Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

“КАРА ТЕШИК” ТҮШҮНҮГҮНҮН АВТОРУ ЖОН УИЛЕР ДҮЙНӨ САЛДЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү физиктеринин бири америкалык Жон Уилер 13-апрелде 96 жаш курагында каза болду. Анын кызынын билдиришинче, Уилер өпкөсү сезгенгендиктен улам дүйнө салган. Космостогу “кара тешик” деген терминдин автору катары белгилүү бул физиктин өзөктүк бомбаны иштеп чыгууда да өзгөчө бараaндуу салымы болгон.

Жон Уилер (John Wheeler) 1911-жылы АКШнын Флорида штатында туулган. Анын бала-чагы табияты ажайып жерде токой арасындагы кыштакта дыйкан чарбасында өткөн.

1933-жылы Жон Хопкинс атындагы университетте докторлук диссертация жактап, илимий даражага ээ болгон.

Уилер көп жылдар бою Принстон университетинде сабак берген. Ал татаал кубулуштарды эң жөнөкөй кылып түшүндүрө алган мыкты устат дарсчы болгон. Мунун эң жөнөкөй мисалы - автордун космостогу “кара жыртык” аттуу термини жана анын түшүндүрүлүшү.

Бул термин ар кайсы тилде ар кандай ыкма менен колдонулууда. Кээде оппозициядагы саясатчылар да тигил же бул өкмөттү коррупцияга малынды деп айыптап, акчаны “кара тешикке” куюп жиберди деп сындап калышат. Уилер бул терминди 1967-жылы илимий жыйында алгач айтканын өзү кийинчерээк мындай деп эскерген эле:

- Ал жыйында мен биз билген же күткөн, бирок азырынча көрө албаган көп эле нерселер тууралуу айткам. Анын ичинде кара жыртык деп атай ала турган таш-талкан болгон жылдыз жөнүндө да кеп кылгам.

Көрүнүктүү физик Жон Уилер жыйырманчы кылымдын 30-40-жылдарында өзөктүк физиканын өнүгүшүнө жана өзөктүк бомбаны иштеп чыгууда бараандуу салым кошкон. Кезегинде Уилер даңазалуу Алберт Эйнштейн менен да чогуу иштешип калган эле.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында окумуштуу алгачкы өзөктүк бомбаны иштеп чыгуу боюнча манхэттэндик долбоорго катышкан. Бул долбоор АКШда суутек бомбасын жаратууда олуттуу бурулуш болуп калган.

Жон Уилер өзгөчө дилгир жана ойчул инсан эле. Ал ааламдын акылга сыйгыс кеңири мейкиндиги менен ушунчалык кичинекей космостук бөлүкчөлөрдү айкалыштырып, ааламдын жаралышын түшүнүү үчүн алпурушкан.

Сүрөт bigear.org интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG