Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Өлүм күсөгөн жихадчыларга каршы коалиция түзүлүүдө


Ирак -- "Ислам мамлекетининин" жоочуларына каршы согушкан шиит аскерлери Тикритке жакын Бо Хасан кыштагында. 12-сентябрь, 2014.
Ирак -- "Ислам мамлекетининин" жоочуларына каршы согушкан шиит аскерлери Тикритке жакын Бо Хасан кыштагында. 12-сентябрь, 2014.

13-сентябрда “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери британиялык Дэвид Хэйнстин башын алган видеону жарыялашты. Маркум Жакынкы Чыгышта гумманитардык миссия менен жүрүп, 2013-жылы Сирияда уурдалган болчу.

Жихадчылардын билдиришинче, Дэвид Хэйнсти өлтүрүү - Британия алар менен Түндүк Иракта согушуп жаткан күрт аскерлерине курал бергени үчүн өч алуу. Согушкерлер буга чейин барымтадагы америкалык журналисттер Жеймс Фоули жана Стивен Сотлоффту да ушундай мыкаачылык менен өлтүрүшкөн эле.

Дэвид Хейнс, "Ислам мамлекети" тараткан тасмадан алынган сүрөт.
Дэвид Хейнс, "Ислам мамлекети" тараткан тасмадан алынган сүрөт.

44 жаштагы Дэвид Хейнстин мууздап өлтүрүлүшүн көрсөткөн видеого байланыштуу 14-сентябрда Британ өкмөтү кезексиз жыйынга чогулду. “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери видеодо эмки кезек дагы бир британ жараны Алан Хенингде деп эскертишет.

Премьер-министр Дэвид Кэмерон Британия Хейнсти өлтүргөндөрдү кармап, сот жообуна тартуу үчүн бар аракетти жасайт деди. Ал Исламга жамынган жихадчылар Иракта жана Сирияда мусулмандар менен христиандарды да миңдеп өлтүрүп, мусулманчылыкка сыйбаган жосунга барып жатышканына көңүл бурду:

- Алар Ирак менен Сирияда миңдеген адамдарды: мусулмандарды, христиандарды, азчылыктарды өлтүрүп, канга боёодо. Алар өз мыкаачылыктарына мактанышууда. Алар муну Исламдын атынан жасап жатабыз дешет. Бул куру сөз (нонсенс). Ислам тынчтыктын дини. Алар мусулмандар эмес, алар монстрлар.

Австралия да “Ислам мамлекети” уюмунун газаватчыларына каршы түзүлгөн эл аралык коалицияны колдоду. Жекшемби күнү өкмөт башчы Тони Эбботтын маалымдашынча, Австралия жихадчыларга каршы согушка 600 жоокер жана 10 аскердик учак жөнөткөнгө даярданууда. Аталган коалицияга АКШ, НАТОнун көпчүлүк мүчөлөрү жана Перс булуңундагы өлкөлөр катарындагы 10 араб мамлекети кирет.

Франциянын президенти Франсуа Оланд 14-сентябрдагы сөзүндө Дэвид Хейнсти өлтүрүүнү ачык шарданалоо “эмне үчүн эл аралык коомчулук береги согушчандарга каршы чогуу аттанышы керек экенин” көрсөттү деди.

Дүйшөмбү күнү Парижде коалиция мүчөлөрү Сирия жана Иракта элдин жүрөгүнүн үшүн алган жихадчыларга каршы күрөшкө кандай салым кошорун талкуулашат. Же АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин сөзү менен айтканда, “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары менен күрөштүн стратегиясы иштелип чыгат.

Жон Керри 13-сентябрда Каирдеги маалымат жыйынында Ирактагы жана Сириядагы “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына каршы согушта Египеттин орду өзгөчө маанилүү экенин белгиледи:

- Египет мусулман дүйнөсүнүн интеллектуалдык жана маданий байтакты катары береги (“Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары) жайылткан идеологияны коом алдында ачык жектөөдө өтө маанилүү роль ойнойт.

Ал эми Египеттин тышкы иштер министри Самех Шухри болсо “Ислам мамлекети” уюмунун жихадчылары менен региондогу башка группалардын согушкерлери арасында байланыш бар экенин, алардын коркунучуна каршы күрөш глобалдык аракеттерди талап кыларын айтты.

Жон Керри 14-сентябрда Си-Би-Ес телекомпаниясынын Face The Nation ("Улут менен жүзмө-жүз") программасында сүйлөп, кээ бир өлкөлөр “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттерине каршы казатка аскердик жардам беребиз деп убада кылганы аны “аябай шыктандырганына” жана башка өлкөлөр аскер сунуш кылганына токтолду. Ошол эле учурда Вашингтон жихадчыларга абадан сокку урууну Сирия өкмөтү менен координациялабай турганын айтты. АКШ Мамкатчысынын бул интервьюсу 13-сентябрда Каирде жазылган. Андан көп өтпмөй Жейнстин өлүмүн көрсөткөн видео жарыяланды.

НАТОго мүчө Түркия “Ислам мамлекети” уюмунун газаватчыларына каршы согушка катышпасын жана территориясын союздаштардын аскерий учактары авиачабуул үчүн пайдалануусуна уруксат бербесин айтканын батыш булактары маалымдады. Жихадчылар бир нече ай мурда Түндүк Иракта Түркиянын 49 жаранын уурдап кетишкен. Алардын ичинде дипломаттар жана жаш балдар да бар. Бул жагдай Анкараны этият болууга аргасыз кылууда.

XS
SM
MD
LG