Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Дүйнөлүк банктын акыркы билдирүүсүндө ушул жылы өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн экономикасын эмнелер күтөрү өтө кара боектор менен сүрөттөлөт.

Билдирүүгө караганда, каржылык кризис айынан дүйнөдөгү жакырлардын саны 46 миллион адамга өсүп, дүйнөлүк экономика Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки арада биринчи жолу өтө чоң төмөндөөлөргө туш болот.

Дүйнөлүк банктын жаңы билдирүүсү өтө чоң тынчсызданууну каңкуулап турат. Ал беймазалык – “Бүгүнкү күнү Ирландия, Австрияга сымал өнүккөн экономикасы бар өлкөлөр каржылык туңгуюуктун кырында турганда, дүйнөлүк коомчулуктун басымдуу бөлүгү жашаган өнүгүп бараткан өлкөлөр кантет?” деген суроодон келип чыгат.

Билдирүүдө, бул жылы дүйнөлүк сооданын өлчөмү акыркы 80 жылдан берки эң төмөн чекке жетери айтылат. Каржылык кризис алгач АКШны бир топ жабыркатып, эми ал кыйла өнүгүп калган өлкөлөрдү, айрыкча Чыгыш Азия менен Чыгыш Европаны чөгөлөткөнү калганы баяндалат.

Банктын божомолунда, дүйнөлүк өнөр-жай өндүрүшү 2008-жылга караганда 15 пайызга төмөндөйт.

Андыктан кредиттер, инвестициялар жана соода солгундап, өзгөчө өнүгүп бараткан өлкөлөргө кыйын болот. Эл аралык инвесторлор болсо АКШ казынасынын баалуу кагаздарына жана доллардын айланасында гана корголоп калары болжонот.

Абалдан чыгуу үчүн өнүгүп бараткан өлкөлөргө бери дегенде 270 миллиарддан 700 миллиард долларга чейин каражат керек болору белгиленет.
Эң эле начар абалдагыларга эң эле оор болот. Роберт Зеллик


Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик мындай дейт:

- Экспорттун төмөндөп кетиши каражылоонун буулуп калганы сыңары инвестицияны да азайтат. Өсүштүн төмөндөшү менен каржылык абалдын начарлоосунан улам ишкерлер банктар менен кызматташуусун токтотуп, банктарда курч кырдаал пайда болот. Боло жүргөндөй, эң эле начар абалдагыларга эң эле оор болот.

Андан тышкары билдирүүдө, өнүгүп бараткан 116 өлкөнүн ичинен токсон төртүнүн экономикасында төмөндөө болгону, 43 мамлекетте жакырчылык көбөйгөнү, анын айынан 46 миллион адам ушул жылы жакырчылыкка дуушар болору айтылат.

Дүйнөлүк банктын ырастоосунда, мындай абалдагы өлкөлөр сөзсүз чет элдик жардамга муктаж. Банк өзү өнүгүп бараткан өлкөлөргө болгон жардамын быйыл үч эсеге көбөйтүп, бул жылы 35 миллиард долларга жеткирмекчи.

Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, каржылык кризиси өткөн жылы эле 50 триллион доллар өлчөмүндөгү каржылык активдерди мойсоп кеткен. Анын ичинде 9,6 триллион доллар өлчөмүндөгү жоготуу Азияга өлкөлөрүнө таандык.

Мындай божомолдор жылдын кыйла каардуу болорун каңкуулап, жума соңунда Лондондо өтө турган чоң жыйырмалыктын (G20) каржы министрлери жыйынына кулак кагыш болуп калды. Министрлер жума соңунда Лондондо кризис менен күрөшүү үчүн Эл аралык валюта корун каржылоону 500 миллиард долларга чейин көтөрүү маселесин сүйлөшүшмөкчү.
XS
SM
MD
LG