Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Баткен: Көк-Ташта «Салам Кыргызстан» фестивалы өттү


Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында ынтымакты чыңдоого багытталган фестивал өттү.

«Салам, Кыргызстан» деп аталган фестивалга кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Таш-Тумшук, Ак-Татыр жана Самаркандек айылынан мектеп окуучулары катышты. Демилечилер фестивал чек аралаш аймактагы коомчулуктун ынтымагын бекемдөө, мектеп окуучулары арасында достукту чыңдоо максатында уюштурулганын билдиришти.

Иш-чарага Тажикстандын чек арадагы айылдарынын мектеп окуучулары чакырылып, бирок келген жок. Тажик окуучуларынын фестивалга келбегенинин себеби азырынча белгисиз.

Уюштуруучулар мындай иш - чаралар чек аралаш аймакта жашагандардын өз ара мамилелерин чыңдоого түрткү болорун белгилешүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан аймактарда мезгил-мезгили менен куралдуу жаңжалдар чыгып, айрым учурда адам өмүрү кыйылып келет.(JsA)

XS
SM
MD
LG