Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Моуриньо: ФИФА добуштарды бурмалаган


Жозе Моуриньо жылдын эң мыкты машыктыруучусун тандаганда ФИФА бурмалоолорго жол берген деп сындады. France Football журналынын рейтинги көрсөтөкөндөй, айына 141 миң евро алган Дэвид Бэкхем эң көп киреше тапкан футболисттер тизмесинин биринчи сабына жайгашты.

22-23-март күндөрү 2014-жылкы Дүйнө чемпионатына иргеп алуу матчтары өтмөкчү. Турнирге 53 өлкөнүн улуттук ассоциациалары катышууда. Алар 2011-жылдын июль айына карата рейтингге жараша өткөрүлгөн чүчү кулакта 9 топко бөлүнгөн.

Бразилияда өтө турган Дүйнө чемпионатында топтун дарбазага кирип-кирбегенин аныктаган жабдыктар коюлмакчы. Ага чейин бул технология ушул жайда кайра эле Бразилияда Конфедерациялар кубогу үчүн мелдештер учурунда сыноодон өткөрүлөт. Бул тууралуу билдирген ФИФАнын төрагасы Зепп Блаттер УЕФАнын жетекчиси Мишель Платини андай жабдыктардын орнотулушуна каршы болуп атканын айтты. Испаниялык спорт журналына берген интервьюда Блаттер “федерациялар, лигалар, арбитрлер менен футболисттердин бардыгы бул идеяны жактаганы менен, жалгыз Платини каршы болууда” деп сындады.

Бирок технологиялык прогресстин жетишкендиктерин бары бир пайдаланыбыз, - деп ишендирген төрага көрүнбөй калган голдор судьяларды өмүр бою коштоп келген каталары болуп эсептелет деди.

Топтун дарбаза сызыгынан өтүп, бирок арбитр аны эсептебей койгон учурларды футболисттер да, күйөрмандар да эң чоң адилетсиздик катары сыпатташат.
Акыркы мисалдардан алсак, былтыр Европа биринчилигинде Англия менен Украина беттешкенде англиялык Жон Терри топту дарбазанын ичинен тээп чыгарган. Дарбазанын артында да бир судья турганы менен, гол саналбай калган. Матчтын арбитри венгриялык Виктор Кашшаи ошондон кийин турнирдин аягына чейин четтетилген.

Англия демекчи, 33 жаштагы Майкл Оуэн ушул сезондон кийин футболдук карьерасын аяктаарын жарыялады. 1996-2004-жылдар “Ливерпулда” ойногон Оуэн 2001-жылы Алтын топ сыйлыгын жеңген.

Аны “Ливерпулдан” тышкары “Реал” Мадрид, “Манчестер Юнайтед”, “Ньюкэстл” өңдүү алдыңкы клубдардын катарында көрсө болот эле.

Азыр болсо Премьер Лигада 11-орунда турган “Стоук Сити” клубу үчүн ойнойт.
Англия курама командасында 1998-жылдан бери 89 матч өткөргөн футболист 40 гол киргизген. 2004-жылга чейин жылдызы жанып турган Оуэн андан кийин жаракаттарга туш болуп, көбүнчө запаста отуруп калган.

“Special One” деген атка конгон Жозе Моуриньо жайында “Реал” Мадридден кетет экен деген имиштер көптөн бери айтылып келатат. Португалиянын RTP телеканалына берген акыркы интервьюсунда ал жаңы контрактка кол коё электигин тастыктады. Акыркы кездерде Моуриньонун “Реал” жетекчилиги менен мамилелери начарлап баратканын маалымат каражаттары көп жазышууда. Ошол эле интервьюда “Special One” 2012-жылдын эң мыкты машыктыруучусун тандоодо ФИФА бурмалоолорго жол берген деп сындай кетти. Моуриньо жыл башында ФИФАнын сыйлыктарын тапшыруу аземине эмне үчүн катышпаганын түшүндүрүп, эң мыкты машыктыруучу деген наамды Испания улуттук командасынын устаты Висенте дель Боске эмес, ал жеңиши керек эле деп айтты.

“Тандоо жараяны ачык жүргүзүлбөй, бурмалоолор болгон. Көп добуштар саналбай калган. Бир, эки же үч киши чалып, мага добуш беришкенин, бирок жыйынтыктоочу тизмеде ал добуштар башка бирөөнүн пайдасына саналганын айтышты. Андыктан салтанатка барбоону чечкем”, - деди Моуриньо

Телеканал кийин ФИФА менен байланышканда ал жердегилер Моуриньонун дооматын четке кагышты. Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Моуринього 20,49 процент, дель Боскеге 34,51 процент добуш берилген.

Айрымдар ФИФА бурмаласа, анда 2-3 эмес, андан көп добушту бурмалашы керек эле дешет.

Эң мыкты машыктыруучу деп аталбаса да, Моуриньо 2013-жылы да эң көп киреше тапкан машыктыруучулардын тизмесинин биринчи сабына жайгашты. Ал 4 жылдан бери тизмени баштап келатат. Андан кийин италиялык эки машыктыруучу – Карло Анчелотти менен Марчелоо Липпи турат. Рейтингди түзгөн France Football журналы Дэвид Бэкхем Лионел Мессинин 3 жылдан берки “экономикалык гегемониясына” чекит койгонун жазат. Бэкхем болсо 15 жылда ушуну менен 6-жолу эң көп акча алган футболист болуп калды.

Paris Saint Germain клубунун оюнчусу айына 141 миң евродон тышкары бонустарды алат. Бирок футболдон түшкөн акча “Spice Boy” деп аташкан медиа жылдыздын жалпы байлыгынын 10 процентин гана түзөт. Мессиден кийин үчүнчү орунда Криштиан Роналду жайгашкан.
XS
SM
MD
LG