Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Орусия: бала асыроонун "саясий" мааниси


Орусия жетим балдардын саны боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде алдыңкы орундарда турат
Орусия жетим балдардын саны боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде алдыңкы орундарда турат

Бириккен улуттар уюмунун Балдар кору – ЮНИСЕФ – орус бийликтерине кайрылып, мыйзам чыгаруу ишинде балдардын кызыкчылыгын эске алууну суранды. 26-декабрда Орусияда парламенттин жогорку палатасы – Федерация кеңеши – америкалыктарга орус балдарын асырап алууга тыйуу салган мыйзам долбоорун бир добуштан колдогон.

Орусия муну АКШда Сенат “Магнитский актысын” кабыл алганына жооп деп атаган болчу. Оппозиция азыр орус бийликтерин “балдарды саясий инструмент катары колдонуп жатышат” деп айыптап жатат.

Путиндин бул маселе боюнча позициясы белгилүү. 20-декабрда маалымат жыйынында президент орус депутаттарынын демилгесин колдогон.

"Депутаттардын жообу эмоционалдуу болгонун түшүнүп турам, бирок ал адекваттуу, туура жооп", - деген эле ал.

Президент эмне үчүн муну туура дегенин кеңирирээк түшүндүрдү. "Бизге америкалыктар кандай проблемаларыбыз бар экенин көрсөтүп жатышат. Рахмат! Биз деле аны билебиз. Бирок анын негизинде Орусияга каршы мыйзам кабыл алуу – такыр акылга сыйбаган нерсе! Биз буга аларды түрткөн жокпуз", - деген Путин.

Мамлекет башчысы да, ага чейин премьер-министр Дмитрий Медведев да “Орусияда жетим балдарды орус жарандары өздөрү багып алышы керек, мамлекет бул үчүн аларга жардам берүүгө милдеттүү” деген ойду айтышкан.

Федерация кеңешиндеги добуш берүүдө бир да сенатор талаштуу мыйзамга "каршы" добуш берген жок, 26-декабрь, 2012
Федерация кеңешиндеги добуш берүүдө бир да сенатор талаштуу мыйзамга "каршы" добуш берген жок, 26-декабрь, 2012
"Бизди башка өнүккөн экономикалар менен салыштырганда, бизде жетимдер аябагандай эле көп. Ошондуктан аларды чет өлкөлүктөр багып алышат. Эмне үчүн балдарыбызды өзүбүз багып албайбыз?, - деди 19-декабрда бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кезектеги жыйынында Медведев. - Биз баарыбыз бул проблеманы биргеликте чечишибиз керек. Азыр коомубуз дурус эле бутуна туруп калды. Мамлекетте акча да жетишет. Биздин адамдар да балдарды багып алганга, аларга жардам бергенге даяр".

Премьер-министр өзүнүн партиясына бул боюнча атайын долбоор иштеп чыгууну да буйруду. ЮНИСЕФ соңку билдирүүсүндө орус өкмөт башчысынын идеясын колдой турганын, Орусия балдарды социалдык коргоого алуу боюнча өзүнүн системасын иштеп чыгышы зарыл экенин айтты.

Эки ысым

Орусияда Дима Яковлевдин ысмы менен аталып жаткан мыйзамды Мамлекеттик Думанын депутаттары АКШдагы “Магнитский актысына” жооп катары сунуш кылышкан. Кийин Мамдума мыйзамды үч окулушунда тең жактырды. Дима Яковлев деген орусиялык эки жаштагы жетим баланы 2008-жылы америкалык үй-бүлө асырап алган болчу. Бирок аны атасы аптапта машинесинде калтырган бойдон бир нече саатка унутуп калып, бала ысыктан чарчап калган болчу.

Америкалыктарга орус балдарын асырап алууга жол бербеш керек деген чакырыктар ошондон тарта күчөгөнүнө карабай, бул чакырык мыйзам менен бекитилишине жакында АКШда Сенат “Магнитский актысын” кабыл алышы себеп болду.

Орусиялык аудитор Сергей Магнитский айрым компаниялардагы коррупциялык, акча уурдоо схемаларын ачкан. 2009-жылы күзүндө түрмөдөгү табышмактуу жагдайларда көз жумган юристтин өлүмү дүйнөдө кызуу талаш-тартыштарды жаратып, АКШ Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн делген чиновниктерге жазаналарды караган “Магнитский актысын” кабыл алды.

"Жаңылыш позиция"

Азыр эми Орусияда ошол актыга жооп иретинде америкалыктарга бала асыроого тыюу салган мыйзамдын демилгечилери “Америкалык сенаторлор соттун чечимин укпай эле, өз алдынча Магнитскийдин өлүмү үчүн ким күнөөлүү экенин аныктай беришет экен” деген таарыныч позицияны карманышууда.

Кечээ Федерация кеңеши “Дима Яковлев” мыйзамын кабыл алгандан кийин кеңештин мүчөсү Руслан Гаттаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: ""Дима Яковлев мыйзамы" көптөгөн эл аралык нормаларды бузган “Магнитский актысына” Орусиянын улуттук жообу десек болот. Бул биздин өлкөнүн ошол актыга карата - эң туура жообу", - деди.

Мыйзам долбоору ошентип орус парламентинин эки паталасында тең толугу менен колдоого алынгандан кийин Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Петер Веласко “Азаттыкка” телефон аркылуу: "1992-жылдан бери америкалыктар Орусиядан 60 миңден ашуун баланы асырап алышты жана алардын үй-бүлөлүк ыңгайлуу, жакшы шарттарда өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Орус парламенти жактырган мыйзам эми көптөгөн балдарды ошол мүмкүнчүлүктөн куру калтырат, - деди. - Орус депутаттары эки өлкө ортосунда бала асыроого байланыштуу ноябрда күчүнө кирген келишимди ишке ашырууну ойлонбой, анын ордуна мындай кадамга барышканы бизди аябай өкүндүрөт. Жаш балдардын тагдырын саясий мааниден кароо – жаңылыш позиция".

Путин АКШга бала бербейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

Эми президент Владимир Путин “Дима Яковлев мыйзамына" кол коюшу үчүн ага эки апта берилет. Федерация кеңешиндеги айрым сенаторлордун ишениминде, мыйзам жаңы жылдын биринчи күнүнөн баштап күчүнө кириши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG