Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Сирияга барып келген кыргызстандык 13 жылга камалды


Жалал-Абад шаарынын тургуну Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени үчүн 13 жылга камалды.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 33 жаштагы Илхамжан Алимжанов быйыл февралда Орусияга кетип, андан ары Түркия аркылуу Сирияга барганы аныкталган. Ал жакта «Катибати имам – Ал Бухари» террордук тобуна кошулуп, Лирамон, Идлиб, Кафар Хамра жана Урум шаарларында жоочулардын катарында согушкан.

Кыргызстанга кайра келгенде кармалып, быйыл 30-сентябрда Жалал-Абад шаардык соту аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимге нааразы болуп анын адвокаты облустук сотко арыз жолдогон. Бирок арыз канааттандырылбай, мурунку чечим күчүндө калды.

Кылмышка айыпталган жарандын үч баласы бар.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия жана Иракта террордук топтордун катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 600дүн тегерегинде. Алардын жүз чамалуусу мерт кетти. (SE)

XS
SM
MD
LG