыда революция болгон жок. Биринчи революция 90-жылдары, коммунисттик бийликти кулатуу кезинде болгон. КДК түзүлүп, 1990-жылы президент шайланып, ошондо биринчи революция өткөнүн тажрыйбабыз жогунан билбей калыппыз. Ошол мезгилден, баркыт революциясынан өтүп кеткен экенбиз. Эл чыгып, ачкачылык жарыялап, Чыгыш Европада баркыт революциясы болбосо, Аскар Акаев эч качан президент болуп шайланмак эмес. Ошону революциянын башталышы десек болот. Ал эми Аксы окуясы ал революциянын кесепети.

Акаев мыкты окумуштуу, мен аны Нобель сыйлыгын алат деп ойлочумун. Бирок стратегиялык жактан алсыз болуп калыптыр. Тарых берген мүмкүнчүлүктү жакшы пайдалана албады. Бийликте көп отурган жаман. Акаев убагында бийликтен кетсе бул убакка чейин сонун жүрмөк. 1995-жылга чейин жакшы саясат жүрдү, демократия жагынан кошуналардан кыйла алдыга кеткенбиз. Анан коррупцияга кирип кетти. Анан көрүнбөй калды.

“Азаттык”: Көрүнбөй калды деп Акаевди кетирдик. Ордуна Бакиев келди. Ал андан да нары кетти. Ошону жанында жүрүп айттыңыздар беле, ал укчу беле?

Зайнидин Курманов: Албетте, айтканбыз. Сабактарды алыш керек, Акаевдин жолун кайталабаш керек деп айтчубуз. Бирок 2005 – 2007-жылы мен Улуттар уюмунун өнүгүү программасында иштечүмүн. 2007-жылы “Ак жол” партиясын түзүп жатканда Медет Садыркулов чакырган. Мени макул болбогонума карабай, мамлекеттик ишти ким жасайт деп алып келген. Мен ага ишенип келдим эле. Депутат, комитет жетекчиси, андан чоң иштерди мен Акаев же Бакиев үчүн эмес, мамлекетим үчүн деп жасадым. Андан кийин кандай окуялар болуп кетти. 2007-жылы мен келгенде Бакиев баарыбызды эле укчу, бирок жыйынтыкты өзү каалагандай жасачу.

“Азаттык”: Ушул азыр да революция болушу мүмкүн деген сөздөр айтылып келатат. Бул жагдай эмнеден улам чыгууда?

Зайнидин Курманов: Революция кандай учурда пайда болот? Анын беш-алты белгиси бар. Коммуникативдик байланыш, социалдык функциялар, социалдык лифт жана башкалар болушу керек. Бирок кыргыз революциясында эмне алдыга чыгып, ачык көрүнүп жатат? Келет, бийликти бөлүштүрөт, байлыкты бөлүштүрөт. Башка эч нерсе жок. Ошондуктан бул оюндарга акылдуу адамдар киришпейт, аянттарга чыгышпайт. Анан биздеги революцияларга жумушсуз жаштар чыгып, өз маселелерин чечет. Анан талап-тоноочулар. Эмки революция деле ошондой эле болушу мүмкүн. Революциянын мыйзамы ошондой, бийликти бөлөт, байлыкты бөлөт. Илгери аскерлер шаарды басып алгандан кийин үч күнгө талап-тоноого уруксат берчү. Ал мыйзамдарды эч ким өзгөрткөн жок. Азыр кичине-кичине өзгөрүүлөр болуп жатат. Бирок алар революциялык денгээлге жетпей жатат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG