Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Фархунданын окуясы ооган коомун козгоду


19-мартта болгон кайгылуу окуя элди дүрбөлөңгө салды.
19-мартта болгон кайгылуу окуя элди дүрбөлөңгө салды.

Ооганстанда жаалданган топтун тепкисинен көз жумган 27 жаштагы Фархунданын өлүмү ооган коомчулугун өзгөрткөндөй болду.

19-марттагы каргашалуу окуядан кийин Ооганстанда Фархунданы өлтүргөндөрдү жазалоону, адилеттүүлүктү талап кылган элдин нааразылык акциялары токтой элек.

Ооганстанда аялдарга каршы зордук-зомбулук кеңири тарагандыктан адаттагы көрүнүш катары кабыл алынып, коомчулукта мындай резонанс эч качан жараткан эмес.

Бир нече жылдан бери эч ким көңүл бурбаса да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген аялдардын укугун коргоо менен алектенген уюмдарга учурда саясий партиялар жана өкмөт да кошулуп, бул көйгөйдү буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүп чыгышты.

Кабулдагы саясий аналитик, “Талибандын” мурдагы жетекчилеринин бири Вахид Можданын айтымында, Фархунданын окуясы коомчулукту козгогонунун бир нече себептери бар:

- Бул кадрлар ар бир ооган үй-бүлөсүнө тарады. Элдин баары канжалаган аял ырайымсыз топ аны тепкилеп жатканда жансоогалап жатканын көрүштү. Видео элде өзгөчө таасир калтырды. Ар бир адам бул аялдын ордунда өзүн же жакынын элестетип көрдү.

Можда айтып жаткан видеону жансоогалаган аялды ур-тепкиге алынып жатканда карап тургандар тартып алган. Анда жаалданган эркектер Фархунданы ырайымсыз тепкилеп, үстүнө чыгып секирип жатышат. Кабул мечиттеринин биринде Куранды өрттөдү деп аялды тепкилеген топ кийин таш менен уруп, тирүүлөй өрттөп, сөөгүн Кабул дарыясына ыргытып жиберген.

Кабулда жаалданган топ Куранды өрттөдү деп 27 жаштагы аялды тепкилеп өлтүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Жүрөктүн үшүн алган окуя чак түштө "Шохи душамшера" мечитинин жанында, полиция кызматкерлеринин көз алдында болгон.

Полициянын бейкапар карап турганы жана күнөөлүүлөр дароо жазаланбаганы коомчулуктагы нааразылыктын тутанышына себеп болду. Укук коргоочу, “Тилектештик” партиясынын мүчөсү Селай Гафар билдиргендей, полиция аялды коргоо ордуна, көрүүчү катары карап турушкан:

- Бул окуя өкмөт жана полиция өз элин коргой албай турганын же коргоону каалабай турганын көрсөттү.

25-мартта Ооган бийликтеринин жогорку даражалуу өкүлдөрү Фархунда Куранды өрттөбөгөнүн тастыкташты. Ички иштер министрлигинин өкүлү, генерал Зохир Зохир бул окуя боюнча 30дай киши камалганын айтты. Жыйырмадай полиция кызматкери ишинен бошотулду. Ошондой эле министрликтин маалымат катчысы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында кордук көрсөткөн топту колдорун жазганы үчүн кызматынан четтетилди.

Фархунданын өлүмү саясий топтордун, диний ишмерлердин жана укук коргоочулардын башын бириктирди. Салтка карабастан, аялдар укугун коргоо менен алектенген активисттер Фархунданы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, сөөгүн өздөрү көтөрүп чыгышты. Алар ошол күндөн тарта өлкөдө ар кандай митинг, демонстрацияларды уюштуруп келишет.

Ооганстандын активист аялдары Фархунданын сөөгүн көтөрүп баратышат
Ооганстандын активист аялдары Фархунданын сөөгүн көтөрүп баратышат

Ооганстандагы “Тилектештик” партиясы, “Жашылдар” кыймылы жана “Ооганстан -1400” коомдук саясий жаштар уюму да бул акцияларды колдошууда.

26-мартта Фархунда мерт кеткен мечитте чогулган диний аалымдар бул окуя исламга туура келбей турганын айтып, сынга алышты. 27-мартта жума намаздан кийин ошол эле мечиттин алдында запкыдан набыт болгон Фархунданы эскерүү иш-чарасы өтмөй болду. “Тилектешик” партиясынын мүчөсү Селай Гафар:

- Биз аялдардын көкүрөктөрүн тилип кеткенин, 6-12 жаштагы секелек кыздарды молдолор зордуктаганын, кыздардын бетине кислота чачылганын көрдүк. Элдин чыдамы өз чегине жетти. Жетишет!

Фархунданын өлүмү бардык социалдык медиаларда да чоң талкуу жаратты. Митингдин уюштуруучулары бул окуядан кийин Ооганстанда аялдардун укугуна карата көз караш өзгөрөт деп үмүттөнүшөт.

"Жашылдар" кыймылынын башчысы Амрулла Салех өзүнүн Твиттердеги баракчасына “Фархунда мыйзамсыздыкка жана адилетсиздикке каршы күрөшүүнүн иконасы болуп калгандай” деп жазды.

Фархунданын үй-бүлөсү учурда аза күтүп, маалымат каражаттары менен байланышууну каалабай турушат.

Анын иниси Нажиб "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматына берген маегинде "Фархунда менин эжем эле, эми ал баарынын эжеси жана карындашы" деп айтты.

Ооганстанда Фархунданын өлүмү коомчулукту козгоду
Ооганстанда Фархунданын өлүмү коомчулукту козгоду

XS
SM
MD
LG