Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

12 борбор азиялык экстремизмге шектелүүдө


ФСБ 26-апрелде кечинде Калининград шаарында террордук топко тиешеси бар делген 12 борбор азиялык кармалганын маалымдады.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) аймактагы башкармалыгы кармалгандар “Ислам жихадчылары” террордук тобунун мүчөлөрү болушканын ырастайт.

Күч түзүмдөрүнүн биргелешип өткөргөн операциясында “Ислам жихадчылары – Можахед жамааты” террордук уюмунун мүчөсү делген 12 киши кармалды. Топтун башчысы делген 32 жаштагы шектүү өзү жана туугандары террордук уюмга байланышы бар экенин мойнуна алганын маалымдайт коопсуздук кызматы.

Федералдык коопсуздук кызматынын Калининград облусундагы башкармалыгынын өкүлү Наталья Панюшкина:

- Федералдык коопсуздук кызматынын Калининград облусундагы кызматкерлеринин операциясынын жыйынтыгында “Ислам жихадчылары – Можахед жамааты” эл аралык террордук уюмга мүчө болгон Борбор Азиядан чыккан 12 киши кармалды.

Кармалгандар бул уюмга согушкерлерди үндөө менен алектенип келишкен деп жоромолдонууда. Топтун башчысы делген жаран экстремизмге айыпталып Өзбекстан күч органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Кармалгандардын кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөндөрүн өз өлкөсүнө кайтаруу пландалып жатат.

Жергиликтүү телеканалдар коопсуздук кызматынын кармоо учурундагы тасмасын көрсөтүп, шектүүлөр “Ислам жихадчылары” уюмунун Калининграддагы уюгу экенин айтууда. Колго түшкөндөрдүн айрымдарынын аскер тажрыйбасы бар экени дагы маалымдалды.

Күч органдарынын кармоо операциясы шаардын борборундагы эки даректеги кабат үйдө жүргүзүлгөн. Кармалган борбор азиялыктар Калининградда төрт жылдан бери жашап, негизинен курулушта иштешкени айтылууда. Орусиялык телеканалдардын бирине күч органдарынан “Ислам жихадчылары” уюмунун согушкерлери чет жактагы экстремисттик топтордон атайын даярдыктан өтүп келишет деп билдирген. Алар Жакынкы Чыгыштагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү светтик режимди кулатуу максатын көздөшкөнү кабарланды.

Польша менен Литванын ортосунда жайгашкан Калининград шаарында Орусиянын Балтика флоту жайгашкан аскерий мааниси жогору аймак катары саналат.

“Ислам жихадчылары – Можахед жамааты” уюму 2006-жылы Орусияда Жогорку Сот тарабынан террордук деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Ушул эле күнү ФСБ "Ислам мамлекети" радикал уюмунун эки ыктымал тарапташын Түштүк Сахалин шаарында камакка алганын маалымдаган. Алардын бири Борбор Азиядан экени кабарланды.

Акыркы бир ай ичинде орус күч кызматтары ондон ашуун борбор азиялыкты өлкө аймагында террордук ишмердүүлүк жүргүзгөн деген шек менен кармап жатат.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы 15 адамдын өмүрүн алган жардыруу боюнча кармалгандардын көбү борбор азиялыктар экени буга чейин кабарланган. Орусиянын расмий органдары метродо өзүн жардырды делген адамды Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG