Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Салянова: бийлик референдумга каршы чыккандарды куугунтукка алды


Аида Салянова УКМК алдындагы митингде сөз сүйлөп жатат. 24-февраль, 2017-жыл.
Аида Салянова УКМК алдындагы митингде сөз сүйлөп жатат. 24-февраль, 2017-жыл.

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова Бишкектеги УКМК алдында өтүп жаткан Шыкмаматовду колдоо жыйынында билдирди. Ал Шыкмаматов бийликтин мыйзамсыз иштерин ачык айтканы үчүн куугунтукталып, ага кылмыш иши козголгонун белгиледи. Мындан тышкары, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршы чыккан эл өкүлдөрүнө иш козголуп жатканын айтты:

- Референдумдун алдында коомчулукта чоң талкуу болуп, эл өтө нааразы болду. Бирок парламентте бир нече гана депутат ачык каршы чыкканбыз. Ошолордун артынан акырындык менен чоң саясий куугунтук башталып отурат. Эми кезек Алмамбет Насыркановичке келди.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов учурда Улуттук коопсуздук комитетинде саат 10дон бери сурак берүүдө. Башкы прокуратура ага 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат.

Шыкмаматов 22-февралга суракка чакырылып, бирок адвокаты бош эместигине байланыштуу бүгүнкүгө которулган.

Буга байланыштуу жарандык активисттер, Шыкмаматовдун тарапкерлери, партиялаштары УКМК алдында митинг өткөрүшүп, мамлекеттик маалымат каржаттары аркылуу оппозицияны бир беткей каралоону, саясий оппоненттерди куугунтуктоону жана сөз эркиндигин кысууну токтотууну талап кылууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары УКМК сурактан кийин Шыкмаматовду камап коюшу ыктымал деп кооптонуп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG