Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Оштогу калаба дагы бир ирет Фергана өрөөнү региондогу эң бейжай, жаңжал оңой эле тутанып кетиши мүмкүн болгон опурталдуу регион экенин көрсөттү. Эмне үчүн андай?

Ош, Анжиян өңдүү шаарлар орун алган Фергана өрөөнү Борбор Азиядагы калк эң жыш отурушкандан жана опурталдуу делген аймак.

10 млн. эл жашаган өрөөндүн аймагын Кашмир же Нил дельтасынын кеңдиги менен салыштырса болот.

Мультиэтникалык аймактагы жашоо

Кылымдар бою Фергана Борбор Азиядагы какшаткан муздак мөңгү дайрасы, жашыл жайыттар, арчалуу тоолор менен бирге эле адыр-талаа, кең чөлдөрдүн жери катары сакталып келди.

"Фергана жолу", автору Гафур Кадиров
Бирок бүгүн өрөөн чоң калаба, зордук-зобун менен тааныла баштады окшойт...

Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз жана өзбек элдеринин ортосунда чыккан уруштун айынан жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калып, башка жактарга качканы - мунун бир мисалы.

2005-жылы өзбек аскер күчтөрү Анжиянда нааразылык митингине чыккан элге ок атып, кызыл кыргында, ар кайсыл булактардын айтымында, бир нече жүздөн миңге чейин киши өлгөн.

1999-жылы Өзбекстан Ислам Кыймылынын куралчан согушкерлери Өзбекстанга чабуул коюш үчүн Кыргызстандын Баткен облусунда айрым айылдарды басып алышкан. Кийин кыргыз армиясы өзбек жана казак аскерлеринин колдоосу менен аларды сүрүп чыгарган эле.

Кесепетке себеп

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аймагынын айрым бөлүктөрүн камтыган Фергана өрөөнү түрдүү зомбулуктукка толгон аймакка айланышына деги эмне себеп?

Айрымдар буга тээ 1930-жылы Иосиф Сталин аймакта чекти аныктоо боюнча чыгарган буйругун да себеп катары атап жүрүшөт. Ал туштагы карта сызылганда ар бир республикага өрөөндөн өзүнчө жер бөлүнгөн, бирок ал жерде түрдүү этникалык топторго көп жана алар аралашып жашаганы эске алынган эмес.

Жалал-Абад, 19-май, 2010
Анын кесепеттери Советтер Союзу кулаганда сезиле баштады.

Биринчиден, көзкарандысыздыкка ээ болгон үч республикада майда-майда анклавтар же башка улуттардын өкүлдөрү жайгашкан райондор жаралып калганына карабай, улуттук аң-сезим, аны таануу да күч алды.

Экинчиден, колхоздошкон, коллективдешкен агрардык система кыйрап, оордуна жаратылыш байлыктары үчүн атаандаштыкты алып келген абал түзүлүп калды.

Анын кесепети, баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан Тынчтыкты жана Согушту чагылдыруу институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Жон Маклеоддун айтымында, оор болду.

“Мисалы, буга чейин дыйканчылык менен же жайлоодо мал багып жашаган көптөгөн кыргыздар шаар жерлерине көчүүгө аргасыз болушту. Өрөөндө мурдатан эле соода менен машыгып келген өзбектер болсо ири шаарлардын экономикалык турмушуна активдүү кийлигише башташты.

“Кыргызстан эгемендик алгандан тарта элеттик кыргыздар шаар жерлерине көчө башташты. Мунун өзү шаарларда иш орундарында да, базар-дүкөндөрдө да, кичи бизнесте да, иши кылып, баардык иштерде атаандаштык күчөгөнүн билдирет”, - деди Маклеод.

Андан ары социалдык-экономикалык абалдын начарлап кетиши өрөөндүн ишке жарамдуу калкынын ичинде Орусияга, Казакстанга кеткендердин санын көбөйттү.

Оштогу соңку коога-чатак да өлкөдө борбордук бийлик өтө алсыз учурунда орун алганы көпчүлүктү ойго салды. Лондондук аналитик Мэттью Клементс 1990-жылкы “Ош окуялары” да Кыргызстандагы борбордук бийлик аябай алсыз болуп турганда тутанганын айтат.

“СССР ыдырашы алдында түзүлгөн түшүнүксүз жагдайда регион өкмөт тарабынан анча көзөмөлгө алынбай калган, - дейт аналитик. - Мунун өзү кийин орун алган окуялардын тутанып кетишине шарт болду. Ошондогудай эле, азыр да Кыргызстандагы убактылуу өкмөт аймакка учурунда көзөмөл жүргүзө албай калды. Бийлик бул коогалаңдын белгилери 10-июнда эле эми гана көрүнө баштаганда, аны басып кое албады”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG